БЫЧАК МИЗИНДЕГИ ЖАШОО (Тынч жашоосу күтүүсүз бузулуп, Казакстанда оор күндөрдү баштан кечирген жигиттин жашоосу тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Демек, бизди өлтүрүүгө тапшырма болгон, эми мени да жок кылууга аракет кылышат. Биз авария болгондо кишилер көбөйүп кетип, тие алышпады окшойт. Фура эмне болду экен? Адыл агага басым күчөптүр да, демек, тил табыша албаптыр. Арсен туура айткан экен, тирешүү башталыптыр.

Макс, Русик... Кандай жакшы балдар эле... Макс менен жети айдан бери шерик болуп иштешип жүргөм. «Көчөнүн тамагынан тажап деле калгандырсың» деп үйүнө чакырып көп жолу коноктоду. Ата-энеси да жакшы адамдар эле, барганда апасы «дос болуп жүргүлө» деп дасторконун жайнатып, кетерде батасын берип узатчу. Бир жолу жылуу болот деп төөнүн жүнүнөн жасалган одеяло берген. Атасы «аяш энең мага да бербей, сыйлуу конокко деп бекиткенин сага берет» деп күлүп калчу. Алардын уулун жоктоп, ыйлап отургандарын элестетип жүрөгүм жанчылып кетти.

Русик... Шайыр жигит эле, анекдот эле айта берчү. Абдан күлкүлүү анекдотторду билчү, кээде өзүм жалгыз калганда анын айтып бергендери эсиме түшүп күлүп жиберчүмүн. Экөө тең ак көңүл, орус мүнөз, куулук-шумдугу жок балдар эле. Ой тынчтык бербей койду. Шериктерим өлсө, унчукпай кетип калганым туурабы? Анысы аз келгенсип эми бул аксакалды да атып кетишсе эмне болот?

– Аксакал, арттагы Жигули келатабы?

– Келатат.

– Бир аргасын таап, мени түшүрүп коюңуз. Сизге да зыяным тийбесин.

– Ой, балам, сени ооруканага алып барайын, көрүнүшүң керек. Күндүз го, тийише алышпайт алар.

– Аксакал, мен баары бир түшүп калышым керек.

– Кантип түшөсүң?

– Канчалык жакын келатышат?

– Бир жакындап, бир алыстап калышат. Жакын эле.

– Тиги бурулушта бүркүттүн эстелиги бар го, ошол жерден тезирээк түшүп калам. Сиз катуурак айдап кетип калыңыз.

– Сен эмне кыласың?

– Кайра артка барышым керек. Жолдон машине тосом, кабатыр болбоңуз.

– Этият бол анда, тонду кийип ал. Кокус, тигилер тосчу болсо сени жолдон башка машине тосуп, артка кетти дейм.

Жанагы бурулуштан өтүп эле машинадан түшүп, эстеликтин артына жашынууга үлгүрдүм. Аксакал болсо андан ары кетти. Көп өтпөй тиги Жигули көрүндү, катуулап калыптыр, эч ким жок ээн жерде «тынчыталы» дешкен окшойт. Машина «бүркүткө» жыйырма метрдей калганда жолго чуркап Жигулини карай ок аттым. Мындайды күтүшкөн эмес да, айдоочусу рулду башкара албай машина жолдон чыгып барып чоң ташты сүзүп токтоду. Катуу ылдамдыкта келаткандыктан, Жигулинин алды бырчаланып, айнектери талкаланып түтөп кетти. Ичиндегилер каршылык көрсөтсө атам деп даярданып турдум, эч ким чыкпады. Чуркап барсам баары эс-учун билбей сулк жатышат. Баарын атып салайын деп барып, токтоп калдым. Кийин ойлосом ошол маалда өзүмдү жоготуп койгон окшойм, үстүмдө тон, башымда кулакчындары чечилип кеткен тумак, тапанчамды колума кармаган бойдон жолдо чуркап кете бериптирмин. Канча чуркадым билбейм, бир убакта өзүмө келип артты карасам бир Москвич келатыптыр. Тапанчамды көрсөтүп «токто» деп белги кылсам, машина мага он метрдей жетпей токтоду. Машинага отуруп тапанчамды айдоочунун башына такадым:

– Түз айдай бер, мен айткан жерден буруласың.

Айдоочу коркуп, көзү алайып калыптыр:

– Макул, макул.

– Кеттик, айда тез.

Салонуна 3 кой салып алыптыр. Жашы кырктан ашып калган, арык, көздөрү жүлжүйгөн кичине киши экен. Коркконунан роботтой түптүз отуруп айдап баратат, аяп кеттим:

– Коркпо, атпайм. Шарт ушундай болуп калды, мен айткан жерге жеткирип кой да, кете бер.

Айдоочу башын ийкеп койду. Бир жерге жеткенде чакан жолго түшүп, оңго бурулдук. Бул жол ушул аймактагы айылдарга алып барат, беш-алты чакан айыл бар. Алардан өтсөң Алакөлдүн жээгинде чакан бир айыл, андан арыраакта дачалар бар. Дачалар тынч, эл аз жер, эки-үч жолу бирге иштеген балдар менен келип туулган күн белгилеп кеткенбиз. Кышында дээрлик эч ким болбойт. Жааган карды улам шамал учуруп кеткендиктен машинанын изи да калбайт. Дачаларды улгайган бир адам өзү жалгыз карап калат. Андан башка жан адам жок. Эгер менттер издесе, айылдарды кыдырып дачаларга жеткенче бир топ убакыт өтөт, ага чейин бир нерсе ойлоп табарбыз.

Эки саатта дачаларга жетип бардык, артта эч ким көрүнбөйт. Кароолчунун үйү айылдын аркы башында эле, бизди көрмөк эмес.

– Сол жактагы көчөгө буруп айдай бер, жеткенде өзүм айтам.

Мен бара турган үй көчөнүн ортосунда. Ачкычы эшиктин үстүндө эле турат, машинаны көздөн оолак жерге токтотуп, айдоочу экөөбүз үйгө кирип, эшикти ичинен кулпуладым.

– Атың ким?

– Кадыр,- үнү калтырап чыкты.

– Кадыр, коркпо, мен сага тийишпейм. Болгону азырынча ушул жерде боло тур.

– Макул.

– Азыр колу-бутуңду байлайм, туура түшүн, шарт ушундай. Мен бир жерге барышым керек. Азыр мештерди жагам, үй тез эле ысыйт.

Мындай учурда өтө сак болбосоң болбойт. Кадырдын колу-бутун байлап, бир көйнөк таап алып айрып оозун таңып салдым. Жардам сурап кыйкыра албашы керек эле.

Эшикти сыртынан бекитип коюп кароолчунун үйүнө бардым. Эшиги ачык экен, өзү бөлмөдө уктап жатат. Мас окшойт, үйдүн ичи спирт жыттанат. Газ плитадагы казанда эт акырындан кайнап жатыптыр. Дароо баягыда Арсен берген визиткадагы номерге чалдым:

– Алло.

– Арсен, мен Самат.

– Эй, барсыңбы? Каякта жүрөсүң? Уктук эмне болгонун.

– Арсен, убактым аз, көп сүйлөшө албайм. Алакөлдүн жээгинде, Коктума деген айылдын жанында дачалар бар, ошол жердемин. Чыгып кетиштин жолу барбы?

– Өлсөң да койбой тур трубканы, мен кайра келем,- деп бир жакка кетти. Демек, угушуптур да. Арсен беш мүнөттөн кийин келди:

– Самат, сага Ан-2 деген самолёт барат, «Кукурузник» деп коюшат го. Ал кичине эле айыл да.

– Ооба, үч кыска көчө.

– Эртең менен саат жети жарымдарда, жарык түшөрү менен самолёт барып тегиз жерге конот. Көп күтө албайт, тез отуруп учуп кетишиңер керек. Ошого өзүң кара, кайсы жерге коно алат, кар жок дегендей.

– Түшүндүм, макул.

– Эй, этият бол!- деп дагы бирдемелерди сүйлөп баштады эле трубканы коюп салдым. Үйгө келип Кадырдын колу-бутун, оозун чечтим. Үйдүн ичи ысып калыптыр.

– Кадыр, айла жок. Мени менен эртең мененкиге чейин отуруп турасың, саат 8де кете берсең болот.

Үйдө анча-мынча азык-түлүк бар экен, тамак жасап жедик.

– Сен уктай бер, бул сага, кеткен убактың үчүн,- деп Кадырга үч жүз доллар бердим.

– Бул акчага Жигули сатып алсаң болот,- дедим акырын. Өңүмбү-түшүмбү дегендей бир мени, бир акчаны карап туруп калды.

Бөлмөдөгү столду терезе тушка жылдырып, отургуч алып келип сыртты тиктеп отурдум. Сактык үчүн айылга келген жолду карап отурушум керек эле. Эшикти ичинен бекитип, ачкычты чөнтөккө салдым. Кайсы маалда уктап кеткенимди билбейм, чочуп ойгондум. Саат таңкы алтыдан өтүп калыптыр, эшик капкараңгы. Кадырды ойготтум.

– Кадыр, мен кетем азыр. Эгер өзүңө ашыкча түйшүк жаратпайын десең, мен жөнүндө бир дагы адамга ооз ачпа, макулбу? Сен саат сегизден кийин кете берсең болот. Түшүндүңбү?

– Түшүндүм, эч кимге айтпайм. Менден маселе болбойт, кам санаба.

– Өтүгүңдү мен кийип кетейин, сага кроссовкамды таштайм.

Кадыр өтүгүн чечип берип, менин кроссовкамды кийди. Үстүмдө тон, башымда тумак, Кадырдын өтүгүн кийип үйдөн чыгып кеттим...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Soulmate
2020-01-27 09:41:12
Мынча аз
+1
suban78
2020-01-27 09:44:10
Ушул автордун "Ботон жердин буудайы" деген китеби чыгыптыыыр. Уйго алып барсам баары талашып окуп жатышат, эки чыгармасы бар экен
+2
KAREGLAZAYA_VOLCHICA
2020-01-27 13:55:18
suban78,кай жерден сатып алдынар?
+1
suban78
2020-01-27 16:07:39
KAREGLAZAYA_VOLCHICA,0709546345 ушул номерден. Гезитке чыгыптыр рекламасы
0
rafo80
2020-01-27 23:49:27
suban78, Автор өзүңсүн го брат. Азамат, чыгармаларың жагат бирок.
-1
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-01-27 11:50:05
Кызыктуу болуп жатат
+1
Shef87
2020-01-28 03:21:34
Автор алдына бүт ылайыктуу жашоо түзүп алып кыялданып отура берет экен да
-1
№ 899, 23-29-январь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан