Үстүбүздөгү жылдын 21-январында парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинде Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын иши талкууланды. Жыйын жабык өтүп, журналисттер катышкан жок. Жыйындан кийин аталган комитеттин төрагасы Исхак Пирматов маалымат берди.
"Биз буга чейин Кыргыз-Тажик чек арасынан күйүүчү майдын өтүүсүнө чектөө киргизүүнү сунуштап келгенбиз. Ишке ашпай жатканы үчүн тапшырма иретинде атайын токтом кабыл алып бере турган болдук. Күйүүчү майдан тарта бардык нерселерге чектөө киргизүү керек. Убактылуу ушундай кадамдарга баруу зарыл болуп турат. Чек араны жабуу туура эмес, жарандар кадимкидей кирип-чыга беришет. Ошондой эле Чек ара кызматынын курамын көбөйтүү боюнча сунуш берип жатабыз. Бул бюджеттен кошумча каражат талап кылбайт. Чек ара маселеси чечилгиче өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн 500-1000дей аскерин Баткен облусуна көчүрүүнү сунуштадык",- деди Пирматов.
Ал эми чек ара маселесине жооптуу вице-премьер Жеңиш Разаков Кыргыз-Тажик чек ара маселесин чечүү үчүн эки тилкени алмашуу боюнча эки тараптан макулдук бар экенин айтты. "Ак-Сай айылындагы Арык-Асты жана Самаркандек айылындагы Самаркандек тилкесин алмашуу сүйлөшүлгөн",- дейт чиновник.
Жарандык коом, айрыкча Баткен аймагынын тургундары чек ара маселеси жашыруун эмес, ачык-айкын, улуттук кызыкчылыкты, жергиликтүү элдин кызыкчылыгын коргогон шартта чечилсин деген талапты коюуда. Алар Жеңиш Разаковго ишеним артпай турганын айтышып, аны кызматтан кетирип башка кадр дайындоону да талап кылышууда.
Перизат Музуратбекова
politika@super.kg