ТРАМПТЫН БАШЫ ҮЧҮН 3 МИЛЛИОН ДОЛЛАР СУНУШТАЛДЫ

Иран парламентинин депутаты Ахмад Хамзе өлтүрүлгөн генерал Сулейманинин кичи мекени Керман провинциясынын жашоочуларынын атынан Трамптын көзүн тазалаган адамга акчалай сыйлык берүүгө даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка таянсак, парламентте сөз сүйлөгөн депутат "Трампты өлтүрүп, башын алып келген кишиге үч миллион долларды дароо төлөп беребиз" деген.

Белгилей кетсек, жыл жаңырары менен АКШнын Багдаддын аэропортуна жасаган ракеталык чабуулунан Ирандын Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун генералы Касем Сулеймани каза болгон.

Дамира Арстанова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
suban78
2020-01-27 09:39:47
Точна беришер бекен, ирандыктар алдамчы болчеле. Саал дагы бир эки миллион кошушса, точнуй берише турган болсо мен апкеп беретлем
-11
Soulmate
2020-01-27 09:50:40
Трамп эми Ахмат Хасзенин башы үчүн 6миллион доллар төлөйм деп албаса болду)) кино тарткылачы
+5
murat17
2020-01-27 12:50:30
Soulmate,чын булардыкы жон эле кино булар калптан эле урушумуш болуп жатышат Америка менен ирандын тили бир иран менен арабдардын мамилеси ото начар ошого америкалыктар иран аябай кучтуу силерди жон эле талкалап койот деп арабдарды алдап озунун курал жарагын сатат буга мисал дуйнодо эн коп курал сатып алган олко бул Сауд арабдар ошентип америка оз бизнесин жургузот андан коргон пайданын бир аз болугун иранга берет жакшы актер болгону учун
-5
asha302
2020-01-28 22:23:47
murat17, тескерисинче Сауд Аравиясы, БАЭ Американын 'детёныштары'. Ошондуктан аталган эки өлкө Ирак, Сириядагы арабдарга бир тыйын жардам көрсөтпөй келет
+2
Arman7
2020-01-29 01:39:11
Олтурушун эптеп олтурду дейли башын которуп кетип бара жатат,жолдо канча деген чек ара бар.Башты корсо бул Трамптыкы экен деп койуп жиберишеби,мындай нерсени кинодо зорго ишке ашырат жашоодо кантип.
+5
assr
2020-01-30 10:59:12
трамп адамдарга жакпаган бир пенде
+3
Nursul
2020-01-31 19:01:37
3 миллион доллар акчаны бирөөгө бербей эле өзүлөрү эле башын алып келип алышпайбы. Колдорунан келбеген ишке акчаны аралаштырбай.
+2
Azatbek.Svoboda.
2020-02-01 11:35:23
Nursul,Барда атайын даярдыктан откон наемный убийцалар!
-1
№ 899, 23-29-январь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан