КЫТАЙДА ТАРАГАН ЖАҢЫ ВИРУСТАН 9 АДАМ КАЗА ТАПТЫ

Кытайда тараган жаңы коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 440ка жетип, 9 адам көз жумду. Маалыматты 22-январда Кытай Эл Республикасынын Гигиена жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин башчысынын орун басары Ли Бинь билдирген. Медицина кызматкерлери коронавирус өзүнө отуздан ашык вирусту камтырын жана дене табынын көтөрүлүшү, сасык тумоо, жөтөл, тамак оорутуу, дем алуунун начарлашы, баш оорутуу, чыйрыгуу менен коштолорун белгилешет.

Кытай бийлиги аталган вирус адамдан адамга жугарын расмий түрдө жарыялады. Вирустун бул түрү менен жабыркагандар Таиланд, Түштүк Корея, Япония жана АКШда да катталгандыгы айтылууда.

Дамира Арстанова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 899, 23-29-январь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан