«КОРЕЙ ТОЛКУНУНДА» ЧОҢОЙГОН КЫТАЙ КЫЗЫ БАЙ ЛУ

Кытай кинематографиясы дегенде сиздин оюңузга алгач кайсы тасмалар келет? Мага ушул суроону берсеңиз белгилүү кытай актёрлору Чоу Юньфат, Жеки Чан, Жет Ли же актриса Чжан Цзыи катышкан тасмаларды эле айтып бермекмин. Чынында жогорудагы таланттардын баары «динозавр» актёрлордун катарына кирет эмеспи. Жаштардан кимди тааныйсыз? Эми мага бул суроону берсеңиз, «смело» Сюй Кай жана Бай Лу деп жооп берем. Эгер сериал сүйүүчүлөрдүн катарына кирсеңиз, сиз дагы бул актёрлорду тааныйсыз. Анткени экөө 2019-жылдын популярдуу сериалдарынын бири болгон «Аскер академиясынын арсеналы» сериалына тартылышкан. Бул ирет таланттуу жаш кытай актрисасы Бай Лу тууралуу маалымат берели деп чечтик.

Аты-жөнү
– Бай Мэн Янь

Псевдоними – Бай Лу

Туулган жери – Кытай, Чанчжоу шаары

Туулган жылы – 1994-жыл, 23-сентябрь

Бою – 165 сантиметр

Салмагы – 47 килограмм

Агенттиги – Huanyu Film

Кесиби – Актриса, модель

Тартылган белгилүү тасмалары – «Падыша болуу оор», «Кол жеткис сүйүү», «Легендалар», «Аскер академиясынын арсеналы», «Чжао Гэ» жана башка.

ЧЫГАРМАЧЫЛЫККА ИЙГИЛИКСИЗ КАДАМ

Кытайдын Цзянсу провинциясынын Чанчжоу шаарында жумушчулардын үй-бүлөсүндө жарыкка келген Бай Мэн Янь эс тартканы «корей толкунуна» туш келген. Телефонунда жаңырган k-рор музыкасы, телевизордон көргөн корей дорамалары аны да бул толкундун шары менен алып кеткен. Бай Мэн Янь ырчы же актриса болом, Түштүк Кореяны багындырам деп алдына максат коёт да, алгач эле аты кыска, уккулуктуу болуш үчүн Бай Лу деп өзгөртүп алат. Андан кийинки кадам үчүн 2012-жылы апасын ээрчитип алып Шанхайга барат. Ал жакта Түштүк Кореядагы белгилүү таланттарды таптап чыгарган «SM Entertainment» агенттиги жаш таланттарга сынак уюштуруп жаткан болчу. Бирок артист болом деп белсенип турган Бай Лунун тилеги ишке ашпай, музыкалык сынактан өтпөй калган.

ОРУНДАЛГАН КЫЯЛ

Жакындарыңдын колдоосу канчалык дем берерин баарыбыз эле билсек керек. Бай Лунун жакындары да ага ар тараптан колдоо көрсөтүп, кызыктуу видео роликтерди тартканга жардамдашып турушкан. Татынакай кызга алгач моделдик агенттиктер көңүл буруп, Бай Лунун чыгармачылыгы жарнамалык роликтерге модель болуп тартылуу менен башталат. Ал эми актриса катары 2015-жылы кыска метраждуу тасмага тартылат. 2016-жылы «Yu Zheng Huanyu Film» агенттиги менен келишим түзүп, катарынан фантастика жанрындагы «Падыша болуу оор» жана «Маймылдар падышасы: Сулуулуктун жери» аттуу эки сериалга тартылат.

Бай Луга чыныгы актрисалык атак 2018-жылы келген. «Кол жеткис сүйүү» тарыхый сериалында эки адамдын ролун ойногон Бай Лу балалыктагы кыялына жетип, анын бир гана Кытайда эмес, Япония, Түштүк Кореяда да популярдуулугу арткан. Рейтинги жогору болгон сериалдагы ролу үчүн Бай Лу жеңишке жетпесе да, «Мыкты жаңы актриса» номинациясына көрсөтүлгөн.

АЗИЯГА ТААНЫТКАН «АСКЕР АКАДЕМИЯСЫНЫН АРСЕНАЛЫ»

Былтыркы 2019-жыл да Бай Лу үчүн жемиштүү болду. «Легендалар» сериалында Бай Лунун ролун кино сынчылар жогору баалашты. Түрдүү образды ачууга аракет кылган актрисага чачын кыска кестирип, макияжы жок эркектин ролун аткаруу сунушу түшөрү менен ал макул болгон. Ырас эле макул болуптур, анткени «Аскер академиясынын арсеналы» тарыхый сериалы бүтүндөй Азияга популярдуу болду. Анда тартылган актёр-актрисалардын чыгармачылыктагы аброю, популярдуулугу артты.

СЮЙ КАЙ МЕНЕН 5-ТАСМАГА ЧОГУУ ТАРТЫЛЫП ЖАТАТ

Бай Лу менен актёр Сюй Кайды «түгөй» кылган имиштер «Легендалар» сериалынан кийин башталган. «Сүйүшкөндөрдүн образын, алардын ортосундагы химияны жеткиликтүү ачып беришти. Экөө бири-бирине жарашкан түгөйлөр экен» деген кептер басыла электе аталган сериалдын продюсери Юй Чжэн аларды кийинки сериалда да өнөктөш болгон ролдорго чакырган. Ал сериал «Аскер академиясынын арсеналы» эле. Бул сериалдан кийин папарацци эки артисттин баскан-турганына катуу көзөмөл жүргүзүшкөн. «Сюй Кай Бай Лунун батирине келип кетти», «Экөө тамактанганы барышты», «Тартуу учурунда Бай Лу Сюй Кайга тийишти» деген сыяктуу кептер шоу басылмаларынын негизги темасына айланган. Баса, Бай Лу менен Сюй Кай жогорудагы сериалдарга чейин да 2 тасмага чогуу тартылышкан, бирок анда экинчи пландагы ролдордо болгону үчүн анча байкалышкан эмес.

2020-жылга продюсер жана сценарист Юй Чжэнден кайрадан «сюрприз». «Императордун ашканасы» тарыхый сериалында кайрадан Сюй Кай менен Бай Лу башкы каармандардын, болгондо да сүйүшкөндөрдүн ролун аткарышат. Тандоого макул эмес адамдарга продюсер «бул эки артистти өздөрү эмес, мен коштум. Мени урушасыңарбы, тилдейсиңерби, өз ишиңер. А тасмага актёрлорду тандоо менин ишим. Көрөсүңөр го, сериал чыкканда кайрадан жогорку рейтинг бизде болот» деген.

Асыл Орозбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 899, 23-29-январь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан