Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын көркөм жетекчиси, III даражадагы "Манас" орденинин ээси, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Алтынбек Максүтов менен баарлаштык. Ал бир жыл ичинде мамлекеттик деңгээлде Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы, Сауд Арабиясында өткөн “Көчмөндөр ааламы” долбоору, “Дүйнөлүк эпостор V” фестивалы, Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгы сыяктуу бир топ маданий иш-чараларды ишке ашыруудагы аткарган иштери тууралуу кеп салды.
– Саламатсызбы? Кыргыз Эл артисти наамыңыз кут болсун! Мындан ары дагы көптөгөн ийгиликтерди багынтып, элге кызматыңыз сиңе берсин.
– Рахмат. Чыгармачылыкка аралаша баштагандан берки эмгегибизди мамлекет да, эл да баалап, жыл жаңырар алдында президентибиздин кубанычтуу жарлыгы чыгып, мага Кыргыз Эл артисти деген наам ыйгарылды. Бул наам элдин, мамлекеттин алдында чоң жоопкерчилик артат. Сыйлык меники болсо, сыймыгы элдики. Наам алгандардын баарын куттуктайм. Бизден да көп жыл иштеп, жогорку деңгээлде эмгегин өтөп, бирок баалана электер бар. Ошондой инсандардын эмгектерин эске алып, дыкат карап чыгып наам, сыйлыктарды ыйгарышыбыз керек. Бирөө наамды эрте, бирөө кеч алат экен.
– Өзүңүз кандай ойлойсуз, сизге наам убагында ыйгарылдыбы?
– 2016-жылы мага III даражадагы “Манас” ордени берилген. Бул менин мамлекеттик алгачкы сыйлыгым эле. Быйыл минтип Кыргыз Эл артисти болуп отурам. Балким, эрте, балким, убагы келгендир. Эми аны эл айтсын. Мени тарбиялап-өстүргөн Кыргыз Эл артисти Арсен Өмүралиев деген атактуу актёр атабыз 23 жашында Эмгек сиңирген артист, 35 жашында Эл артисти наамын алган.
– “Менин жараткан ийгиликтеримдин артында апам турат” дедиңиз эле...
– Ооба. Апам атымды койгон күндөн баштап эле мени чыгармачылыкка багыттаган экен. Мен төрөлөргө жакын Тогуз-Торого ырчы Алтынбек Сапаралиев концерт коюп барыптыр. Ал кезде биздин аймакка чоң артисттер чанда келишчү экен. “Ушундай таланттуу адам болсун” деп ниет кылып, апам кайненесинен сурабай атымды Алтынбек деп коюптур. Төрөтканадан чыгып келгенде “атын врачтар коюп салышты” деп айтыптыр. Ата-энем дайыма шарт түзүп, музыкалык мектепке окутушту. Аккордеон, комуз өңдүү аспаптарды кайдан болбосун таап берип туура жолду көрсөтүштү. Кийин Таалай эжеңерге (ред.: актриса Таалайкан Абазова) жолугуп, баш коштук. Андан аркы чыгармачылыгымдын өнүгүшүнө өмүрлүк жубайым өбөлгө түзүп келатат.
– Таалайкан айымга Москвага окууга жөнөп жатып аэропорттон жолуккан экенсиз. Андан да кызыгы, апаңыз болочок жубайыңызга “балама көз салып, карай жүр” деп табыштаган экен...
– Ооба, ошондон бери карап келатат (күлүп). 1989-жылы айылдан келип түз Москвага учуп жатпаймынбы. Орус тилин билчү эмесмин. Анан эненин жүрөгү кандай болорун билесиңер да. Кабатырланып мени Таалайканга тапшырган экен.
– Эки чыгармачыл инсандын бир үй-бүлө болгону өсүп-өнүгүү үчүн эң жакшы шарт болсо керек?
– Чындыгында эң жакшы шарт. Көптөр “эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт” деп калышат. Тескерисинче, ортодо түшүнүшүү болот. Мен анын кесибин, ал менин кесибимди жакшы түшүнөбүз. Ушуга чейин бири-бирибизди колдоп гана келе жатабыз. Бири-бирибиздин ишибизге кеңешибизди, сыныбызды айтып, жакшы жерин жакшы деп, ашыкча болуп кетсе аны да айтып турабыз.
– Москвадан окууну бүтүп келгенден кийин музыкалык окуу жайдан билим алган экенсиз?
– Музыканын тили жок. Бардык адам түшүнө алат. Көңүлүбүз чөксө да, көтөрүлсө да музыка угабыз. Бул дүйнө мага кичинемден тааныш. Москвада окуп жүргөндө эл мени чоң комузчу деп ойлошуп, “комузчу бала” деп коюшар эле. Кыргызстанга келгенде Арсен Өмүралиев атындагы Жаштар театрында кыргыздын эң кыйын деген музыканттары менен бирге иштешип калдым. Ошолордон шыктанып музыкалык билим алышым керек деген тыянак чыгардым да, Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын үйлөмө аспаптар бөлүмүнө тапшырдым. Алгач фагот музыкалык аспабын тандадым. 1 жылдан кийин классикалык флейта аспабына которулдум. Чогойно чоор, чопо чоор, сыбызгы жасаганды үйрөнүп, үйлөмө аспаптарга кызыгып жүргөн убагым болчу. Анын үстүнө биздин заманда бир гана актёр, режиссёр болуу аздык кыларын түшүнүп, дагы бир кесиптин ээси болууну көздөдүм. Кийин сүрөт өнөрүнө кызыгып, 15 жыл сүрөтчүлөр менен иштештим. Кол өнөрчүлүктү өздөштүрүп, чоподон буюмдарды, музыкалык аспаптарды жасоо, көркөмдөө иштери менен алектендим. “Ала-Тоо” аянтындагы сүрөт галереясында да иштедим. Айтор, бир эле учурда бир топ жумушта иштеп, үй-бүлө багуу менен алектендим. Ал жылдары элдин баары эле ошентип иштеп калышкан. Колунан келгенин жасап жан багуунун убарасында жүрүшчү. Үй-бүлөм шаар сыртындагы үйдө, мен болсо бул жакта иштеп жүрүп, кичүү кызым мени тааныбай калган күндөр да болгон.
– Режиссёр, актёр, музыкант, сүрөтчү, кол өнөрчү. Дагы кандай өнөрүңүз бар?
– Жер иштетип багбанчылык кылам, мындан ырахат алам. Анын үстүнө балдарым эмгекке көнсүн деген аракет.
– Режиссёрдук эмгек жолуңуз тууралуу сөз кылсак...
– Бул жаатта алган негизги билимимден тышкары АКШ, Европага чейин эмгектери көрсөтүлгөн атактуу режиссёр Марк Вайлдан сабак алдым. Ошондон кийин режиссёрдук өнөрүмдү уланттым десем болот. Ал эми тасма жаатында болсо 2004-жылдан бери Төлөмүш Океев атындагы киностудиянын алдында студиям бар. “Макал арт” деген чыгармачылык топ түзүп, видеотасма, клип, кыска метраждуу тасмалардан тарта дүйнөлүк иш-чараларга чейин тартып эбегейсиз эмгек кылып келатабыз. Кичинекей компания болсо да I, II, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кошкон салымы чоң. Андан тышкары тил маселесин козгоп макалдардын маанисин чечмелеп берген кыска метраждуу тасмаларды тартып келебиз. Арсен Өмүралиев атындагы театрда актёр, музыкант, режиссёр болуп 20 жыл иштедим. “Айлампа”, “Ыйык Курманжан” деген спектаклдерди коюп, алгачкы эмгектеримди ошол театрдан элге көрсөткөм. Андан кийин филармонияга келип режиссёр катары концерттерди коё баштадым. “Кийиз дүйнө” фестивалында 2 жыл режиссёрдук ишимди алып бардым. Андан кийин маданият чөйрөсүндөгү иштерди улантып маданият, маалымат жана туризм министри болуп иштеп калдым. Учурда Улуттук филармониянын көркөм жетекчисимин. Жылына 30-40ка жакын эмгек жаратууга аракет кылабыз. Алардын ичинде филармониянын, мамлекеттин иш-чаралары, жеке буюртмалар да бар.
– Баскан-турганы, сүйлөгөнү, ою эркин адам, мамлекеттик кызматка, болгондо да министр катары барып, протокол менен иштеп калганда өзүн кандай сезди?
– Туура белгилеп жатасыз. Бул кызматка барууга макулдугумду берген күндөн тарта эркиндиктин жетишсиздигин сездим. Анткени узун чачымды кесип, сакал-мурутумду алып, костюм-шым кийгизип койгондо өзүмдү буталган, дүмүрү эле калган дарактай сездим. Жумушта алгачкы айлар абдан кыйын болду. Анткени чыгармачылык менен мамлекеттик кызматтын айырмасы асман менен жердей экен. Бири башка куштардын, экинчиси башка куштардын тили менен сүйлөгөндөй сезилди. Ал дүйнөнүн тилин түшүнүү 6 айга чейин азап болду. Ошентсе да ал жактан чоң тарбия алдым. Ага чейин өкмөттү, бийликти сындап келсем, мамлекеттик иштин кандай татаал экенин түшүндүм. Бир ишти бүтүрүш үчүн жылдап убакыт кетерин билдим.
– Эл арасында чиновниктин креслосу укмуш сүрөттөлөт. Анда отуруу жана андан кетүү сезимдери кандай экен?
– Менимче, көпчүлүгү “көзгө көрүнүктүү бир иш жасашым керек” деп намыстанып кеткиси келбейт болуш керек. Мен министр болуп иштеп отуруп андай деле ырахатты сезген жокмун. Ийнеде отургандай болосуң. Стабилдүү жашоо жок. Мамлекеттик кызматта иштеп жүргөн инсандарга “эмнеси кызык? Адамды өзүнө тартып, креслого жабыштыра турган нерсени көрбөй жатам” деген суроо берчүмүн. "Сиз ушинтип ойлочу элеңиз, эми жон териңиз менен сезип көрүңүз" деп күлүп калышчу. Чындыгында оңой эмес.
– Маегиңизге рахмат!
Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg