Динара Багышбаева, актриса: «МЕН ЮМОРСУЗ ЖАШАЙ АЛБАЙМ»

«Юмор – мен үчүн аба сыяктуу. Ансыз жашай албайм» дейт каарманым. Биз аны эң алгач «Тамашоудон» тааныганбыз. Кийин тасмалардан көрө баштадык. Комедиялык тасмалардын жаңы жылдызы Динара Багышбаева кезектеги маектешим. Каарманым тууралуу алдыда кенен кеп кылабыз.

КААРМАН ТУУРАЛУУ:

Аты-жөнү – Динара Багышбаева

Туулган жылы, күнү – 1992-жыл, 26-май

Туулган жери – Ош шаары

Билими – Ош технологиялык университетинин табигый техникалык факультетин аяктаган

Үй-бүлөдө – 2 бир туугандын кичүүсү

Учурда – ОшТУда маданий эстетикалык борбордун директору, актриса

Тартылган тасмалары – «Бунт», «Кайнене», «Супер келиндер», «Кыялкэштер»

Хоббиси – ырдоо, токуу

– Динара, салам! Кепти балалыгыңдан баштагым келип жатат. Бала чагың кайсы жакта өткөн, мектепте кандай окуучу элең?

– Салам. Мен Ош шаарында туулуп-өскөм. Кичинемде жоош кыз болчумун. Мектепке баргандан баштап жайдары, шок кыз болуп чыга келдим. 4-класска чейин начар окудум. Анткени оюнга кызыгып, көчөдө ойноп жүрө берчүмүн. 6-класстан баштап окууга кызыгып 11-класска чейин бир да жолу 3 алган жокмун. 9-класстан баштап мектептин президенти болдум. Коомдук-маданий иш-чараларга активдүү катышчумун.

– Чыгармачыл чөйрөгө качан аралаша баштадың?

– Университетте окуп жүргөндө факультеттер аралык «Тамашоу» болуп калды. Агайларым мени кыйнап эле катыштырып коюшту. Бул чөйрөгө ошондон баштап аралашып калдым. Ал кезде бизден 2 курс өйдө окуган Калыбек, Адилет деген акелер ойногонумду жактырышып, университеттин атынан «Тамашоу» долбооруна катышкан «Южный формат» командасына чакырышты. Ал командада ойногонумду Мурат Жалиев көрүп калып «No name» командасына кошуп алды. Бул команда менен «Тамашоунун» чемпиону болдук. Андан кийин тасмаларга тартыла баштадым.

– Азыр командадагы жигиттер менен катташып турасыңарбы?

– Ооба, чалышып, жазышып, жолугушуп турабыз. Биз 2012-жылдан бери чогуу иштеп жүрүп бир туугандай болуп калдык. Бири-бирибизди көрбөсөк тура албайбыз. Азыр деле бир командабыз.

– Жакшы. Сендей жайдары кыз кандай үй-бүлөдөн чыккан?

– Биздин үй-бүлөдө апам, эжем бар. Мен кичүүсү болгонгобу, эркемин. Үчөөбүз тең тамашакөйбүз, бири-бирибизге тийишип сүйлөйбүз. Балким, кичинекейимден эле ушундай чөйрөдө чоңойгондугумдан улам юмор чөйрөсүндө өзүмдү суудагы балыктай сезсем керек.

– Инстаграмдагы баракчаңды карап отурган адамга сенин жашооң кызыктуудай сезилет. Ошондойбу?

– Инстаграмга вайндарды тартып турам. Алардын баарын эле үйдө болгон окуялардан, өзүмдүн жашоомдон алып тартам же көчөдөн кызыктуу окуя көрсөм, аны юморго айландырып тартып коём. Кудайга шүгүр, жашоом кызыксыз эмес.

– Юмордун жашооңдогу орду кандай?

– Юмор – мен үчүн аба. Юмор бар, мен бармын. Кайгырып жүрө берген адамдардын катарына кошула албайм. Тамашалашып, күлүп-ойноп жүргөндү жакшы көрөм. Юмор жашоомдо биринчи орунда турат. Менин үй-бүлөм да, досторум да, туугандарым да тамашакөй адамдар.

– Тасмада роль жаратуу кыйынбы?

– Актёрлор сценарийде жазылган текст менен ойношу керек да. Мен текст менен чектеле албайм, дайыма сценарийден чыгып кетем. Ортодон импровизация кылып, тамашаларды кошуп, өзүм каалагандай ойноп, өзүм каалаган образды жараткым келет. Буга чейин Сапар Сайназаровдун тасмаларына тартылгам. Ал мага ошондой эркиндик берет. Акыркы жолу Сүйүн Откеевдин "Кыялкэштер" тасмасына тартылдым. Сүйүн байкеден «ойноп жатканда өзүмдүн юморумду кошуп коём. Сураныч, болбойт дебеңиз» десем, макул болду. Бирок колумдан келишинче рамкадан чыкпаганга аракет кылам.

– Тартуу учурунда эсте калган кандай учурлар болду?

– "Кыялкэштерди" тартуу учурунда Акжолтой Канатбек уулунун (ред.: төкмө акын Майра Керим кызынын уулу, төкмө акын. Ал 2019-жылдын 11-ноябрында жол кырсыгынан каза тапкан) дүйнөдөн өтүп кеткени жүрөгүмдү ооруткан окуя болду. Тартуу иштери бүткөнгө чейин бул кайгы мени коё берген жок. Кечээ эле жаныбызда жадырап-жайнап жүргөн кишини жоготуп алуу оор экен. Акжол менен ушул тасманы тартуу учурунда тааныштым. Ушундай кыска убакыттын ичинде ал өзү тууралуу менде аябай жакшы ой калтырды. Ушунчалык жүрөгү таза, жайдары, таланттуу адам эле. Эстесем эле көзүмө жаш тегеренип кетет.

– Бул окуя баарыбызды кайгыртты. Арты кайырлуу болсун! Биз маекти уланталы. Күйөрмандарыңдан кандай суроо көп берилет?

«Качан турмушка чыгасыз?» деп сурашат.

– Эмне деп жооп бересиң?

– Жакшы жигит чыкса, дароо эле тием (күлүп).

– Сүйлөшкөн жигитиң жокпу?

– Эң көп берилген суроо ушул экен. Жигитим жок.

– Анда сендей кыздын жүрөгүнө талапкер жигиттер кандай болушу керек?

– Биринчи кезекте мендей болуп юмор менен жашаган, юморду жакшы түшүнгөн адам болушу керек. Ансыз элестете албайм. Андан кийин туруктуу, ишенимдүү, ыймандуу, иштерман, өз алдынча маселе чече билген жигит болушу керек. Мен жалкоолорду жаман көрөм. Мындан тышкары, албетте, мени сүйүшү керек, мен да аны сүйүшүм керек.

– Юмор эле деп жатасың. Сенде деле депрессия, стресске кабылган учурлар болобу?

– Жашоодо негатив сөзсүз болот. Меникинде да бар. Мени жакшы көргөндөр да, жек көргөндөр да бар. Жек көргөндөр мен тууралуу ар кандай сөздөрдү айтышы мүмкүн. Анан «мен баланчага жакпайт экенмин» деп баарын таштап депрессияга кирип кетпейм да. Чектен ашып жашоомо негатив жараткан адамдарга көңүл бурбайм. Жаман окуяларды жүрөгүмө жакын кабыл албаганга аракет кылам. Анткени мен апама, жакындарыма керекмин. Жыргап эле позитивде жүрө бериш керек. Кээде депрессияга кабылам, бирок ал узакка созулбайт. Анткени, айттым го, өзүм күлкүсүз жашай албайм.

– Эмнени кыялданасың, быйылкы жылга карата алдыңа план койдуңбу?

– Бактылуу жубай, көп балалуу эне болгум келет. Тамашаларым менен элге жакшы маанай тартууласам дейм. Бул жылы саат мынчада ушул ишти жасайм деп план койбойм. Баары өз убактысы менен боло берет.

– Маегиңе рахмат. Кыялың ишке ашсын!

Перизат Музуратбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Tyty1990
2020-01-27 11:27:42
Яман жагасың да мага тирик
+6
Mintip-menu-suybo
2020-01-27 13:22:20
Tyty1990,кулдуросун го ха ха
+1
mamatkerim1968
2020-01-27 17:44:37
Tyty1990,как раз башы бош экен.
+2
ainura220888
2020-01-28 17:45:07
Мага да аябай жагат Динка. Кулкум келип буулуксам инстаграммына кирем. Хахаго:)
0
№ 899, 23-29-январь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан