АКЫРКЫ АДАМ-ЖАПАЙЫНЫН АРЗУУСУ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Адам-жапайы кийин мерген экөө ынтымактуу болуп кеткенде деле мылтыкты алуудан коркту. Ошол курал өзүнүн жашоосуна бир алаамат түшүрөрүн ички сезими менен туюп, корко берди.
Ал канчалык сактанбасын, мерген күндөрдүн биринде кокустан аскада илинип турган мылтыкты көрүп калбаспы. Көрөрү менен аны таанып, жүрөгү болк эте түштү. Бирок түбүнөн мулуюп турган бутуна көз жүгүртүп алып, ичи сыйрылды. Ушул кейпи менен эми кайдагы аңчылык?! Же аска-зоолорду аралай албасаң, куусаң же эчки-текелерге жет­песең, жөн гана мылтык асынып жүргөнүң кимге керек? Ошентип, мылтыгын караган боюнча ойлору аны өткөн күндөргө жетеледи.
Адегенде бул мылтыкка ээ болгондогу күн эсине түштү. Мылтыкка айырбаштасам деп аюу, сүлөөсүндүн терисин чогулткан эле. Анан бир күнү аларды атка таңып, тээ 2-3 айыл нарыдагы кыштакта жашаган кызыл кулактын үйүнө барган. Барса, анын үйүндө туугандарынын кызы жүрүптүр. Анын күйөөсү каза болуп, учурда башы бош экен. Соодагер мергенге тийише сүйлөп:
– Мунун башы бош. Көрдүңбү, сулуу десең сулуу, кылыктуу десең кылыктуу. Өзүң атактуу мерген болгонуң менен, ушул убакка чейин бой жүргөнүң жарабайт. Кааласаң, ушуга баш коштуруп коёюн,- деген эле.
Тигил жубан да муну күлүмсүрөй карап, “не дейсиң?!” дегендей каш каккан. Мерген чындап назар салып караса, чын эле кызылы кызыл татына жубан. Бирок булардын салтында башка уруунун кызына үйлөнүү жок болгондуктан, “болбойт” дегендей баш чайкаган. Анан терилерге мылтыкты алмашып кетип жатканда жанагы жубан жанынан өтүп кетти эле, аялдын жыты бур этти. Ошондо мергендин эркектик сезими козголуп барып басылган. Кечинде уктаарда да ошол жубандын элеси келе берип, кыялында аны кучактагысы, төшөктө лазаттуу мүнөттөрдү өткөргүсү да келип кеткен. Бирок бул кыял гана эле... Болгондо да ишке ашпас кыял. Ошол түндө мерген эркек-аял мамилеси, үй-бүлөлүк турмуш жөнүндө көпкө ойлонуп жатып, анан уктаган.
Мылтык демекчи, бул мылтыгы жанына караан болуп, аңчылыкта эч нерседен коркчу эмес. Мылтыгы барында буга азуулуу карышкырлардын үйүрү, кара кулак кабылан да кеп эмес болчу. Жалгыз мылтыгы канча бир эрдин ордун алмаштырып турар эле. Эми минтип аскадагы мылтыгы бүтүн, өзү жарым жан. Ушундай болот деп оюна тургай, түшүнө да кирген эмес.
Мергендик атын дүң кылган да ушул мылтыгы болчу. Тоо тараптан мылтыктын үнү чыкты дегиче алматтар “дасторконубузга аркар же кулжа буюрду” деп кубаныша турган. Эми ал күндөр келбейт. Эч качан келбейт. Муну ойлоп, мергендин көзүнөн жаш тегеренди.
Дагы ар нерселер оюна түшкөн мер­ген узакка отурду. Акырында үшкүрүнө туруп басып кетти. Тээ бир топ узаганда токтоду да артын бир кылчайып карап, мылтыгы менен коштошконсуду.

ххх

Алматтардын аксакалы “жигиттер, силерге кырк күн мөөнөт берели. Ушул аралыкта мергенди издеп тапкыла. Тирүү болсо өзүн, өлүк болсо өлүгүн апкелгиле!” деп буйрук берген. Ошентип, төрт жигит мергенди издөөгө чыгышты. Алар тоо ичин түрө кыдырып жүрүшүп, акыры мөңгүлүү бийик тоонун тескей жагына өтүштү. Мына ушул жерден алар кызыктай издерге туш болушту. Байкоого караганда, эки жандуунун изи катар кеткендей. Бирок кызыгы, алардын бирөөсүнүн таманынын изи адамдардыкынан 2-3 эсе чоң экен. Болгондо да жылаңайлак. Ошол жылаңайлак буту менен таш болобу, тикен болобу, аңдабай басып өткөнү байкалат. Кадамынын чоңдугун ушундан бил, адам 3-4 аттай турган жерди бир гана адымдап өтүптүр.
Берки из адамдыкына окшошот. Бирок бир тамандын гана изи түш­көндүктөн, бир буттуу адам өткөндөй элес калтырат. Кадамынын арбышы да анчалык эмес. Бул эки из жанаша барып, акыры адамдын изи жоголот да, жанагы алп жандыктыкы гана калат.
“Бир из киши кийиктики окшойт, экинчиси кимдики?” деп ойлонгон алматтын жигиттери бир аптадай из кууп убараланышты. Акыры адам-жапайынын ургаачысы менен аксак мерген жашаган үңкүрдү акмалап таап алышты. Жигиттер үңкүр оозуна буктурма коюп, капкан ташташты. Анан жайлуу жай таап, төртөө төрт жерде бугуп жатты.
Бир кезде тээ төмөнтөдөн бир караан көрүнгөндөй болду. Жигиттер көзүн андан албай, катып калышты. Караан жакындап келе берди. Денесин түк баскан аюудай, бирок басышы кишиден айырмаланбаган бул жан жакындаганда анын бир колунда адам, бир колунда бала бар экендигин көрүштү.
Ана, келип калды. Оң колундагы адамды – өздөрү издеп жүргөн мергенди алар жазбай таанышты, атүгүл бир буту жоктугун да көрүштү. Эмне кылуу керек, кантүү керек? Төртөө төрт жакта тургандыктан, бири-бири менен сүйлөшө да албайт. Мылтыктарын түтөткөндө адам-жапайы жытын сездиби, таноолорун дердейтип, көктү карап, анан күтүлбөгөндөй тездик менен мергенди жана баланы койнуна тартты. Төрт мерген адам-жапайыны окко алды. Тегерек түтүн жыттанды.
Тигил адам-жапайы тоо жаңырта айкырып, адам менен баланы октон коргой, өзүн болсо окко тосуп, экөөнү басып жыгылды. Алматтын кыл мерген жигиттери адам-жапайыны кайра мээлешти. Айлана сасык түтүнгө чулганып, адам-жапайынын асман жарган айкырыгы аз-аздан барып басылганда төрт жигит эттияттанып жакын барышты. Жапайы адам да, мерген да булардын огунан жан бериптир. Кичинекей гана же жапайы адамга окшобогон, же киши баласына окшобогон жандык тирүү экен. Буларды карап ылжыйып күлүп койду…

ххх

Токой ээси эркек адам-жапайы менен Отунчунун ымалалаша баштаганын өз көзү менен көрбөсө да, ичинен сезди. Ою ишке ашып жатат. Эми бул адам-жапайы адам жытын искеп, аял кумарына батып калды, эч жакка кете албайт деди. Анан бир күнү экөөнү кошоктоп, узун чынжыр менен байлады да, биргелешип жумуш аткарууга чегерди. Отунга барса да, жаңгак күүсө да, таш ташыса да, жол салса да бир чынжырга көгөндөлгөн экөө чогуу жүрөт. Бул экөөнүн жасаган ишин жаамы айыл биригип жасай албайт эле.

Тойчубай Анаркулов

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
ABC
2010-09-08 12:26:39
Окуялар ото эле чиеленишкен. Окуп жатып ангеменин жандуу сценасын элестете албайсын. Жомок сыяктуу.
0
asiraasira
2011-08-08 11:24:48
ABC, хе жомок сыяктуу деп коёсун да жомок эле болуп турбайбы?
0
№ 409, 3-9-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан