КАДЫР ТҮНДҮН КАДЫРЫН БИЛ

Ыйман жана салт

Рамазан айынын акыркы күндөрү тосула турган ыйык түн – Кадыр түн жакындап келе жатат. Андыктан Кадыр түндүн касиети, адамга пайдасы тууралуу сиздер менен ой бөлүшөбүз.

КАДЫР ТҮН
Алланын алдында убакыт-ченемдин бардыгы бирдей. Бирок адам баласынын пайдасы үчүн Алла бир топ убакыт-ченемдерди тактаган. Мисалы, айлардын ичинен Рамазан айын, жети күн ичинен Жума күнүн, жер бетиндеги сыйынуучу ыйык жай деп Меккени, адамзаттан азирети Мухаммедди (САВ), түндөрдүн ичинен Кадыр түндү ыйык деп белгилеген. Кадыр түндө Куран Мухаммед пайгамбарга түшүрүлө баштаган дешет. “Ким Кадыр түндүн сообуна ишенип, ыкылас менен өткөрсө, анын бардык күнөөлөрү кечирилет” деген Мухаммед пайгамбар. Бул түндү Алланын ыраазычылыгы үчүн ибадат менен өткөрүү керек. Ошондой эле Куранды окуу, кимдир бирөө окуп жатса окуганын угуп, Жараткандан күнөөлөрүнүн кечирилишин тилөө кажет. Күнүмдүк жашоонун оор түйшүктөрүнөн улам жүрөккө толгон кайдигерлик, ичи тардык илдеттеринен арылып, жакындарыбызга, өзүбүзгө жакшылык тилөө менен таңды тосуу кажет.

ИСЛАМ ИКАЯЛАРЫ
Чоң жана кичине күнөө
Арабиянын бир шаарында өтө такыбаа, келишимдүү жигит жашайт. Ага арзыган кыз-келиндер толтура эле. Бул шаардын менменсинген сулуу айымдарынын бири аны кылтакка илүү үчүн бир кемпирди жалдайт. Ал такыбаа адамдын үйүнө барып “дуба кылып бериңиз” деп алдап чакырып келип, тиги аялдын үстүнө киргизип жиберет да, сыртынан кулпулап кетип калат.
Аял жигитке үч талап коёт:
– Сен мени менен бир түндү өткөрөсүң. Же болбосо диниңди чанып, Идолго сыйынасың. Аны да аткаргың келбесе, эки жашар наристени өлтүрөсүң же алдыңда турган аракты ичесиң. Буларды аткармайынча үйдөн чыгам деп ойлобо!
Тиги жигит минтип ойлонот: “Наристени өлтүрсөм, чоң күнөө, ал эми Идолго сыйынсам да болбойт. Ойноштук кылуудан өткөн эмне күнөө бар? Баарынан жеңили – арак ичип кутулайын. Алла мени кечирер”,- деп ойлоп, алдындагы аракты тартып жиберет. Мас болуп калган жигит арактан кийин чоң күнөө деп эсептеген нерселердин баарын жасайт. Мастыгы менен наристени өлтүрөт, аял менен кумарга батат, Идолго да сыйынат.
Ошондуктан бул жашоодо кичине күнөө деген нерсенин артында чоң күнөө жатканын билишибиз кажет.

Бардыгы өтөт!
Ажылыкка бет алган адам сапарында бир кедей үй-бүлөгө туш болот. Үй ээсинин киерге кийими, жегенге тамагы жок кыйналып турган учуру экен. Ажылыкка сапар алган адам “кой, мен бул байкуштарга жардам берейин. Кийинки жылы деле ажылыкка барам” деп тиги кишиге астындагы атын, капчыгындагы акчасын бермей болот. Ошондо тиги адам: “Бурадарым, сен мени ушул абалымдан ат менен, акчаң менен чыгарам деп жатасыңбы? Кой, бекер убара болбо. Алла каалаган күндү көрөм. Анткени бул жашоодо бардыгы өтөт”,- дейт.
Ажылык сапарга барып милдетин аткарып келе жаткан баягы адам кедей адамдан кабар алып коёюн деп алачыкка бурулат. Бирок үй ээси жок.
Коңшуларына сураса, ал адам падыша болгонун айтышат. Көрсө, мураскери жок падыша “кушумду учурганда кимдин башына консо, ошол падыша болот” деп мураскер издейт. Куш кедей адамдын башына конуп, кедей падыша болуп калган экен. “Эми падыша болгондо кандай болуп калды экен?” деп ойлогон такыбаа адам ак сарайга жөнөйт. Негедир, анын кубанган түрүн көрбөйт. Себебин сураса, “жолоочум, бул жообуңду бир топ жылдан кийин аласың” дейт. Бир топ жыл өтүп, баягы падышанын кабарын билгени келсе, ал каза болуп калган экен. Куран окуп коймокчу болуп келсе, мүрзөнүн үстүндө “бул дүйнөдө бардык нерсе утурумдук” деген жазуу жазылыптыр. Ошондо гана падыша эмне айткысы келгенин түшүнүп, жолоочу сапарын андан ары улайт.

Бата менен эр көгөрөт
Дөөтү пайгамбардын жанында турган жигитти көрсөтүп, Азиреил ага шыбырайт: “Бул жигиттин ичер суусу бүтүп калды. Мага анын жанын алып келгенге буйрук берилди. Бүгүн түнү ал бул дүйнө менен коштошот”,- дейт. Дөөтү пайгамбар жигиттин жаштыгын аяп, ойго чөгүп кала берет. Бирок эртеси алдына келген жигитти көрүп, аябай таң калат. Ошондо Азиреил периштеден сурайт: “Сен “мунун күнү бүттү” деп айтпадың беле? Ал менин алдыма келди го”,- дейт.
Анда Азиреил: “Азиретим, бул жигит чыгып бара жатып кутман кары кайыр сурап отурганын көрүп, жанындагы акчасын садага таштады. Ошондо ыраазы болгон абышка “өмүрүң узун болсун!” деп бата берди. Ошондуктан кайрадан жазмышы жазылып, жигиттин өмүрү 80 жашка чейин узарды. Мен анын жанын ала албай калдым”,- деп кабар кылат. Мына, көрдүңүзбү, батанын канчалык касиети бар экенин...

Жаман байпак
Мусулман момун адамдын жалгыз баласы тентек, чыргоо, дүнүйөкор болуп өсүп калат. Баласын канчалык теске салайын десе да, ал атасынын сөзүн укпайт. Дагы деле оюна келгенин кылып, сүткорлук менен алектенет. Атасы өлөр алдында баласын чакырып алып керээзин айтат: “Балам, менин тирүүмдө сөзүмдү укпадың. Эми өлөрүмдө сөзүмдү ук. Мен эки кат таштап кетем. Бирин мен өлгөндөн кийин ач. Экинчисин мени көмгөндөн кийин ачып оку”.
Баласы катты окуса “балам, мени көргө байпакчан көөмп кой” деген жазуу бар экен. Атасынын керээзин айтса, эл болбой коёт. “Ошол кантип болсун? Атаң алжып калса керек” дейт. Ошентип, карыя байпаксыз көмүлөт.
Көөмп келгенден кийин экинчи катты ачса “көрдүңбү, балам, биз тиги дүйнөгө жаман байпагыбызды да алып кете албайбыз” деген жазуу бар экен.
Ата бул оопасыз дүйнөдө эч нерсе алып кете албай турганыбызды түшүндүргүсү келсе керек.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
MARAL
2010-09-03 21:19:23
Эн сонун насааттар,маселелер келтирилген....
0
Tokmok
2010-09-04 01:06:40
Бардыгы өтөт!---degen tushunuksus eken. Bardigi ele bir ele thema eken,dagy kengiri jazylsa jakshy bolmok........
0
aibamuslim
2010-09-05 17:49:06
Альхамду Ллилахи Алла ыраазы болсун ушундай баяндардан кобуроок жазсанар жакшы болмок сураныч!!!
0
Замира
2010-09-06 05:11:45
Forumdagy "Kadyr tun" degen temadagy Tallas myrzanyn informazialaryn okup,myndan da koburook bilip alsanar
0
Elit
2010-09-06 10:17:49
ЭН сонун баяндар экен. Рамазан айында эле жазбастан улантып ар бир санынарда жазып турсанар эн сонун болмок. Аллах Орозонорду кабыл кылган болсун.
0
ABC
2010-09-08 12:09:53
РЕСПЕКТ Супер-Инфо!!! Мындай макалалардын мындан ары да жазылаарына тилектешмин. Адамдарды ойлондура турган баяндар. Азаматсынар.
0
kubzero
2014-12-18 13:35:38
ALLAH baarybyzga yiman bersin! Oomin
0
№ 409, 3-9-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан