Азат Исакунов, “Стартаптар үчүн миллион доллар” долбоорунун негиздөөчүсү: “ЖАРАТМАНДАРДЫН МУУНУН ТҮПТӨСӨМ ДЕГЕН ТИЛЕГИМ БАР”

Жашоо булагы” коомдук кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү жана төрагасы Азат Исакунов “Жашоо булагы инвест” инвестициялык программасынын алкагында өлкө боюнча “Стартаптар үчүн миллион доллар” долбоорун баштады. Долбоордун алгачкы этаптагы бюджетинин көлөмү 1 миллион АКШ долларын түзөт. Долбоор жана анын максаты тууралуу Азат Исакунов менен болгон маегибизде өзү кеңири маалымат берди.

– “Стартаптарга миллион доллар” ири долбоору Кыргызстан боюнча старт алды. Долбоордун максаты кандай?

– “Стартаптарга миллион доллар” долбоору бул бир күндүн ичинде жаралып калган идея эмес. Дүйнөлүк практикада стартаптарды каржылоо, колдоо кеңири колдонулуп келет. Венчурдук инвестициялар боюнча 1999-жылы билим алгам, мезгилдин өтүшү, учурдун талабы менен бул долбоор бүгүн Кыргызстан үчүн керек деген чечимге келип, долбоорду баштадым. Албетте, долбоор аркылуу жаңы технологияларды киргизүү, креативдүү жана перспективдүү идеяларды каржылаганга даярмын. Учурда өлкө үчүн жаратмандык аба-суудай керек, анткени жаратмандар гана өлкө үчүн өзүнүн бараандуу жана баалуу салымын кошо алышат. Андыктан өзүмдүн долбоорлорум аркылуу экономиканын өсүшүнө, сырткы миграциялык агымды кыскартуучу, жаңы жумуш орундарды түзө турган жаратмандардын муунун түптөсөм деген чоң тилектерим бар. Орто жана чакан инновациялык бизнес калктын жашоо шартын жана сапатын жакшыртууга чоң өбөлгө түзөт. Ошол себептен прогрессивдүү, активдүү жана дымактуу жаштарды колдоп, алдыга түртсөк, өлкөнүн өнүгүшүн колго ала турган күчтүү келечек муунду тарбиялоого жетишебиз. Колдоо ар тараптуу болушу мүмкүн, венчурдук инвестициялоо, “бизнес-ангелдердин” каржылоосу, краудфандинг, гранттар жана мамлекеттик колдоолор. Тилекке каршы, биздин мамлекетте кредиттик каржылоо менен гана чектелип калганбыз. Кредит алуу да көйгөйлүү процедуралар менен коштолуп келет: жогорку пайыздар, күрөөнүн коюу талабы. Айрым банктар тобокелдиктерди эске алып, кредит берүүдөн баш тартып да коюшат. Ушундай шарттарда, албетте, бизнес куруу, ишкерликти өнүктүрүү татаалдашып кеткендей туюлат. “Стартаптарга миллион доллар” долбоорун ишке киргизүүдө бул жагдайлардын баарын эске алдык. Каражаттар пайызсыз бөлүнөт жана эч кандай күрөөнү талап кылбайт.

– Көпчүлүккө түшүнүктүү болушу үчүн стартап деген эмне, долбоордун шарттары жана кимдер катыша алышат деген суроолорго жооп берип койсоңуз.

– Стартап деген бул жаңы идеялардын негизинде жаңы технологияларды ишке киргизүү дегенди билдирет. Долбоорго катышуунун шарттары өтө жөнөкөй, жаш курагы 18ден жогору жана бизди кызыктыра турган бизнес идеясы бар ар бир жаран катыша алат. Эң негизгиси, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеши керек. Стартап идея ар кандай тармакты камтышы мүмкүн. Бирок кандай тармакта болбосун, ал сөзсүз түрдө жогорку технологиялык, инновациялык идея болушу шарт. Долбоор Кыргызстандын бардык аймактарын камтып, жаштарды колдоого багытталат.

– Долбоордо тобокелдиктер кандай каралат?

– Стартаптарды каржылоо албетте жогорку тобокелдиктер менен коштолот. Анткени баштала турган долбоорлор жана анын рыноктогу орду жөнүндө алдын ала анализ жүргүзүү толук мүмкүн болбогондуктан, тобокелдиктерге барууга туура келет. Долбоордун ишке киришинен баштап, алгачкы пайда алып келгенге чейинки мөөнөт аралыгы ар учурда ар кандай убакытты талап кылат. Ал үчүн идеянын авторунан да, каржылоочу тараптан да сабырдуулук менен жогорку аракеттер керектелет. Ошол учурда гана тобокелдиктер жөнгө салынат жана стартаптын рынокто өзүнүн ордун ээлеп, туруктуу бизнеске айланышына себеп болот. Ар бир турмушка ашкан ийгиликтүү стартап идея өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө өз салымын кошо алат, андыктан аздан көптү түптөп, жаратмандарды колдоого алуу учурдун талабы десем жаңылышпайм.

– Стартап идеяларды тандоо кандай шарттар менен өтөт?

– Стартаптарды кароо жана тандоо тууралуу маалыматты фонддун www.jashoo-invest.kg сайтына жайгаштырдык. Тандоо бир нече этапта өтөт, бардык этаптарда стартаптардын уникалдуулугуна, жаратмандыгына, перспективдүүлүгүнө карата бааланып, эксперттик комиссия бүтүмүн чыгарат. Ошол эле учурда идеянын ээсинин жана команданын өздүк сапаттары каралмакчы. Өзгөчө жаңы жумуш орундардын түзүлүшүнө, логистика, сырье менен камсыздоочу ишканалар менен иш алып баруу жана импортту алмаштыруу жагына көңүл бурулат. Долбоордун ээси каалоосу менен идеясынын автордук укугун юридикалык бекитип алса болот. Мен кредит, пайыз жана күрөө коюуга каршымын, андыктан иш башында идеянын ээси менен айрым факторлорду эске алып, өнөктөштүк иретинде үлүштүк катышууну тактап алабыз. Бардык тобокелдиктерди биз өзүбүзгө алабыз. Белгиленген мөөнөттө долбоордун ээси инвесторго тийиштүү болгон үлүштү сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

– “Стартаптарга миллион доллар” долбоорунун жалпы бюджети 1 миллион доллар деп белгиледиңиздер. Бул каражат кимдики? Өзүңүз тууралуу маалымат берсеңиз. Эмне менен алектенесиз, кайдан болосуз?

– Өзүм Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында туулуп-өскөм. Мектепти да ошол айылда аяктагам. Жогорку окуу жайды аяктаган соң, кесибим боюнча банк тармагында 3 жыл иштедим. Ата-энем пенсионерлер, айылда турушат. Акыркы 20 жылдан бери ишкерлик менен алектенем, долбоорго деп бөлүнгөн 1 миллион доллар жеке өзүмдүкү, адал эмгегимдин үзүрү. Менин негизги ишкерлигим өндүрүш менен байланыштуу, акыркы 10 жылдан бери темир иштетүү тармагында иш алып барам. Мен жетектеген ишканалар учурда Кыргызстандагы алдыңкы 100 ишкананын катарына кирип, ири көлөмдө салык төлөйбүз. Бардыгы таза, ачык-айкын. Ишканаларымда жалпысынан мультипликативдүү эффект менен 1000 адам иш менен камсыздалган.

– Сиздин кайрымдуулук менен алектенгениңизди да угуп калабыз. Кандай учурда, кимдерге жардам кылып жүрөсүз?

– “Оң колуң менен бергениңди - сол колуң билбесин” деп айтылат. Негизи кайрымдуулук иштерим тууралуу айта бергенди туура көрбөйм. Бирок башкаларды да кайрымдуулукка чакыруу иретинде “Жашоо булагы” кайрымдуулук фондун негиздедим. Буга чейин онкологиялык илдетке чалдыккан наристелерге жана муктаж болгондорго жардам көрсөтүп келгем, учурда да кайрылгандардын саны көп. Бардыгына бирдей жардам көрсөтүү үчүн бул ишти системдештирүүнү туура көрдүм.

– Стартаптарды колдоо идеяңыз кайдан келип чыкты?

– Стартаптарды колдоо идеясынын жаралышына бир катар себептер болду. Эң негизгиси – жаратмандарды колдоп, мыкты стартаптарды ишке киргизүү. Мыкты идеялар орто жана чакан бизнестин өнүгүшүнө алып келет, ал өз учурунда экономиканын өсүшүнө түрткү берет. Учурда жаштар арасында идеялары бар, бирок иш ачууга каражаттары жетишсиз болгондор көп. Эгерде тажрыйбасы жана каражаты бар болгон ишкерлер аларды колдоого алышса, жаштар арасында күжүрмөн жана демилгелүү жаштардын татыктуу муунун өстүрсөк болот.

– Сиздин коомчулукка бул долбоор аркылуу чыгышыңыз келе жаткан шайлоолорго байланыштуу эмеспи?

– Менин долбоорум эч кандай саясий максаттарды көздөбөйт. Өзүм дагы саясаттан алысмын, шайлоолорго барбайм. Бир дагы партияда мүчө эмесмин, эч качан мамлекеттик кызматтарда иштеген эмесмин. Учурдагы саясатчылардын бири менен да мамилем жок. Саясатка барууга пландарым да жок. Учурда өзүмдүн ишим бар, көздөгөнүм мамлекетибизге өзүмдүн сүйүктүү ишим аркылуу пайда алып келүү.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
suban78
2020-02-04 16:39:22
Эн сонун. Мен уч торт баланы билем, жасаган нерсесин да коргом, эгер ошолорду кооздоп чыгарса чет элден келгендерден коро сапаты мыкты болуп жана арзан да болмок. Бироосуно айтсам, ишим жакшы болбой калса,кийин толой албай калсамчы деп конбой койду. Озум акча таап эле баштайм дейт. Азыр Россияда иштеп журот.
0
Dimedra
2020-02-04 18:15:54
Мыкты, баракелде! Мен ар дайым ушуну ойлоно берчүүмүн. Чет элдерде мыкты бизнес план бааланат, ошон үчүн билимге умтулушат, бизде да колдогон адамдар болсо билимге умтулушмак жаштар деп, себеби бизнес план түзүү акылдын иштөөсүн талап кылат. Ишинизге ийгилик!
0
№ 900, 30-январь-5-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан