КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БИРИНЧИ ВИТРЕОРЕТИНАЛДЫК КЛИНИКА СИЗДИН КЫЗМАТТА

Түркиядагы офтальмология тармагында лидерлик сапта турган “Kudret” медициналык тобу тарабынан түзүлгөн “KudretGоz
Bishkek” клиникасы өткөн жылдын сентябрь айынан бери иштеп жатат. “KudretGоz Bishkek” – Кыргызстандагы көз торчосунун (отслойка сечатки) ооруларын дарылаган алгачкы клиника. Клиника ачылгандан баштап Түркиядагы белгилүү офтальмологдор, витреоретиналдык хирургдар Хусейн Авни Санисоглу жана Озгур Балта эмгектенип келишет. Клиника Кыргызстандагы витреоретиналдык хирургия тармагындагы алгачкы оорукана эле болбостон, көздүн бардык ооруларын, мисалы, катарактаны жипсиз тигүү хирургиясы, көз чанагынын оорулары, глаукома, кылый көз, окулопластика жана башка ооруларды аныктап, дарылаган оорукана болуп эсептелет.

Көз торчосунун (отслойка сечатки) оорулары деген эмне?

Көз торчосунун катмарларында көптөгөн оорулар болушу ыктымал: торчонун бөлүнүшү, айрылышы, диабетикалык ретинопатия, сары тактын дегенерациясы, эпиретиналдык мембрана (көрүү борборунун алдында мембрананын пайда болуусу), торчонун тамырларынын бүтөлүп калуусу жана башка. Булардын ичинен торчонун бөлүнүүсү кенен жайылган оору болуп эсептелет.

Торчонун бөлүнүүсү деген эмне?

Торчонун бөлүнүүсү – бул көздүн алдыңкы, арткы дубалын каптап турган торчонун бөлүнүүсү. Торчо катмарлары көрүү милдеттерин ишке ашырууда маанилүү иштерди аткарат. Жарык кабыл алынганда көздүн хрусталигине фокус алынат да, ал нерв сигналдары аркылуу мээге кабар берет. Эгер көз торчосунун ооруларын убагында аныктап жана туура дарылабаса, олуттуу, негативдүү кесепеттерге алып келиши ыктымал.

Эмне үчүн көз торчосу бөлүнөт?

Торчонун бөлүнүүсүнүн 2 негизги себеби бар. Эң кеңири тараганы – торчонун айрылып кетүүсү жана бөлүнүүсү. Окуляр менен торчонун ортосунда “айнек сымал тело” аталышындагы суюктук бар. Торчо айрылып же бөлүнүп кеткен учурда ошол суюктук айрылган жерге куюлуп, торчонун көз чанагынан ажырап кетүүсүнө алып келет. Көз торчосу айрылып же бөлүнүп кеткен адамдар дароо тажрыйбалуу дарыгерлерге көрүнбөсө, көздүн көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышы ыктымал.

Кимдерге коркунуч жаратат?

Торчонун бөлүнүүсү бардык курактагы адамдарда болот. Бирок жаш өткөн сайын ооруга чалдыгуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт. 50 жаштан жогору адамдарда көп кездешет. Алысты көрбөгөн же торчонун бөлүнүүсү менен мурда үй-бүлө мүчөлөрү ооруган адамдарда бул дартка кабылуу коркунучу бар. Андан сырткары увеит, кант диабети, катаракта сымал дарттар менен жабыркагандар да көз торчосунун ооруларына кабылышы мүмкүн.

Торчонун бөлүнүүсүнүн белгилери кандай?

Жаркыраган жарык же көз алдында чымындар учуп жүргөндөй абал, күтүүсүз көздүн көрүүсүнүн начарлашы бул оорунун кеңири тараган белгилери болуп саналат.

Торчонун бөлүнүүсүн дарылабаса эмне болот?

Торчонун бөлүнүүсү – бул көрүүнүн жоголушуна алып келчү дарт. Бул оорунун эрте аныкталып, туура дарыланышы абдан маанилүү нерсе. Дартты өтүштүрүп же туура эмес дарыласа, көрүү начарлап же толугу менен жоголушу ыктымал.

“KudretGоz Bishkek” клиникасында пациенттер кандай дарыланышат?

Витреоретиналдык хирургия – бул адистештирүүнү талап кылган өзгөчө тармак. Витрэктомия витреоретиналдык хирургияда колдонулуучу кеңири тараган ыкма болуп эсептелет. “KudretGоz Bishkek” клиникасында белгилүү офтальмолог, витреоретиналдык хирургдар Хусейн Авни Санисоглу жана Озгур Балта эмгектенишет. Алар витрэктомия тармагында тажрыйбалуу эксперттер. Бул дарыгерлер катышкан хирургиялык операциялар ийгиликтүү болот. “Kudret
Gоz Bishkek” клиникасында көз торчосунун ооруларын аныктоочу, дарылоочу жаңы технологиялык жабдыктар орнотулган. Алардын бири – DORC EVA. Бул аппарат кыска аралыкта операциянын бардык этаптарын көзөмөлгө алып, туура чечим чыгарууга көмөктөшөт. DORC EVA витрэктомияда эле эмес, ФЭК-ыкмасында – катарактаны жипсиз алуу операциясында да колдонулат.

Толук маалымат алуу үчүн “KudretGоz Bishkek” клиникасына төмөндөгү телефон номерлер аркылуу байланыша аласыз: +996 (312) 88 00 88, +996 (706) 88 55 88, +996 (556) 88 55 88
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 900, 30-январь-5-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан