Борбордук Африка Республикасынын Бриа шаарындагы массалык кагылышуудан кеминде 50 адам каза тапты. Бул тууралуу 28-январда жергиликтүү бийлик өкүлү Эварист Бингвинижи чет элдик маалымат каражаттарына билдирген.
Маалыматка таянсак, массалык тирешүүгө өз алдынча куралданган отряддар жана өкмөттүк күч түзүмдөрү катышкан. 40 миңден ашуун калкы бар бул шаар алмазга бай Жогорку Котто префектурасынын административдик борбору болуп саналат. Эварист Бингвинижинин айтымында, шаар үчүн күрөш 25-январда башталган.“Кагылышууда 50дөй адам каза болду, көпчүлүгүн дароо көмүп салышты. Ошондуктан так санын айтуу кыйынга турууда” дейт бийлик өкүлү.
Дамира Арстанова
koom@super.kg