Көрүнүшү кумдан жасалган казыкка окшошуп кеткен, гүлү бузулган эттин жытын эске салган өсүмдүк бар. Болгондо да мите өсүмдүк. Ал – кум казык.
Кум казык (жунгар циноморийи, мальта козу карыны) – Кыргызстанда жарым чөлдүү жерлерде, шор-чопо топурактуу талаада, кызыл кум-таштуу чап менен аскаларда, эки жагын суу жеп, жар кылып кеткен кууш өрөөндөрдө өсөт. Боюнун бийиктиги 10-40 сантиметр келген көп жылдык, уулуу жана мите өсүмдүк. Анткени ал өз алдынча өспөстөн, сөксөөл, алабата жана башка өсүмдүктөрдүн тамырына жабышып өсүп, алардын тамырынан азык-заттарды соруп алуу менен жашайт.
Гүлү жыттанып кеткен эт сымал жыттанат. Гүлү көпөлөктөр менен аарыларды кызыктырбайт, бирок чымындар нектары жана чаңчалары менен азыктанышат, чаңдаштырышат.
Гүлдөгөндөн кийин мөмөлөйт. Мөмөсү 1 айда бышат. Жамгыр жааганда жана коңуздар менен кумурскалар мөмөсүн жеш үчүн өсүмдүккө чыкканда уруктары жерге түшөт. Уруктарын шамал учуруп башка жактарга да алып барат. Өсүүгө ыңгайлуу жерге түшкөндөрү кийинки жылы өсүп чыгат. Кыргызстандын көп жерлеринде, мисалы, Чүй облусунун Көңөрчөк, Ысык-Көлдүн Жомок кууш өрөөнүндө кызыл кум-таштардан турган аскаларда кездешет. Кыргыздарда илгертен элдик медицинада эркектердин бел кубатын көтөрүүчү өсүмдүк катары колдонулуп келет.
Циноморий илгери Мальта аралында көп өсүп, аны кан акканды токтотуучу жана афродизиак катары колдонушкан. Алар өскөн жерди атайын адамдар кайтарышкан. Ошондон улам Мальта козу карыны атка конгон.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg