МАНАСЧЫ САПАРБЕК КАСМАМБЕТ УУЛУ ДҮЙНӨ САЛДЫ

Кыргыз маданияты, манасчылык, төкмөлүк өнөрү орду толгус жоготууга учурады. 2020-жылдын 19-январында 87 жаш курагында манасчы, төкмө акын, Маданияттын мыкты кызматкери, "Даңк" медалынын ээси Сапарбек Касмамбет уулу жарык дүйнө менен кош айтышты. Ал акыркы убактарда ооруканада дарыланып жаткан.

Анын “Эр Кошой”, “Билерик”, “Асыл эне”, “Бала Манас” жана башка чыгармалары китеп болуп басылып чыккан. Сапарбек Касмамбет уулунун айтуусундагы “Манас” эпосунун айрым бөлүктөрү англис тилине которулуп, дүйнө элине эпостун таралышына чоң салымын кошкон.

Манасчы менен коштошуу зыйнаты 21-январь күнү Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Опера-балет театрында болуп өттү.

Маркумдун жакындарына, кыргыз журтуна терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
 

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Adil18
2020-01-29 02:05:26
Сапарбек ава жаткан жериниз жайлуу,топурагыныз торко болсун!
Билип билбей кылган куноолорунузду кудайым кечирген болсун.Бейиштен орун насип кылган болсун.
Терээн кайгыруу менен уй-булоомдун атынан конул айтам.
0
№ 899, 23-29-январь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан