Билип ал
Көптөгөн адамдар кымбат баалуу металлдардан жасалган асем буюмдарды тагынып жүрүшөт. Бирок алар ошол металлдардын дарылык күчүн биле беришпейт.
Күмүш
Күмүш – металл-дарыгерлердин ичиндеги лидер. Күмүш бактерияларды өлтүрүп, урологиялык оорулардан айыгууга көмөктөшөт. Өттүн иштөөсүн жакшыртып, көк боор менен боордун иштөөсүн калыптандырат. Адамга күч жана эрк берип, жүрөктү бекемдейт, көрүүнү жакшыртат. Өзгөчө күмүш дем алуу жолдорунун жана ичеги ооруларында пайдалуу.
Алтын
Бул металл – депрессияга каршы мыкты дары. Эс-тутумду жакшыртып, өпкөнүн, көк боордун, булчуңдардын иштөөсүн жакшыртат. Алтындын дарылык күчү көп болушу үчүн аны моюнга, кулакка тагынуу кажет.
Темир
Темирден жасалган тумарлар бат чарчагандар жана анемиядан азап тарткандар үчүн сунушталат. Темир эритроциттердин (кандын курамындагы зат) көбүрөөк бөлүнүп чыгышын шарттайт.
Гемоглобинди көтөрүп, сөөктү жана нервди бекемдеп, организмди жашартат.
Коргошун
Коргошун тери жана рак ооруларынан кутулууга жардам берет.
Жыныстык органдардын сезгенүүсүнөн арылууга көмөктөшөт.
Калай
Бул жеңил металл жашартуучу күчкө ээ. Астманы, диабетти айыктырууда калайдын упадай майдасы колдонулат.
Металлдардын дарылык күчүн билген соң эми өзүңүздүн организмге пайдасы тийчүсүн тандап алсаңыз болот. Эскертип кетер жагдай, бир нече металл түрүн бир эле мезгилде тагынып алууга болбойт. Бул адамды өзүн жаман сезүүгө, табиттин жоголушуна, шакыйдын кармашына алып келет.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg