АВСТРАЛИЯДАГЫ ӨРТ: КУЙКАЛАНГАН ЖАНЫБАРЛАР, ЖАЛМАГАН ЖАЛЫН

2019-жылдын сентябрь айынан бери дүйнөнүн жашыл континенти деп саналган Австралия өз тарыхындагы эң чоң өрттү башынан кечирүүдө. Негизи Австралияда токойлорду жыл сайын эле өрт каптайт. Болгону быйыл абдан чоң масштабга жайылып жатат. Эгер өлкөнүн картасын карасак, борбордук аймагынан башкасынын баары дээрлик күйүп жатат. Тутанган кызыл жалындын түтүнү ондогон шаарларды чулгап, Жаңы Гвинея, Жаңы Зеландия, Түштүк Америкага чейин жетти. Континент табигый кырсыктан канчалык жапа чекти, төмөнкү макалада.

Австралия континенти Жер шарынын Чыгыш жана Түштүк жарым шарларында жайгашкан. Калкынын саны 23 миллиондон ашык. Аянты 7 659 861 чарчы чакырым. Аянты боюнча эң кичине жана эң кургак деп саналган бүтүндөй бир материк толугу менен Австралия өлкөсүнүн карамагында. Эң кургак материк болгону менен, бул аймак жашыл континент деп аталат. Анткени 12 миң эндемиктердин (тиешелүү аймакта гана өсүүчү өсүмдүктөр), эвкалипт, акация сыяктуу 9 миң түрү Австралиянын тропик жана субтропик токойлорунда өсөт.

Австралия жаныбарлар дүйнөсүнө да бай. Алсак, материктен сүт эмүүчүлөрдүн 235, канаттуулардын 720, жерде-сууда жашоочулардын 420 түрүн көрүүгө болот.

ӨЛКӨ ӨРТТӨН КАНЧА ЧЫГЫМ ТАРТТЫ?

Австралиядагы Westpac Banking Corporation алдыңкы банкынын өкүлдөрү токойдогу ири өрт мамлекеттин экономикасына канча чыгаша алып келгенин эсептеп чыкты. Адистердин эсебинде тилсиз жоонун кесепетинен Австралия 3,5 миллиард АКШ долларына барабар зыян тарткан. Көбүнчө залака туризм тармагы менен айыл чарбасына тийген. Ал эми банк кызматкерлери өрттөн мамлекеттин ички дүң продукциясы 0,5 пайызга кыскара турганын боолголошту. Учурда Westpac банкына камсыздандыруу маселеси менен 10 миңден ашык адам кайрылганы айтылат.

Өлкөнүн каржы министри Жош Фрюденберг бул апаатты “экологиялык кырсык” деп баалап, жаратылышты калыбына келтирүү үчүн бийлик 50 миллион Австралия долларын (35 миллион АКШ доллары) бөлөрүн айтты.

ӨКМӨТ БАШЧЫНЫ “КУУРУГАН” ЭЛ

Өлкөдө орун алган табигый кырсыкта эл өкмөт башчы Скотт Моррисонду “тирүүлөй куурушту”. Тактап айтканда, анын континенттин өрт кучагында жатканына карабастан эмгек өргүүсүнө чыгып, үй-бүлөсү менен Гавайиге эс алууга кеткени, чукул кырдаалда тиешелүү чараларды көрбөгөнү, жабыркаган аймактарга 2020-жылдын январында гана кабар алганы барганы элди кыжырдантты. Айрымдар аны менен кол алышуудан баш тарткандарын жазып чыгышты

МИЛЛИАРДЕР ӨРТТӨН ЖАБЫРКАГАНДАРГА 48 МИЛЛИОН ДОЛЛАР БӨЛДҮ

Австралиялык миллиардер Эндрю Форрест өрттөн жабыркагандарга 48 миллион Австралия долларын бөлдү. Форресттин айтымында, 6,8 миллион доллар тоо-кен жана айыл чарба тармактарында иштеген 1,2 миң кишиден турган коомду түзүүгө сарпталат. Алар өрт жалмаган аймактарды калыбына келтирүүгө аракет кылышат.

Дагы 7 миллионго жакын акчаны Кызыл Ай коому, Куткаруу аскери сыяктуу уюмдар менен биргеликте жабыркагандарга жардам берүү үчүн сарпташат. Калган 34 миллиону өрткө каршы туруу боюнча улуттук концепцияны иштеп чыгууга жумшалат. Ошондой эле миллиардер өрттөн жабыркагандарга жардам берүү үчүн фонд ачарын, ага каалаган адам каражат кошсо болорун айтты. Мындан тышкары ал Австралиянын жабыркаган аймагын калыбына келтирүү үчүн дагы деле каражат аябасын кошумчалады.

Мындан сырткары актёр Леонардо Ди Каприо 3 миллион доллар, теннисчи Мария Шарапова 25 миң доллар которгону айтылды.

ӨРТТҮН КЕСЕПЕТТЕРИ

• 10 миллион гектарга жакын жерди жалмады.

• 25 кишинин өмүрүн алды. Арасында өрт өчүрүүчүлөр да бар.

• 10дон ашык адам дайынсыз жоголду.

• 2 миңден ашык турак жай күлгө айланды.

• Сидней университетинин экологдорунун эсебине таянсак, табигый кырсыктан 1 000 000 000дан ашуун сүт эмүүчү, сойлоочу жаныбарлар жана канаттуулар өрттөн жок болушкан.



 

 





Дамира Арстанова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
murat17
2020-01-27 12:44:52
боор ооруйт турган абал болду
+4
№ 899, 23-29-январь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан