ЗАЛКАРЛАРДЫН ТАЛАНТТУУ УРПАКТАРЫ

Талант көбүнчө адамга кан аркылуу өтөт дешет эмеспи. Элибизде "канында бар да" деген сөз бекер айтылбайт. Бүгүн Кыргыз маданиятына өчпөс из калтырып, элдин жүрөгүнөн орун алган атактуу залкар инсандардын таланттуу урпактары тууралуу кеп козгойбуз.

ТӨКМӨ АКЫН ЭСТЕБЕС ТУРСУНАЛИЕВДИН НЕБЕРЕСИ ТОЛА ТУРСУНАЛИЕВ

1931-жылы Турсуналы аттуу комузчу менен жубайы Арпаян аттуу жомокчу, кошокчунун үй-бүлөсүндө кадимки ак таңдай акын, СССРдин Эл артисти Эстебес Турсуналиев жарык дүйнөгө келген. Бул залкарды Кыргыз эли бүгүн "Эстеке, Эстекем" деп сөз кылат. Төкмөлүк өнөрдүн үлкөнү болчу. Бул улуу инсандын урпагынан өнөрлүү бирөө чыкпаса болбойт эле. Небереси Тола Турсуналиев учурда музыкант, эстрада жана жаз ырчысы катары элге өнөр тартуулап келе жатат. Тола Турсуналиев чоң атасын минтип эскерет:

– Чоң атам Эстебес Турсуналиев аябай жөнөкөй адам эле. Кичине кезимде жанында көп жүрдүм. Концерттерге барганда комузун көтөрүп алар элем. Бирок ал кезде анын талантына анча деле маани берчү эмес экенмин. Мындай талант жөнөкөй адамдарга бериле бербейт тура. Азырынча үй-бүлөбүздө чоң атамдын жолун жолдоп төкмөлүк өнөрдү аркалагандар чыга элек. Бирок каныбызда бар да, бир күнү чыкса керек деп ойлойм. Өзүм дипломаттык кесипти тандагам, бирок чыгармачылык, ыр, музыка баары бир жан дүйнөмө жакын. Чоң атам да менин чыгармачылыкка жакындыгымды байкап “менин ырчы уулум” деп элге тааныштырып, сыймыктанып калчу. Азыр ырларымдын сөзүн өзүм жазып жүрөм. Демек, канымда аз да болсо чоң атамдын талантынын учкундары болсо керек.

АТА ЖОЛУН УЛАГАН АКТЁР АЗИЗ БЕЙШЕНАЛИЕВ

Таланттуу атанын таланттуу уулу Азиз Бейшеналиев атактуу кыргыз актёру, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, маркум Болот Бейшеналиевдин уулу. Ата жолун жолдогон чыгаан актёр Азиз Бейшеналиевди эл орус тасмаларынан, сериалдарынан жана казак тасмаларынан улам жакшы тааныйт. Анын “Көчмөн” (Рагбаттын ролу), “Параграфф 78” (Пайдын ролу), “Мустафа Шокай” (Мустафа Шокайдын ролу) жана башка тасмалардагы ролдорун баса белгилөөгө болот. Атасы Болот Бейшеналиев уулунун актёрлук кесипти аркалоосуна катуу каршы болсо да, көкүрөгүндө, канында жаткан таланты оргуп чыгып Азиз Бейшеналиев бүгүнкү күндө дал ушул кесиптин ээси. Бул тууралуу актёр маектеринин биринде мындай деп айтканы бар:

– Ата-энем 3 жашымда эки ажырым жолго түшүшүп, таенемдин колунда Өзбекстанда чоңойгом. Атам менен 18-19 жаш курагымда кайрадан тааныштым. Мамилебизди бат эле жөнгө салып алдык. Бирок ал киши менин ата кесибин улантышыма караманча каршы чыккан. Ташкенттен келип, атама кубанычымды кабарлаган күн эсимден кетпейт. “Кытай тили филологиясын таштап, театралдык студияга тапшырдым. Мен эми актёр болом” деп кубанып алгам. Бул кабарым менен атамды аз жерден өлтүрүп ала жаздагам. “Сен эмне, жиндисиңби?!” деди алгач. “Мен Совет доорунда актёр болуп иштедим. "Мосфильм" жылына 60 тасма тартчу. Дайыма мага окшогон жылчык көздүү актёр керек эле. Азыр сени ким тасмага тартат? Кино тартуу токтоду, Орус драма театрына сенин келбетиң жарабайт. Кыргыз театрында иштейин десең кыргыз тилин билбейсиң” деп таң калып бүтпөйт. Экөөбүз таң атканча отурдук. Атам бир бөтөлкө арак ичти. Бирок көздөрүндөгү нес абалы азайган жок. Эртең менен атама “мен сизди түшүндүм, бирок өз оюмдан кайтпайм” дедим. Ошондо атам колун бир шилтеди да, “мен сыяктуу жинди окшойсуң” деп койду. Бул сөзү мага комплимент катары жагымдуу болду. Кийин эң биринчи ролумда “Бүйүк Амир Темир” тасмасында атам экөөбүз ата-баланын образын жараттык. Болгондо да баш каарманды ойноп жатканым атама жагымдуу болуп, ал ичинен сыймыктанып турганын көздөрүнөн байкадым.

НУКУРА ТАЛАНТ ТОКОН ЭШПАЕВДИН "ЭКИ КАНАТЫ"

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Токон Эшпаевди ким билбейт? Аккордеондун коштоосунда созолонткон “Ай, эжеке”, “Акманым”, “Жаштык”, “Ак тилек” жана башка чыгармалары кыргыз музыкасынын тарыхында түбөлүк сакталып калды. Бул залкардын таланты кыздарына өткөн. Бүгүнкү күндө ата жолун улап, өнөрүн аздектеген кыздары Акмаанай жана Акзыйнат Эшпаевалар эл алдында ырдап келишет. Кандагы талант, ырчылык чыйыр тууралуу атасынын кыздары мындай дешет:

Акмаанай Эшпаева: “Атамдын өнөрүн улап келатканым сыймык”

– Музыкалык мектепке мени атам менен апам чогуу жетелеп барышкан. Алардын колдоосу менен ушул күнгө чейин ырдап келе жатам. Атам мени ар тараптан колдоп турчу. Апам Инабат Эшпаева Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, көп жылдан бери Оштогу Саид Бекмуратов атындагы музыкалык мектепти жетектеп келаткан чыгармачыл инсан. Эки тараптан тең таланттуу инсандардын кызы катары ырчылык өнөрдүн ээси болгонума кубанам. Ата-энем мени чоң сахнадан көргүсү келчү. Буюрса, акырындык менен аракет кылып келе жатам. Атактуу инсандын кызы болуу оңой эмес. Мен бул нерсеге өтө чоң жоопкерчилик менен карайм. Түз басып, жакшы иштеп, "Токон Эшпаевдин кызы" дедиртип атамдын атын даңазалагым келет.

Акзыйнат Эшпаева: “Атам менин ырдаганымды көрбөй кетти”

– Атактуу инсандардын кызы болуу арыжоопкерчиликтүү да, ары сыймыктуу. Ата-эненин өнөрүн аркалап баштаган соң жогорку деңгээлде ырдап, элдин талабына, үмүтүнө төп келиш керек деп ойлойм. Ошого аракет кылам. Кичинемде аябай уялчаак кыз болуп, атама ырчылык өнөрүм бар экенин деле көрсөтпөптүрмүн. Ал кезде менде ырчы болом деген ой жок эле. Апамдын тарткан азаптарын көрүп ырчы болбойм дечүмүн. Мындан эки жыл мурун апам (ред.: ырчы Лира Раимбекова) концерт берип калды. Ошондо биринчи жолу эл алдында ырдап, сахнанын даамын таттым. Ошондон кийин ырчылыкка кызыгуум күчөдү. Мен Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте скрипка классында окугам. Ошондуктан атам мага чоң музыкант болот деп үмүт артчу. Бирок ырдаганымды көрбөй кетти.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Залкарлардын таланттуу урпактары
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
murat17
2020-01-27 12:42:19
Болот Бейшеналиевдин уулу кыргыз тасмаларына тартылса балким жакшы болмок
+2
knk
2020-01-28 12:42:20
Дагы көп го мындай инсандар. Уландысын күтөбүз.
+2
MIRBOLOT
2020-01-31 09:23:54
Азиз Бейшеналиев орустардын атактуу "Побег" сериалына да тартылган.
0
Isikkolumkeremet
2020-02-01 23:11:27
Акжолтой Канат уулун эстеп кеттим
+1
№ 899, 23-29-январь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан