14-январда Лос-Анжелес-Шанхай багытына сапар алган Boeing 777 учагы аэропортко 24 чакырым алыстыкта жайгашкан Кадахи шаарына керосин чачып өттү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка таянсак, учактын кыймылдаткычы иштебей, мындан улам күтүүсүз шашылыш конууга аргасыз болгон. Экипаж мүчөлөрү конорго жакын запастагы керосинди төгүп салууну чечишкен. Жыйынтыгында дал ошол убакта танаписке чыккан бир нече мектептин окуучулары жана жергиликтүү калк жабыр тарткан. Жабырлануучулардын териси кычышып, дем алуулары начарлаганы билинип, медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Дамира Арстанова
koom@super.kg