ТРОМБОФЛЕБИТ – КАНДЫН УЮП, КАН ТАМЫРДЫ БҮТӨП КАЛУУСУ

Бир орундан жылбай узагыраак отурсаңыз бутуңуз чымырап, уюп, көп бассаңыз оорутабы? Же кесибиңизге байланыштуу кечке туруп иштөөдөн бутуңуз шишип, кан тамырлары көгөрүп калабы? Эмесе, билип алыңыз, айтылгандар билинбей жүрүп кан тамырдын тромбофлебит дартына жеткириши мүмкүн. Тромбофлебит оорусу тууралуу Бишкектеги Улуттук госпиталдын кан тамырлар хирургиясы бөлүмүнүн жетекчиси, медицина илимдеринин кандидаты Таалайбек Байсекеев айтып берет.

ВЕНА КАН ТАМЫРЫ СЕЗГЕНСЕ УЮГАН КАН ПАЙДА БОЛОТ

Организмде канды ылдыйдан өйдөгө ташуучу кан тамырлар – вена кан тамырлары деп аталат. Тромбофлебит – венанын керегесинин сезгенип, ошол жерде уюган кандын (тромб) пайда болушу. Ушундан улам агып жаткан кандын жолу жарым-жартылай же толук бүтөлүп калат. Тромб – байыркы грек сөзү, бизче “тоголок”, “уюп катып калган” дегенди билдирет. Тромбофлебит каалаган органдагы, мисалы, бөйрөк, боор, ичегидеги вена кан тамырды жабыркатышы мүмкүн. Эң көп кездешкени – буттун тромбофлебити. Андан кийинки орунда кол, моюн, жамбаш, көкүрөктүн, эң арткы орунда калган органдардын тромбофлебити турат. Ошондой эле тромб териге жакын же тереңде жайгашкан венада да кездешүүсү мүмкүн.

ҮЗҮЛӨЙҮН ДЕП ТУРГАН ТРОМБ КОРКУНУЧТУУ

Айрым учурда тромб тоголоктошкон түрдө болсо, кээде узунунан келип, кан тамырды бойлоп туруп калат. Тромбдун адам өмүрүнө коркунуч келтиргени жана келтирбегени болуп 2 түрү бар. Коркунуч келтирбегени көлөмү кичирээк келип, кандын жолун бүтөбөй, венага бекем жабышып, кыймылдабай турганы. Аларды дары-дармек менен эритип, канды суюлтуу менен жок кылса болот. Өмүргө коркунуч келтиргени – венага чала жабышып, кыймылдап турганы жана өлчөмү чоңу. Өлчөмү чоң тромб кандын жолун тороп, андан ары канды өткөрбөй коёт. Ушундан улам керектүү органга кан, аны менен кошо кычкылтек жана керектүү заттар барбай өмүргө коркунуч туулат. Кыймылдап, үзүлүп кете тургандай болуп турганы эртедир-кечтир үзүлөт да, канга кошулуп агып, кайсы бир органга барып такалып, кандын жолун бөгөйт. Мисалы, тромб өпкөнүн артерия кан тамырын бүтөп калса, анда адамга дем жетпей, муунуп, көгөрүп, жөтөлүп, жүрөгү сайгылашып катуу оорутуп баштайт. Бул медицинада өпкө артериясынын тромбоэмболиясы деп аталат.

Эгер ичегиде же боордо тромб болсо адамдын ичи катуу оорутуп, демигип, кусушу мүмкүн.

Шашылыш түрдө ооруканага жеткирип, операция жасатып тромбду алдырып, кан агууну жөнгө салдырбаса адам көз жумат. Ички органдардын тромбофлебитинде ички органдардын хирургу флебологду же кан тамыр хирургун консилиумга чакырат. Мүмкүн, операцияга кошо катыштырат.

ДАРТТЫН КЕЛИП ЧЫГУУСУН ЭМНЕЛЕР ШАРТТАЙТ?

  • Венанын варикоз оорусу. Туруп калган кан тромбго айланышы мүмкүн.
  • Вена кан тамырынын керегесинин жаракаты. Мисалы, венага узак убакытка катетер салуудан же тамчылатма дары куюу үчүн ийне сая берүүдөн. Ошондой эле инструкторсуз өз алдынча фитнес же спорт менен машыгуудан да вена жаракатка кабылуусу мүмкүн.
  • Кандын коюуланып кетишинен улам кандын уюп калуу көрсөткүчүнүн жогорулашы.
  • Оор төрөт.
  • Онкологиялык дарт.
  • Кан оорулары жана кандын курамынын өзгөрүшү.
  • Венанын сууктан улам сезгенүүсү.
  • Кыймылдын аздыгынан кан тамырдагы кандын жай агышы. Мисалы, кечке отуруп иштөө, ал аз келгенсип бутту учкаштырып отуруу.
  • Инфекциялык оорулар.
  • Органга жүргүзүлгөн операция.
  • Гормоналдык терапия.
  • Семирүү.
  • Дайыма туруп же оор нерселерди көтөрүп иштөө (организмге, анын ичинде веналарга күч келет).

ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ

  • Венанын тромб туруп калган бөлүгүндөгү оорутуу, шишүү, теринин жана ткандардын калыңдоосу. Теринин кызаруусу, көгөрүүсү. Оорутуу басканда, кыймылдаганда күчөйт.
  • Дарт курч кармаганда дене табы көтөрүлөт.

БУТТУН ТРОМБОФЛЕБИТИ

Ар бир бутта 2ден вена кан тамыры бар. Буттун тромбофлебити негизинен буттун варикозунан, узак убакытка бир жерде туруп, отуруп же оор нерселерди ташып иштөөдөн жаралат. Мисалы, тигүүчү, ашпоз, чачтарач, жүк жүктөгүчтөрдө көп кездешет. Буттун варикозунан улам венада тромб жаралса жана ал венага жабышып узакка тура берсе, анда ал жерде трофикалык жара пайда болот. Аны айыктыруу өтө кыйын жана машакаттуу. Айрымдардын жарасы экземага өтүп кетет.

Кош бойлуу айрым аялдар буттун тромбофлебитинен жабыр тартышат. Анткени аялдардын буттарындагы вена кан тамырлары жатынга барып кошулуп, бир кан тамырга айланат. Ичтеги бала чоңойгон сайын вена кысылып, буттардан өйдөгө аккан кандын агымы жайлайт. Аялдын салмагы ашыкча болсо жана аз кыймылдаса, анда агымы жайлаган кандар бутта туруп кала баштайт. Ошентип варикоз же тромбофлебит жаралат. Андыктан аял ашыкча тамак ичпей, көбүрөөк кыймылдашы, басышы керек.

Ошондой эле аялдар бойго бүтүрбөөчү гормоналдык дарыларды врачтын сунушу менен гана ичиши зарыл. Өз алдынча баш аламан ичүүдөн гормондор, кандын курамы бузулуп, тромбофлебит жаралуусу ыктымал.

Оор жүк ташып иштегендер башка ишке өтүүлөрү зарыл. Буттун венасын суук тийүүдөн сактап, суукта жылуу шым кийүү сунушталат. Кыз-келиндер кышта капрон колготки кийүүнү токтотуулары зарыл.

Негизи буттун уюшу, чымыроосу да бутта кандын уюп калышынын белгиси. Андыктан буту көп чымырап уюп кала тургандар, варикоз дарты жана тромбофлебит оорусунун белгилери барлар дартын өткөрүп жибербей, текшерүүдөн өтүүлөрү жана дарылануулары зарыл. 1 жылда тромбофлебит оорусу менен барган 1000дей кишиге аталган ооруканада операция жасалат.

ДИАГНОЗ

  • Кан тамырлардын УЗИси же ангиографиясы
  • Кандын курамынын уюшунун деңгээлин текшерүү
  • Кандын жана зааранын биохимиялык анализи

ДАРЫЛОО

• Консервативдүү дарылоо. Дарылоодо дарылык физкультура, оорутууну басуучу, сезгенүүнү кетирүүчү, керек учурда антибиотик (венотоник) дары-дармектер, атайын дары майлар колдонулат. Буттун тромбофлебитинин жеңил стадиясында эластикалык бинт менен таңуу же атайын байпак кийүү да сунушталат.

• Операциялык ыкма. Операция жасоо менен тромбду алып чыгуу (флебэктомия) керектелет.

ДАРТТЫН АЛДЫН АЛУУ

Вена кан тамырлары дартка чалдыкпоо үчүн кам көрүү зарыл. Мисалы, контрасттык душ колдонуу, таза абада күн сайын жок дегенде 30 мүнөт сейилдеп басуу, узакка кыймылдабай отуруудан жана семирүүдөн качуу, кечинде бутка ванна жасоо кажет.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 899, 23-29-январь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан