Бетке кам көрүүчү, терини нымдоочу, бырыштын алдын алуучу бардык каражаттардын колдонуу көрсөтмөсүндө «укалоо жолу менен сүйкөңүз» деген жазууну көрсөңүз керек. Бетке бет май сүйкөөдө аны сиңирүү эмес, туура укалоо маанилүү. Натыйжада беттеги кан айлануу жакшырып, көптөгөн көйгөйлөрдүн алдын алган болосуз.
Кандай гана каражат болбосун, биринчи өйдө жактан баштап сүйкөө керек. Мисалы, алгач маңдай, анан мурун, андан кийин жалпы бет жана ээк аймагына сүйкөгөн туура. Ал эми укалоодо, тескерисинче, ылдыйдан өйдөнү көздөй укалоо керек.
Маңдайга бет май сүйкөөдө эки каштын ортосунан чачтын түптөрүн көздөй сүрүп укалайбыз.
Көздүн чарасындагы тери эң жумшак жана эрте бырыш түшүүчү зона. Ага абдан кылдат мамиле кылып, көздүн айланасына арналган крем гана сүйкөө кажет. Каражатты көздүн кычыгын көздөй тартасыз. Ал эми үстүнө сүйкөөдө кычыктан чыкый тарапка тартасыз. Мындай кадам көздүн алдынын шишип калуусунун жана сурманын ылдый шалбырап калуусунун алдын алат.
Мурунга крем сүйкөөдө өзүңүзгө ыңгайлуу кыймылды жасай берсеңиз болот. Анткени мурундун үстүнө бырыш түшүү коркунучу аз. Ошентсе да мурундун ылдыйынан өйдөнү көздөй сүрүп укалоо оң.
Эң негизги кадамдардын бири – эки бетке каражат сүйкөө. Адатта биз эки колубуз менен эки бетти баш аламан укалап, туш келди сүргүлөп, эптеп кремди сиңирип коёбуз. Бул туура эмес! Каражатты сүйкөп жатканда ооздун айланасынан эки кулакты көздөй тартуу керек. Ошондой эле ээк зоналарынан да өйдө, эки кулакты көздөй укалап сиңирүү туура.
Моюндун териси дагы бет териси сыяктуу кам көрүүгө муктаж. Адамдын карылыкка жакындап калганын эң алгач моюн териси сатып коёт эмеспи. Андыктан бул аймакка өзгөчө кам көрүү шарт. Каражатты сүйкөп, акыректен ээкти көздөй тартабыз. Муну менен катар экинчи ээкке да укалоо жасап, аны жоюуга кам көрсө болот.
Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg