ПЕРИШТЕНИН КӨЗ ЖАШЫ (Мигранттын балдары, кичинесинен бири-бирин жоготуп алган наристелер тууралуу баян)

(Башы өткөн сандарда)

– Мен компаниянын башында тура албайм. Айжандын, апамдын укугу меникине караганда көбүрөөк. Кутман байке, мага эч нерсенин кереги жок,- деди Асман.

– Жакшы ойлондуңбу?

– Ойлондум.

– Анда туура эмес ойлонуптурсуң. Атаң өмүр бою курган бул империяны апаң менен Айжан эки күндө жок кылат,- деди үнүн бийик чыгарып.

– Кандайча?

– Кызым, көзүңдү ач. Апаң көп жылдан бери кумар оюну менен ооруйт. Бул жагы Алматы, тиги жагы Орусияга чейин аты таанылган кумар оюнчусу. Буга чейин атаң аркасын жаап келди. Билесиңби эмне үчүн?

– Жок, билбейм.

– Апаң кезинде тышкы иштер министринин жалгыз, эрке кызы болгон. Атаңа кайнатасы бул медиа империяны курганга жардам берген.
Кутман толтура нерселерди айтып жатты. Асман атасы мээримдүү, сонун адам экенин гана билчү. Ал эми анын караңгы тарабын саналуу адамдар гана билчү. Атасы эч кандай периште эмес болчу.

ххх

Сулайман акылдуу адам болчу. Көкүрөгү көп нерсени көрө алган чебер сүрөтчү эле. Таланттуу, бирок элге белгисиз адамдын тагдыры Сания аттуу кызга ашык болгондон баштап өзгөрдү. Экөө бири-бирине аябай ашык эле. Ошол үчүнбү, аялынын кемчиликтерин өмүрү өткөнчө жашырып келди.

Кайнатасы өлкөдөгү таасирдүү адам болчу. Анын артында тукумун улаган эркек жок болгону үчүн Сулайманды өз баласындай жакшы көрдү. Билген тажрыйбасын, эмгегин, акчасын аяган жок. Ошентип бул чоң империя түзүлгөн. Бир күнү Сулайман командировкадан эрте келип калды. Үйдө башка бир эркектин үнү угулду. Алгач түшүнбөй туруп калды.

– Жаным, сен Сулайманды келесоо деп ойлобо. Биздин байланышыбызды билсе экөөбүздү тең жер менен жексен кылат,- деди эркек. Үнүнөн жакын досу Эсен экенин тааныды.

– Билбейт, атам аны алыска жиберген.

– Билбейм, мага деле үй-бүлөмдүн алдында оор болуп баратат.

– Эсен, наалыбачы. Жашоо биздики. Сүйсөң сүй, сүйбөсөң башканы оңой эле таап алам. Бирок мен сени сүйөм да,- деди аял кылыктанып.

Сулайман эмне кыларын билбей калды. Нес болуп тура берди. Өзүнө келгенде бул ыплас жерден качып кеткиси келди. Жамгыр жаап жаткан. Шөмтүрөп суу болгон ал бир кафеге кирди. Бардыгын ойлоно баштады. Бул мамиле качан башталды? Саниянын сүйүүсү качан өчтү? Акылына эч нерсе келбеди. Ал жакшы аял болчу. Акылдуу болбосо да, кумарлуу аял эле. Сулуу болчу. “Кана, дагы эмнеси менен жакты сага, Сулайман? Эң негизги себебин айтчы?”  деди өзүнө-өзү. Ошондо гана өзү моюнга алгысы келбеген чындык чыга келди. Ал Санияга даражалуу адамдын кызы болгону үчүн үйлөнгөн.

Башында сүйгөн, албетте. Бирок кийин кайнатасынын таасири күчтүү экенин, өзүнө болгон ишенимин сезе баштаганда үйлөнүүгө максат койгону чын эмеспи? Эми аялы көзүнө чөп салып жатканын билгенден кийин ажырашып кете алабы?

“Жок” деди ичинен. Аны менен ажырашса кайнатасынын таасиринен ажырамак. Эми гана бутуна туруп бараткан компаниясынын келечеги толугу менен кайнатасынан көз каранды болчу. Демек, эч нерсе болбогондой жашоосун улантуу керек.

– Кантип?- деди өзүнө-өзү таң калган Сулайман.

– Ошентип, сенин буга күчүң жетет. Кийин досуңдан да, аялыңдан да өч аласың. Азыр эмес.

– Жок, мүмкүн эмес,- деди алдастаган ойлору.

– Мүмкүн,- деди реалдуулук.

Эртеси командировкадан келген Сулайман аялына суз гана бетин тосту.

– Сагындым сени. Азыр сага сонун жаңылык айтам. Менин боюмда бар.

Сулайман оозун ачып туруп калды. Бул анын биринчи наристеси эле. Аныкыбы же Эсендикиби?

– Эмне болду, эч качан балалуу болбойбуз деп ойлодуң беле?- деди кылыктанган аялы.

– Күткөн эмесмин. Мен душка кирип чыгайын.

Жуунуп жатып, тамак ичип жатып да ойлонгону бир гана нерсе эле. Бала кимдики? Аныкыбы же... Бул ойлордон жинди болуп кете жаздаганда врачка барды.

– Мен армияга барып текшерилүүдөн өтүп жатканда “эч качан балалуу болбойсуң” деп айтышкан. Азыр аялымдын боюнда бар. Кайрадан текшерилип көргүм келип жатат,- деди.

Аз убакытта дарыгердин корутундусу колуна тийди. Денеси титиреп кетти. Ал ата болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес эле! Муну апасынан башка эч бир жан билчү эмес. Көпкө ойлонуп отурду. Мейли деди ичинен. Жараткан ага балалуу болууну ыраа көрбөсө, демек, башка бирөөнүн баласына ата болууну ыраа көрүп жаткандыр. Сеникиби, башканыкыбы, айырмасы кайсы?

Ата болуу жакшы эмеспи. Сания кыз төрөдү. Сулайман ал кызды аябай жакшы көрдү. Болгону төрт жашка чыкканда ооруп, чарчап калды. Кийин Саниянын боюнда болгон жок. Ал далай жерге барып көрүнүп жүрдү. Бир күнү Сулайман аялынын убара болуп жүргөнүн көрүп минтип айтты.

– Кел, бала багып алабыз.

– Кандайча?

– Эгерде багып алсак, балким, боюңда болуп калар.

– Мен бирөөнүн баласын жакшы көрө албайм да.

– Мен жакшы көрө алам. Өзүмдүкүндөй мээрим төгө алам. Мага меникиби же башканыкыбы, баары бир. Балдарды аябай жакшы көрөм.

– Мейли,- деди аялы оозу бош. Экөөнүн тең жаралары, жан адамга айта албаган сырлары бар эле. Ошентип алардын жашоосунда Арууке аттуу кыз пайда болду. Биринчи жолу кызды көргөндө Сулаймандын жүрөгү солк этти. Көздөрү жаштуу, периштедей кызга бир көрүп ата болду. Сулаймандын бул жашоодогу эң жалгыз жакын адамы Асман болчу. Жан дүйнөсү сүрөтчү, бирок амбициясы, акылы менен медиамагнат болгон бул адамдын жашоосундагы эң таза периштеси Асман болчу. Сулайманды сүйүктүү аялынын туруксуздугунан, досунун кыянаттыгынан, өзүнүн амбициясынан тазалаган, дүйнөнү жарык, кең, таза көрсөткөн Асман эле.

Бир күнү Сания экинчи жолу боюнда болгонун айтканда күйөөсүнүн өңү бозоруп кеткенин байкаган да жок.

– Канча ай болуптур?- деди аялына түз караган Сулайман.

– 1 ай.

Демек, Индияга командировкага кеткенде болгон иш экен. “Кызык, баланын атасы бул жолу ким болду экен?” деди ичинен. Бул жооп дагы көп узабай белгилүү болду. Айжан досу Эсендин көчүрмөсү болуп төрөлдү. Дал ошондой сары, көздөрү кичинекей, кашы, кирпигинен бери сапсары кызды караган сайын Эсенди көргөндөй болор эле. Эң оору ошол болчу. Дасторкондо бапылдап үй-бүлөсү менен отуруу, бири-бириникине конокко баруу, кыз чоңойгон сайын Эсендин балдары менен көбүрөөк тил табышканын карап туруу жан чыдагыс оору болчу. Бирок ал дагы күнөөсүз эмес эле. Демек, бирге бир. Жашоодо ар дайым ушундай эмеспи. Ар бир адам тандоосу үчүн жооп берет.

Эгерде ал бийликти, байлыкты, таасирди каалабаса, баарын бетине айтып үйдөн чыгып кетиши керек эле да. Бирок анте албады. Демек, жөн гана чыдаш керек. Асмандын атасынын тозогу ушул болчу...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
mamatkerim1968
2020-02-03 10:30:00
Татаалдашып кетип атабы.
+2
Avrora2017
2020-02-03 11:49:04
Erkek emes ekenda
+1
№ 900, 30-январь-5-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан