ПРОСТАТИТТЕН КАНТИП ДАРЫЛАНУУГА БОЛОТ?

ПРОСТАТИТТЕН КАНТИП ДАРЫЛАНУУГА БОЛОТ?
– Мен учурда простатиттен азаптанып жүрөм. Ошондуктан, үйдөн колдон оңой эле жасап алууга боло турган дарылар бар болсо аларды кантип жасап, канча өлчөмдө ичүү керек экендигин айтып берип коёсуздарбы? Капаш, Токтогул.
Эркектин жыныс бези сезгенгенде (простатит болгондо) төмөндөгүдөй элдик медициналык ыкмалар менен дарыланууга болот:

1. Жарым чай кашык кадимки эле бакчада өскөн петрушканын уругуна 2 стакан кайнатылып, муздатылган сууну куюп, 8-10 саатка чейин тундуруп коюу керек. Анан 3 катар дакиден сүзүп алып, 3 аш кашыктан күнүнө 3 маал тамак ичээрге 30 мүнөт калганда ичүү зарыл. Дарылануу курсу бир ай.
2. Жаңгактын кургатылган жалбырагын улпактай майдалап алуу кажет. Анан 2 аш кашык майдаланган жалбыракты термоско салып алуу керек. Эми үстүнө 0,5 литр кайнаган ысык суу куюлуп, бир саатка демделет. Анан дакиден сүзүп алып, күнүнө 3 маал тамак ичээрге 30 мүнөт калганда бир аш кашык менен ичүү туура. Муну туура бир ай ичүү керектелет. Анан 10 күн эс алып, кайра 10 күн ичүү кажет. Ушундай дарылануу курсун 3 жолу кайталоо зарыл. Анан 2 ай толук эс алып, кайра дарылануу курсун 3 ирет кайталоо туура. Болгону, жаңгактын жалбырагын май же июнь айынын ортосуна чейин гана чогултуп, көлөкөдө кургатып алууга жетишүү зарыл.
3. Жарым литрлик банканын төрттөн үч бөлүгүнө чейин (4/3) жаңгактын данегин бөлүп туруучу ичке, жука кабыкчасы (жаргакчасын) салынат. Анан банка толгонго чейин аракты куюп, 2 жумага чейин тыныктырылат. Эми дакиден өткөзүп сүзүп алып, күнүнө бир чай кашыктан эртең менен, кечинде ачкарын ичүү зарыл. Ошентип, банкадагы жаңгактын ширесин түгөтүп ичип бүтүү керектелет.
4. 200 грамм кадимки эле байтеректин кургатылган кабыгын майдалап туруп банкага салып, үстүнө 0,5 литр арак куюу керек. Бир жумага чейин ширеси чыккыча сактоо талапка ылайык. Анан дакиден сүзүп алуу кажет. Күнүнө 3 маал тамактан 30 мүнөт мурда 20 тамчыдан, 15-20 миллилитр аракка кошуп туруп 3 ай тынбай ичүү керек. Шире түгөнүп калса, кайра-кайра жасай берүү кажет. Бул эркектин жыныс бези берч болуп калганда (аденомого айланып) да жакшы жардам берет. Болгону, байтеректин кабыгын жазда эмес, июнь айынын этегинде кабыгы ширеге толуп турган кезде сыйырып алып кургаткан туура. Эскертип кетүүчү нерсе, аталган ыкмадагы дарыны уйку бези сезгенгендерге (панкреатит), кант диабети барларга жана аракечтерге ичүүгө болбойт.

Мени жыттар дүүлүктүрөт...
Мен жыныстык жактан кошулаарда аялымды эркелетүү менен кошо бутун жана ал кийип жүргөн колготкисин жыттагым келе берет. Минтүү мени аябай дүүлүктүрөт, бирок, аялым “сенин мындай адатың оору болушу мүмкүн, текшерил” дей берет. Менде чындап оору барбы? Эмил, Карабуура.
– Сизде эч кандай оору жок. Төшөктө ар бир адамды ар кандай жыт дүүлүктүрөт. Көбүнчө бир жытты жакшы көрүп калууда алгачкы нике түнүндөгү же өзгөчө романтикалуу кошулуу кезиндеги жыттар ролду ойнойт. Мисалы, бирөөлөр ошол түндөгү аялынын атырынын жытынан башы тумандап, кийин да ал жытты жыттаганда эле дүүлүгө баштайт. Эми сиз жубайыңызга бул тууралуу айтып түшүндүрүңүз да, төшөктө эркин дүүлүгүүгө жете бериңиз.

“Алигини” бир күндө канча жолу жууш керек?
– Жыныс мүчөнү кантип күтүү керек? Тагыраак айтканда эң жөнөкөй гигиеналык эрежелери кандай? “Алигини” бат-баттан толук жууш керекпи же башын эле жууп койсо болобу? Жууганда самындаш керекпи? Жеки, Атбашы.
– Өспүрүмдөр үчүн жыныс мүчөнү эртең менен жана кечинде жылуу суу менен жуу талапка ылайыктуу. Самын менен чаң жерде жүргөндө, чаңда иштегенде гана жууган туура. Анткени, самын “алигинин” башынын терисин кургатып жиберет. Эгер мүмкүн болсо, ар бир заара ушаткан сайын “алигини” жууп турса ашыкча болбойт.

Велосипед тепсе жыныс кыны кичирейеби?
– Мен секс менен көп алагдыланам. Ошондуктан, жыныс кыным чоңоюп кетти. Эми шеригим менден рахат албай калат го деп сарсанаага түшүп жатам. Эмне кылуу керек деп тааныштарымдан сурасам, “велосипед тепсең жыныс кының кичирейет” дешүүдө. Чындап эле велосипед жардам береби? Сака, Ташкөмүр.
Секс менен көп алагдылануу жыныс кынын чоңойтуп жибербейт. Мында кептин баары булчуңдардын жакшы иштебегенинде. Булчуңдар чымыр болуп, жыныс кыны кичинекей өлчөмдө болуп туруусу үчүн көнүгүүлөрдү жасоо талап кылынат. Мисалы, курбуларыңыз айткан велосипед тебүүнү түз мааниде кабыл албай, велосипед тебүүнү чагылдырган көнү­гүү­нү жасаганыңыз оң. Ал үчүн чалкадан жатып, бутту өйдө көтөрүп велосипед тепкендей кыймылдарды жасоо керек.

Мурутумду терип туура эмес кылдымбы?
Менин эринимдин үстүндө өңү каралжын тарткан түк бар болчу. Аларды мен искек менен терип салдым эле, ордуна кайра капкара болгон түктөр өсүп калды. Эми “эмне кылсам?” деп баш катырып жатам. Муруттан кантип кутулсам болот? Эка, Сокулук.
– Аябай эле тынчсыздануунун кереги жок. Көптөгөн кыз-келиндердин эрдинин үстүндө түктөрү бар жана бул кадимкидей көрүнүш катары кабыл алынат. Ал эми түктөрдү терип салгандан кийин өңүнүн өзгөргөнү – болгону, сенин бойго жеткениң. Бирок, айта кетүүчү нерсе, эриндин үстүндөгү түктөрдү эч качан терүүгө жана кырууга болбойт. Андан көрө түктөрдөн арылтуучу атайын кремдерди колдонуу кажет. Эми сиз косметика салонуна кайрылышыңыз керек.

Эркекке окшоп баратам...
– Менин турмушка чыкканыма жарым жыл болду. Ушул убакыт ичинде мен эркекке, тагыраак айтканда, күйөөмө окшошуп баратам. Анткени, бутумда, колумда түктөр көп өсүп, күйөөмдүкүнө окшоп тиштеримдин ортосу да ачылып калды. Мүмкүн бул биз презерватив колдонбогонубуздан эмеспи? Сани, Жалалабат.
– Сиздин түктүү болуп жана тиштериңиздин ачылып баратканына күйөөңүздүн жана презервативдин эч кандай тиешеси жок. Түктүү болуп баратканыңыз организмиңиз тестостеронду (эркек гормондор) көбүрөөк иштеп чыгара баштагандан болушу мүмкүн. Так диагнозун билүү үчүн гинекологго кайрылууңуз кажет. Ал эми тиштериңиздин абалы күйөөңүздүкүнө окшошуп калганы – дал келүүчүлүк.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Nursultan
2015-08-08 23:36:28
Меники баат эле тушуп калат?
+1
№ 234, 27-апрель-3-май, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан