Кыргызстанда 2018-жылы аялдарга карата зордук-зомбулук боюнча 7039 факты катталган. 2020-жылдын башында 2 келин күйөөлөрү тарабынан сабалып каза болду. Андан соң күйөөсү аялын өрттөп жиберген факты катталды. Ушулардан улам “Кызыл камчы күйөө кайдан чыгат? Эмне үчүн аялдар өмүрүн тобокелге салып кордукка чыдап жүрө беришет?”деген суроолорго психолог Ильдар Акбутинден жооп алдык.
КҮЙӨӨНҮН КАНДАЙ БОЛОРУ КЫЗ-ЖИГИТ КЕЗДЕ БИЛИНЕТ
Кээ бир эркектер аялын жеке менчиги же экинчи сорттогу, өз оюн айтууга укугу жок адам катары көрүп, баалашпайт. Андай эркектер психологиялык жактан оорулуу деп табылып, аларга “психопатия”, “паранойя” сыяктуу диагноз коюлат. Психикасы жайында адамдар жаман мамилеге, зордук-зомбулукка барбайт.
Башка жактан алып караганда, психикалык саламаттыгы жайында аял эркектин өзүнө ошондой мамиле жасоосуна жол бербейт. Эркектин кийин ошондой патологияга жете турганын баш кошо электе кантип билсе болот?
Кыз-жигит мамиле куруп жүргөн кезде жигит кызга орой мамиле жасап, болбогон нерселер үчүн жаман сөздөрдү айтып урушат, жолугушуу мезгилин өзү чечет. Ага баш кошо элек жатып аны кызганат, телефонун текшерет, болбогон жерден уруш чыгарат, курбулары менен жолугушуусуна тыюу салып баштайт.
Эгер кыз андай эркек менен мамилесин үзбөй, андай мамилени “сүйүү”, “сүйгөнү үчүн кызганат, урушат” десе, анда жаңылышат. Андай кыз курмандык болуп эсептелет. Демек, кийин дагы ошондой мамилеге, зомбулукка чыдоого даяр.
АКЫЛДУУ КЫЗ ЖАКШЫ МАМИЛЕГЕ ТАТЫКТУУ
Мисал катары 2 кызды алалы. Экөө тең жигиттер менен мамиле түзүп, жолугушуп жүрөт дейли. Күндөрдүн биринде эки кыздын тең жигиттери жинденип кыздарды жаакка чаап жиберди. Кыздар буга кандай реакция кылышат?
Психикалык ден соолугу чың кыз жигит менен сүйлөшкөндү токтотот, жолугушууга чыкпайт, телефонунан жигитинин номерин өчүрөт. Жигити тизелеп кечирим сураса да, белек-бечкек берсе да кечирбейт. Өзүн жакшы мамилеге гана татыктуумун деп эсептеп, жигитин өз жашоосунан чийет. Ушунусу менен андай окуянын кийин да кайталанышына чекит коёт.
Экинчи кыз жигитинен жаакка жегенден кийин ага таарынат, сүйлөшпөй коёт. Бирок жигити гүл же белек алып келип, кечирим сураса “мейли эми” деп кечирет. Ушунусу менен ал жигиттин жаман жүрүм-турумунунун көбөйүшүнө жол ачат. Башкача айтканда, ал “жиниңе тийгенде сөгүп, ура бер, а мен таарынып, кайра жазыла берем. Сен болсо гүл же белек алып келе бер” деген белги берет. Жыйынтыгында бара-бара белек, гүлдүн саны азайып барып токтойт. Ал эми жигитинин жаман мамилеси ошол бойдон кала берет. Бул кыз жигити менен мамилени эмнеге үзө албайт? Анткени биринчи кыз жигитин эмес, өзүн, ал эми экинчи кыз жигитин маанилүү деп ойлойт. Ал өмүр бою азап чегип, кордук көрөт. Анткени ал жигитке турмушка чыга электе эле өзүнө жаман мамиле жасоого жол берген. Психикалык жактан патологиясы бар жигиттин мамилесин сүйүү деп жаңылыш ойлогон. Турмушка чыккандан кийин балдарды төрөп, күйөөсүнөн ого бетер көз каранды болуп калат.
КЫЗЫЛ КАМЧЫ ЭРКЕКТИН КОРДУГУНА ЧЫДООГО ДАЯР КЫЗДАР КАЙДАН ЧЫГАТ?
Кыз болобу же эркек бала болобу, эгер кичинесинен тартып атасынын апасын уруп, сөгүп, кордоп жатканын көрүп чоңойсо, аларда “үй-бүлө деген ушундай болот” деген түшүнүк калыптанат. Башкача жашоону билбей чоңоюшат. Кийин эркек баладан кызыл камчы күйөө чыгат. Себеби атасынын кылганын кайталайт.
Кызчы? Ал да атасынын токмогун жеп, анын кемсинткенине чыдаган апасын көрүп, “аял чыдаш керек экен” деп чоңойду. Кийин бой жеткенде өзүнө атасына окшош күйөөнү тандайт да, апасы сымал күйөөсүнүн кордук, зомбулугун көрүп жашайт. Анткени кызда өзүн баалоосу төмөн, өзүн коргой албаган жан болуп эс тартты. Мындай аял эркекке көз каранды болуп кала берет. Кыскасы, патологиялык үй-бүлөдө чоңойгон балдар, кыздар ата-энеси кичинесинен башына жазып берген сценарийди өз жашоосунда кайталайт. Андыктан андай үй-бүлөдө чоңойгон кыз турмуш кура электе психологго кайрылса, ал ага өзүн баалоосун өстүрүүгө жардамдашат. Жакшы жашоого татыктуу экендигин, физикалык жана моралдык жактан запкыга чыдоонун кереги жок экенин түшүндүрөт. Кыз энесинин жолун кайталабай калат.
“АЯЛ ӨЗҮН-ӨЗҮ БААЛАЙ БИЛҮҮНҮ ҮЙРӨНҮШҮ КЕРЕК”
Аял күйөөсүнүн кемсинтип, уруп-согуусуна, тилдөөсүнө чыдаса, жашоонун башка тармагында да ошондой сценарийге кезигет. Мисалы, ашыкча иштетип, аз акча төлөнүүчү ишке макул болот. Жетекчисинин кемсинтип сүйлөөсүнө жол берет. Ошондой эле аял туугандарынын да жаман мамилесине кабылат. Анткени ал өзүн эмес, башкаларды башкы орунга коёт, аларды ыраазы кылып, кубандырууну гана ойлойт. Аял өзүн сактоону, коргоону билбейт. Ал чарчаганын, жан дүйнөсүнүн жана денесинин ооруганын сезүүгө өзүнө жол бербейт. Ошентип жүрүп өзүндө бардык жаман нерсеге туруктуулукту жаратып алат.
Мындай аялдарга ажырашып кетүүгө эмнелер тоскоол болот?
1-себеби – ажырашып кетсем “эл эмне дейт?” деп коркуу.
2-себеби – "балдар атасыз тарбияланабы?" деп коркуу.
3-себеби – "күйөөмдөн кетсем балдарым менен менин кимге керегим бар?" деп коркуу.
“Эл эмне дейт?” дегенге келсек. Көбүнчө кыргыздарда кезектеги уруш-талашта токмок жеген аялды туугандары кийлигишип, алып кетишет. Бирок канча бир мезгил өткөн соң “балдарды атасыз калтырдың, ажырашуу уят, эл эмне дейт?” деп жатышып жарашууга көндүрө башташат. Бирок аял келечек жашоосун же тиранга андан ары чыдоо же андан кетип, балдарын өзү багып-тарбиялоо керектигин өзү чечүүсү керек. Аялга элдин, туугандарынын кеп-сөзү кандай таасир этет? Эч кандай. Анткени алар мунун үйдө кандай кордук көрүп жатканын билбейт. Билген күндө деле аялды коргой жана күйөөсүн оңдой алышпайт. Андыктан аял бирөөнүн пикирине таянуу менен бактылуу боло албай тургандыгын билиши керек. "Балдар атасыз өсөбү?" деген коркууга келсек. Сиз балдар атасыз өспөсүн дегениңиз менен, аларга бактылуу жашоону көрсөтө албай жатасыздар, туурабы? Жакшысы, арак ичип апасын урган атаны балдарга көрсөтпөй койсоңуз туура. Балдары үчүн азапка чыдашым керек деген аял иллиюзияда жашаган аял. Ажырашып кеткениңизден кийин атасы убак-убагы менен келип, балдары менен көрүшүп турса болот. Эгер келбесе анда ал биологиялык жактан гана атанын ролун ойногон эркек.
Күйөөмдөн кетсем балдарым менен менин кимге керегим бар дегенге келсек. Аял чынында жалгыздыктан коркот. “Мен чоң адаммын, жашоомду өзгөртүүм жана ал үчүн өзүмө ишенишим керек. Мени атам, апам же туугандар эмес, өзүмдү өзүм коргоого жетишишим зарыл. Мен балдарыма, балдарым мага керек” деп аңдап билүүсү зарыл. Антип ойлой албаса, психологго кайрылуу керек. Психолог ага өзүн баалоону, эл менен тил табыша билүүнү үйрөтөт. Кыйынчылык менен күрөшүүгө, өзүн ар тармактуу өстүрүүгө жол көрсөтөт. Психологдун жана өзүнүн аракети менен аял ички жөндөмдөрүн ачып, күч топтоп, ылайыктуу иш таап иштеп, балдарын багып кете алат.
КУТУЛУУ ОҢ!
Аялы ажырашып кеткенден кийин тиран эркектин кийими жуулбайт, тамагы даяр эмес. Жинин чыгарып алчу аялы жок. Аялын жеке менчиги катары көргөн эркек өзүнүн ташталып калганына ишене албайт. Ажырашуунун себеби өзүндө экендигин анализдей албайт. Артынан барып чатак салат, урат. Кээ бири ал тургай өлтүрүп койгонго аракет кылат же өлтүрүп коюуда. Андыктан тиран күйөөдөн эртерээк кутулуу оң!
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg