ТӨКМӨ АКЫН БАЯН АКМАТОВ “АЙТЫШ” СЫНАГЫНДА БАШ БАЙГЕГЕ ЭЭ БОЛДУ

26-январда “Кең Тянь-Шань, курчалгансың нур менен, казак-кыргыз какшап айтсын ыр менен” деген аталыштагы эл аралык айтыш сынагы өттү. Аталган иш-чара Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук драма театрында өткөрүлдү. Сынакта баш байгени багындырган Баян Акматовго байланыштык:

– Бул сынактын уюштуруучулары Нурсултан Малдыбаев менен Кутман Садыбакасов мурунтан эле “Нарында айтыш өткөрөбүз” деп жүрүшчү. Нарын районунун акимчилигине сунушташып, демөөрчүлөрдү таап, Казакстандан да акындарды чакырышыптыр. Эл айтыш өнөрүн сагынып калган экен, залдагы орундуктар толуп, туруп көргөндөр да болду. 2-3 саатка пландалган айтыш 5-6 саатка созулду. Айтыш абдан курч болуп, калыстар байгелерди ыйгарууда бир чечимге келе албай кыйналышты. Акыры жыйынтыгында баш байгеге коюлган 100 миң сомду мага ыйгарышты. 1-орунду Турат Жумаев алса, 2-орунга Жамайка Токонова менен Нурлобек Курмановдор татышты.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
nurda00
2020-02-04 06:59:38
Качан каяктан коро алабыз?
0
№ 900, 30-январь-5-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан