Азат Исакунов: "СТАРТАПТАРГА 1 МИЛЛИОН ДОЛЛАР! КӨЗДӨГӨНҮБҮЗ – МАМЛЕКЕТТИН ИЙГИЛИКТҮҮ ӨНҮГҮШҮНӨ САЛЫМ КОШУУ"

Жеке ишкер, меценат Азат Исакунов “Жашоо булагы – инвест” инвестициялык программасынын алкагында “Стартаптарга миллион доллар” аталышында өлкө ичиндеги ири долбоорун жарыялайт. Долбоордо уникалдуу, инновациялык, жаратман, перспективдүү стартаптар жана бизнес-идеялар колдоого алынат.

Стартаптарды каржылоо – пайызсыз, эч кандай күрөө талап кылбайт. Долбоордун негиздөөчүсү бардык тобокелдиктерди өзүнө алат.

Алгачкы этаптагы стартаптарды каржылоого жалпы суммасы
1 миллион АКШ доллары бөлүнөт. Бир стартап долбоор үчүн анын креативдүүлүгүнө, жаңылыгына, жана перспективдүүлүгүнө карата орто эсеп менен 100 миң доллардын айланасында каражат бөлүнөт. Долбоордун шарты боюнча: эгерде бизнес-долбоор өзүнүн уникалдуулугу жана эксклюзивдүүлүгү менен айырмаланса, ага көрсөтүлгөн суммадан жогору каражат да бөлүнүшү мүмкүн.

Долбоордун максаты: Кыргызстандын бардык аймактарынан келген стартап долбоорлорду каржылоо жана колдоо, жаш жаратмандарды колдоо, ишкерликке шыктандыруу. Элдин сырткы миграциялык агымын кыскартуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү, өлкөдөгү жакырчылыкты жоюу, аймактарды өнүктүрүү.

Долбоордун талапкерлерине коюлган талаптар:

Долбоорго катышуунун кри­терийлери:

• Долбоорго 18 жаштан жогоркулар катыша алышат.

• Жеке жана тай­палык өтүнмөлөр (заявка) кабыл алынат. Дол­боордун катышуучуларынын саны чектелбейт.

Сиздин бизнес-планыңыздагы карала турган бөлүмдөрдүн мүнөздөмөсү:

• Долбоордун ээси жана анын учур­дагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат

• Долбоорду баяндоо

• Долбоордун негизги катышуучулары тууралуу маалымат

• Продукт тууралуу маалымат

• Продукциянын рыноктогу маалыматы

• Уюштуруу планы

• Сатуу жана сатык маркетингинин планы

• Өндүрүш планы

• Социалдык-экономикага жана экологияга болгон таасири

• Каржылык планы

• Долбоордун тобокелдигин талдоо

Долбоор кандай тандалат:

Долбоор бир катар этап менен өтөт. Бардык этаптарда эксперттик комиссия комплекстүү түрдө бизнес-долбоорлорду баалап, долбоордун катышуучулары бир катар тайпаларга бөлүнөт. Алардын негизгилери:

• Уникалдуулук, жаңылык, креативдүүлүк жана перспективдүүлүк

• Бизнес-моделдин масштабдуулугу жана анын рыноктогу көлөмү

• Бизнес-моделдин пайда алып келген мүмкүнчүлүгү (потенциалы)

• Долбоорду ишке ашыруудагы тайпалык ылайыктыгы

• Долбоордун кирешелүүлүгү

• Жаңы жумуш орундарды түзүү мүмкүнчүлүгү

• Долбоордун импортту алмаштыруучу жагы

Долбоордун алкагында: адам­ды күчкө салып иштетүү, бал­­дардын эмгегин талап кылган, тамеки жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана сатуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген сунуштар каралбайт.

Долбоордун катышуучуларына ким баа берет?

Долбоордун катышуучуларына бизнес тармагындагы жана өлкөдөгү абройлуу инсандардан куралган компетенттүү комиссия баа берет. Долбоор ачык, таза жана айкын өткөрүлөт.

Долбоорго катышуу үчүн коюлган талаптар:

• Жогорудагы шарттарды эске алуу менен, бизнес-долбоорду иштеп чыгуу

• Даяр бизнес-долбоорду жана толтурулган өтүнмөнү (заявка) электрондук дарекке жөнөтүү:
office@jashoo-invest.kg

Өтүнмөнү биздин сайтка кирип, толтурсаңыз дагы болот:
www.jashoo-invest.kg

• 20-январдан баштап ар бир жаңырган айдын 20сына чейин өтүнмөнү калтыруу­га жетишиңиз (өтүнмөлөр 2020-жылдын ар бир айында ка­был алынат).

Маалымат үчүн байланыш тел: +996 778 28 81 84,
www.jashoo-invest.kg

e-mail: office@jashoo-invest.kg

Эгерде сен жаш, креативдүү жана мыкты бизнес-идеяларга бай болсоң жана өзүңдүн командаң болсо, анда биз сени күтөбүз. Мүмкүнчүлүгүңдү колдон чыгарба!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
baktybek90
2020-02-01 15:06:04
Жакшы мумкунчулук
-1
№ 899, 23-29-январь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан