Талды-Коргон облусунун жашоочусу баллон менен жылгаяк тээп келе жатып, кырсыктап каза тапты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка таянсак, кырсык тууралуу маркумдун жакыны өздүк баракчасына “Текели” лыжа базасында бир тууганыбыз омурткасын үч жеринен сындырып алып ооруканага жетпей көз жумду. Жергиликтүү бийлик коопсуздукту камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды көрбөйт" деп жазган. Алматы облусунун полициясы кырсык тууралуу маалыматты тастыктап, Казакстандын Кылмыш кодексинин 306 беренеси ("Коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды өндүрүү, сатуу же кызмат көрсөтүү") менен иш козголгондугун билдирди. Эгерде кызмат көрсөткөн тарапты сот күнөөлүү деп тапса, күнөөлүүлөр 4-8 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Дамира Арстанова
koom@super.kg