КОЙ (21.03-20.04)
Үйдөгүлөр убактыңыздын көбү ишке кетип, аларга аз көңүл бөлүп жатканыңызды айтып таарынышат. Муну эске алуу керек. Ички туюмуңуз аптада жогору болгондуктан маселелерди чечүүнүн туура жолдорун табасыз. Достук байланыштар күчөйт. Алдамчылардын тилине кирип, туура эмес ишке аралашып калуудан сак болуңуз.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптада болуп өтчү окуя өзүңүздү ар тараптуу өстүрүү керектигин эскертет. Андыктан акыл-эс кампасын кеңейтүү, жаңы нерселерди өздөштүрүү же тил үйрөнүүнү пландайсыз. Айрымдар таасирдүү адам менен жолугуп карьерасы тууралуу баарлашат. Жакшы жашоо үчүн жүгүрүп жүрүп чарчадыңызбы? Анда токтоңуз, эс алыңыз.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Керектөөлөрүңүз менен реалдуу акча табуу мүмкүнчүлүгүңүздү таразалап, ошого жараша иш кылыңыз. Бир нерсе сатып алуу үчүн карыз алуу сунушталбайт. Интернет форум, сайт аркылуу баарлашуулар пайдалуу болуп, сизге керектүү маалыматтарды таап беришет. Бир калыптагы жашоодон тажасаңыз сапарга чыгып көңүл ачууну пландаңыз.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Амбицияны ооздуктаңыз, үйдөгүлөрдүн, жан шеригиңиздин өзүн алып жүрүүсүн катуу көзөмөлдөбөңүз. Болбосо жаңжал чыгат. Жумушта кадр алмаштыруунун жыйынтыгында карьералык өсүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз. Карыздарыңызды кайтарып беришет же көп акча табуу жаатында пайдалуу сунуш түшөт.
АРСТАН (23.07-23.08)
Чоң иштерге киришпей, күндөлүк иштер менен алектенип, ден соолугуңузга көңүл буруңуз. Күндүк режим түзүп, үйдөгү жумуштарга да жетишүүгө аракеттениңиз. Өнөктөштөр менен сүйлөшүү жүргүзөсүз. Жашоонун маңызы, келечек тууралуу ойлонтуучу окуяга кез келесиз. Алыстан келген адамга жолугууңуз күтүлүүдө.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Айрымдар кол үзүшкөн адамы менен мамилени кайра жандандырууга аракеттенишет. Тиричилик буюмун же компьютердик техника сатып алууңуз мүмкүн. Апта ортосунда тилди тартып, сөзгө көтөрүмдүү болуу, майда нерселерге көз жумуп коюу керектелет. Апта акырында эски тааныштарга күтүлбөгөн жерден кездешип, баарлашасыз.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Буга чейин каражат же убакыт жоктугунан артка жылдырып келген ишти колго алууңузга туура келет. Ал иш турак жайды жакшыртууга байланыштуу болушу мүмкүн. Иште жетекчинин айтканын туура аткарбасаңыз тил угасыз. Романтикалык мамилелерде алга жылуулар болот. Айрымдарга баш кошуу тууралуу сунуш түшөт.
Сүйүү романдарын баштоого, командировкага чыгууга, чет өлкөгө аттанууга ылайыксыз апта. Кыйынчылыктар менен коштоло тургандыктан планды артка жылдырыңыз. Аптада чыккан маселени туугандар менен акылдашып чечиңиз. Ак көңүл мүнөзүңүздөн пайдаланып иштерин бүткөрүп алууну көздөгөндөр чыгат. Макул болбоңуз.
Көп чыгым тартпаш үчүн эң керектүүлөрдү гана алып, калганын коё туруу оң. Болбосо акча чогулта албайсыз. Аракет кылсаң – берекет. Ишим жүрбөй жатат деп калп эле актанбай, жалкоолукка чекит коюңуз. Жол жүрүүдө абайлоо керек. Күтүүсүз конок келиши мүмкүн. Айрымдар тоого чыгып эс алышат.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жан шеригиңиз менен мамилеңиз оңолбой жатса, жалгыз отуруп алып кемчилик эмнеде экендигин анализдеңиз же психологго кайрылыңыз. Иште жакшы жыйынтык чыгышы үчүн изденүү кажет. Аптада киреше кирмекчи. Чакырган жолугушууга барыңыз, пайдалуу болот. Кооптуу абалга кабылбоо үчүн кечинде жалгыз жүрбөө сунушталат.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Апта жаман адаттарды таштап, сергек жашоого киришүүгө, имиджди өзгөртүүгө ылайыктуу. Апта ортосунда кайсы бир кырдаалда бирөөлөрдүн кысымына туш келесиз. Чечкиндүү болуп, өз пикириңизди катуу карманыңыз. Үйдөгүлөрдүн кызыкчылыгы үчүн чоң нерсе сатып берүүңүз мүмкүн. Апта акырында уурулардан сак болуңуз.
Көңүл ачуу менен эс алууга көп убакыт коротпой, акчаны көбүрөөк табуу жагын ойлоңуз. Болбосо каржылык кыйынчылыкка туш келчү кез алыс эмес. Сүйүктүү адамыңыз менен кызганычтан улам урушууңуз мүмкүн. Өзүңүз тууралуу уккан ушактар үчүн кайгырбаңыз, өткөн иш өттү. Андан көрө жаңы каталарды кетирбөөгө аракет кылыңыз.