АЯЛ ЭНЕРГИЯГА БАЙ БОЛСО, ҮЙГӨ ИЙГИЛИК ШАШАТ

Кытай элинде байыртадан “аялзаты жаштайынан энергия топтоону жана аны сактоону үйрөнүүсү керек, эркек үчүн күч-кубат берүүнүн булагы болуусу шарт” деген даанышман кеп айтылып келет. Бул кепти “чарчаңкы аял эч убакта эркектин калыбына келишине жардам бере албайт” деп психологдор да тастыкташат. Чынында аялзаты табиятынан энергияны жаратуучу, сактоочу, ал эми эркек ошол энергияны таратуучу катары сыпатталат. Анын энергиясы бүтүндөй бир үй-бүлөнүн психикалык абалын чагылдырып турат. Энергия канчалык мол, күчтүү болсо, жанындагыларды сөзсүз ийгиликке жетелейт. Керектүү энергияны аял кайдан алса болот? Биз аларды санап беребиз. Даяр болсоңуз кеттик...

МИЛДЕТИҢИЗДИ ТАК АНЫКТАҢЫЗ

«Менин деле колумдан келет», «мен баарын кыйратам» деген сөздү азыраак колдонуңуз. Бул эркекке таандык касиет. Анын ордуна «мен каалайм» деген сөздү көбүрөөк айтыңыз. Мырзаларга атаандаш боло бербей, өз милдетиңизди так аныктап алыңыз. Мисалы, үйдөгү эмеректи жылдыруу, бузулган кранды оңдоп коюу, же болбосо бир мүшөк буудайды тегирменге тарттырып келүү сиздин жумушуңуз эмес. Аял киши эркектин жумушун жасаган учурда эркектик энергия көп иштелип чыгат. Мындай учурларда мырзаларды жардамга чакырган оң. Эгер аргасыздан жасап калсаңыз, сөзсүз жолдошуңузга «сенин бошобой жатканыңды түшүнүп, жардам кылып койдум» деп айтууну унутпаңыз.

ЭС АЛЫҢЫЗ

Иштеген адам эс алууну да билиши шарт. «Акча табышым керек», «бүгүн жумуштардын баарын бүтүрүшүм керек» деп жумуштан баш көтөрбөй иштөө да аялдык энергиянын аз иштелип чыгуусун шарттайт. Чарчадыңызбы, эс алыңыз. Күн сайын келбетиңизге, денеңизге кам көрүү үчүн атайын убакыт арноону адат кылыңыз. Энергия топтоодо массаж жасатуу, бийлөө, йога менен машыгуунун жардамы көп. Болгону машыктыруучу аялзаты болсун.

БААРЛАШЫҢЫЗ

Үй-бүлө мүчөлөрүнөн сырткары оюңуз бир, жактырган, сыйлаган, симпатияңыз бар эжелер, курбулар, чоң апалар менен бат-баттан кездешип, көбүрөөк баарлашыңыз. Анткени аялдар менен болгон мамиле ички энергияны көбөйтөт.

СУУГА ЖАКЫН БОЛУҢУЗ

Суу – аялдын энергиясынын булагы. Андыктан көлгө, өзөнгө, деңизге бат-баттан барып туруңуз. Эч болбосо душка түшүп, ванна кабыл алып турууну унутпаңыз.

УЙКУ ТЫНЧ БОЛСУН

Аялдар сулуу, тыкан көрүнүшү үчүн сөзсүз тынч уйку менен камсыздалышы шарт. Ашыкча түйшүктөрдөн улам кеч жатып уйкусу канбаган же уйкусу качкан аял эртеси маанайы жок жүрөт. Бул нерсе өзүнө гана эмес, айланасындагыларга да терс таасирин тийгизет.

ТУУРА КИЙИМ ТАНДАҢЫЗ

Такай шымданып, жынсы кийип жүрүүдөн качыңыз. Эгер бул диний көз караш деп ойлосоңуз анда жаңылышасыз. Анткени кийип жүргөн кийимибиз, ал тургай бут кийимибиз да энергия тартуулайт. Мырзаларга тиешелүү кийимдер, буюмдар аялзатынын наздуулугун уурдайт. Негизинен аялзаты жер тараптан, төмөндөн энергияны көп топтойт. Андыктан гардеробуңуздун басымдуу бөлүгүн көйнөк, юбка, айымдардын жеке өзүнө тиешелүү кийимдер ээлегени туура. Ошондой эле ачык түстөгү кийимдерди кийип жүрүү, аялдарга арналган жарашыктуу чач жасалгалар, асем буюмдар оң энергиянын агылып келишине чоң таасирин берет.

САНААНЫ КАТПАҢЫЗ

Болгон санааны, таарынычты, ызаны ичке катуу да айымдын ички энергиясын бузат. Бул нерсе кайсы бир күнү агрессивдүү аялга айлантышы толук мүмкүн. Бирөөгө таарындыңызбы «сен мени таарынттың» деп ызаңызды бетине айтыңыз же болбосо таарынычты ичке сактабай чыгарып салыңыз. Жан дүйнө канчалык сүйүүгө толсо, ошончолук жакшы энергия чыгат.

ЧЫРДАШПАҢЫЗ

Эмоция – адамдын эң негизги кыймылдаткыч күчү. Ички дүйнөңүздү булгап албаш үчүн бирөө менен чырдашуудан, кыйкырышып урушуудан, бирөөдөн сөз талашуудан, арыздануудан, нааразы болуудан качыңыз. Бул нерселер энергиянын жолун бууйт же болбосо эскиртет. Жумшак, мээримдүү болуп, өзүңүзгө жана айланадагыларга жакшы сөз айтуу аялдык энергияны көбөйтөт.

ЖАККАН ЖУМУШТУ ЖАСАҢЫЗ

Жасап жаткан жумушуңуздан ырахат албасаңыз, анда дароо токтотуңуз. Мындай учурда энергия топтолбойт, тескерисинче, эмоционалдык чыңалууну пайда кылып, энергияны жууп кетет. Жан дүйнөңүзгө эмне жагат, ошол нерсе менен алектенүү энергия тартуулап, стресстен арылтат жана шаңдуу маанайда жүрүүнү камсыздайт.

ЖАКШЫЛЫК КЫЛЫҢЫЗ

Колдон келсе кайрымдуулук иштерине катышыңыз, бирөөлөргө жардам бериңиз. Үй-бүлө мүчөлөрүнө, досторуңузга чын көңүлдөн тамак жасап берүү, жакшы сөз арноо, белек берүү жаныбарларды, канаттууларды тамактандыруу, кучактоо, да аялга энергия тартуулайт.

ТУУРА ПЛАН КОЁ БИЛИҢИЗ

Жаңы жумуш баштайсызбы, эртең эмне иш кыласыз, саякаттайсызбы же тоого эс алганы барасызбы, сөзсүз алдын ала майда-барат нерселерине чейин пландаңыз. Туура пландалган жагдай энергияны сактап калат.

ЖАЛГЫЗДЫКТАН КОРКПОҢУЗ

Эч убакта жалгыз калуудан коркпоңуз. Бул убакытты өзүңүзгө арнап, энергияңызды көбөйтүүгө шарт түзүңүз.

ҮЙДҮ ТАЗА КАРМАҢЫЗ

Үйүңүздү, бөлмөңүздү таза кармаңыз. Анткени үй менен аялзатынын ортосунда күчтүү энергиялык байланыш бар. Бекеринен «аял – үйдүн куту» деп айтылбаса керек. Үйдө ар нерсени, буюмду ыңгайлуу жайгаштыруу аялзатынын милдети. Чачылган, иретсиз коюлган буюмдар, керексиз, сынык күзгү, идиштер жана эски буюмдар маанайды чөгөрүп, стресске кабылтат. Ошондуктан үйдү жыйнактуу кармап, бөлмөлөрдү оюңуздагыдай кооздоп, гүл өстүрүүнү колго алыңыз.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
010288
2020-02-10 10:51:15
Сонун!
+3
Azkoni
2020-02-10 11:22:15
Айылдан кыйла эле алыс,6 бала менен шарты деле жок,эки болмолуу уйдо жашагандарга керектуу да темаларды жазсанар.
+2
Maguska555
2020-02-12 12:57:14
Azkoni,Айылдан кыйла алыс, шарты жок, эки болмолуу уйдо жашап жатып 6 балалуу болгон силердин башынар иштейби? Мен оборт жонундо айтпайм, бирок сактануунун турдуу жолдору бар го? Секс-ырахат алуучу эле эмес бала, жан, адам, жоопкерчилик жаратуучу экенин билбейсинерби? Жон эле торой бербей, ар бир баланын келечеги, ден соолугу, тагдыры, жашоосу, ынгайы жонундо ойлобойсунарбы? Эки болмолуу уйдо чынында аял эки бала менен чон депрессияга тушот. Эркек андан эки эсе стресс!!!
+6
Maguska555
2020-02-12 13:01:57
Azkoni, "Эжелууго эски тон" деген заман отуп кеткен. Азыркы замандын балдары озгочо камкордука муктаж. Билим алышы керек, мектепте да жаны заманбап программалар. Илгеркидей боз уйдо чац ичип, ошол жака жатып, ичип, тороп, конок тосуп, кочуп-конуп журсок бир жон. Силер эле эмес, жетпеген турмушта балдарынар психалогиялык жактан жабыркайт. Бай болуу- бул адал, шариятта да бар. Озунорго тын болуп, кнлечеке план коюп, этияттап, оз жашоонорду кооздоп жашагыла.
+7
Juliakalt
2020-02-13 17:00:25
Maguska555, эн туура айттын! Мен дагы ойуна кошулам!
+2
Azkoni
2020-02-10 11:22:35
Жакшы экен.
+5
Baktyluumun98
2020-02-10 19:44:44
Кудайга шугур.
+2
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-02-13 20:23:34
Эжени таза урушуп салыпсынар.Балдарым надоел деген жок го?!Ошо илгери 2коната үйдө баары бактылуу эле, азыркыдай телефон тиктебей.Адам өзүнө өзү шарт түзүп каала 10 балалуу болсун.
+4
№ 901, 6-12-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан