АЛЬКАМИЛЬ

Өзгөчө ысымы, келбети, башка ырчылардан айырмаланган стили, «Да, я любил тебя» аттуу ыры менен жаш угармандардын көңүл борборуна алы-
нып келе жаткан Алькамиль менен тааныштырабыз.

Алькамиль
1990-жылы 7-мартта Бишкек шаарында төрөлүп-өскөн. Учурда Бишкектеги Архитектура жана Курулуш техникумунун 1-курсунда дизай-нер бөлүмүндө окуйт. Музыкадан сырткары сууда сүзүүгө жана бийлөөгө кызыгат.

– Учурда жаш ырчылар сахнага атайын башка ат менен чыгып жатышпайбы. Сенин Алькамиль деген атың өзүңдүкүбү же псевдонимиңби?
– Өзүмдүн эле атым. Бул ат араб тилинен которгондо “хан”, “бай” дегенди билдирет. Ата-энем хандай акылдуу, эл башкарган жана бай болсун деп мага Алькамиль деген атты ыйгарышыптыр.

– Продюсериң белгилүү ви-джей Алексей Филатов экен. Алексей менен кандайча таанышып, иштешип калдың?
– Өзүм кичинекей кезимден эле ырдап, белгилүү ырчы болгум келчү. Мектепте өткөн кечелерде дайыма ырдачумун. Ал эми Алексейди мен теледен көрүп, жакшы алып баруучу катары баа бергем. Кийинчерээк ырчы Самандарга продюсер катары жардам берип жүргөнүн угуп, Алексей менен таанышкым келген. Кантип таанышаарымды билбей жүргөн күндөрдүн биринде жарыядан Алексейдин бир концертти алып бараарын угуп, ошол концертке баргам. Бирок, сахнанын артына өтө албай койгом. Кийин да ал катышкан концерттерге калтырбай барып жүрдүм. Бир жолу эшикти тосуп турган коопсуздук кызматкерлеринен суранып жатып сахнанын артына өтүп, Алексей менен тааныштым. Ырчы болгум келгенин айтсам, ошол эле жерден мени ырдатып көрүп: “Үнүң жакшы экен” деди. Ошондон көп өтпөй эле чогуу иштешүү жөнүндө бир чечимге келип, азыр минтип иштешип жатабыз.

– Орус тилинде ырларың бар экен, ал эми кыргыз тилинде качан ырдайсың?
– Кыргыз тилинде ырларды жаздыра баштадык. Биринчи кыргыз тилиндеги ырым апама арналмакчы. Анткени, учурда апам Россияда. Ал менин ырдап чыкканымды телефондон эле уккан. Жакын арада келгени жатат. Апамдын келишине арнап “Апакем” деген ыр жаздырып жатам.

– Ырчы болуу үчүн музыкалык билимге ээ болуш керек бекен?
– Албетте, музыкалык билим болуш керек. Мен М.Абдраев атындагы музыкалык окуу жайдын скрипка жана фортепьяно бөлүмүн аяктагам. Учурда вокалдан жана бийден сабак алып жатам. Билими жок ырчы сахнада дароо эле билинип калат. Сахнага чыкканда ырга жараша бийлегенди да билиш керек. Ырды бий менен коштосоң ыр көркүнө чыгат эмеспи.

– Сени орус жылдызы Дима Биланга окшоштурушпайбы?
– Чынын айтсам, көптөр окшоштурушат. Дима Билан ырдаган орусча, англисче ырларын мен ырдап койсом “куюп койгондой окшошсуңар” деп айтышат. Ал эми кээ бири менин улутумду уйгур деп ойлошот. Бирок, мен кыргызмын.

– Жаш жылдыз Самандар менен сенин стилиң окшошуп кетет экен. Экөөңөрдүн стилистиңер бирби?
– Мен сахнага чыга электе эле стилим ушундай болчу. Сахнага чыккан соң болгону чачымды өзгөрттүм. Ал эми сахнага кийүүчү кийимдерди Алексей экөөбүз тандайбыз.

Маектешкен Бактыгүл Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 233, 20-26-апрель, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан