ОЗОН МЕНЕН ДАРЫЛОО же сыйкырдуу газ тууралуу

Кийинки кездерде озон ХХI кылымдын дарысы деп айтылып жүрөт. Бул жамгырдан кийин пайда болчу жагымдуу жыттуу газдын ушунчалык пайдасы барбы? Анын касиети эмнеде? Ушул сыяктуу суроолор бизди озон менен дарылоочу жайга баш бактырды. Өзүн Жаркын Тазабекова деп тааныштырган дарыгер озондун сырлары жана дарылоо ыкмалары менен ой бөлүштү.

КЫЗЫКТУУ
Озон грек сөзү, бизче “жыттануучу” дегенди билдирет.
Озон – көк түстөгү жагымдуу жыттуу газ. Жамгыр жаагандан кийинки жытты озон газы деп түшүнсөк болот. Негизги массасы озоносферада (жерден 10-25 чакырым өйдөдө) жайгашкан. Озон катмары жердеги тирүү организмдерди күндүн ультрафиолеттүү радиациясынын таасиринен сактайт. Өнөр жайда озонду абага электр зарядын тийгизүү менен алышат. Абаны жана сууну тазалоо үчүн колдонулат.

ОЗОН ГАЗЫ АППАРАТ АРКЫЛУУ АЛЫНАТ
– Жаркын айым, билишимче, озон бул – газ. Муну кайдан аласыңар?
– Озон газы озонатор аппараты аркылуу алынат. Тактап айтканда, медициналык кычкылтек озонатор аркылуу озондолот. Ошентип, дары озон алынат.
– Дарылоо кандай ыкмалар менен ишке ашырылат?
– Алгач келген пациенттин оорусунун диагнозу менен таанышабыз. Анан кандай өнөкөт оорулары бар, кандай операциялар баштан өткөрүлгөнү сураштырылат. Анан жыйынтыктап, дарылоо ыкмалары тандалат. Мисалы, биз барокамерага жаткырып, озон менен дем алдыруу ыкмасын, озонго каныктырылган суу жана май менен дарылоо ыкмаларын колдонобуз. Май үчүн таза өсүмдүк майын аппарат аркылуу озонго каныктырабыз. Суу үчүн газдалган же минералдык суулар колдонулбайт. Жалаң хлору жок, таза булак суулары пайдаланылат. Анан суу да озонго каныктырылат.
Мисалы, астма же бронхити барларды барокамерага 40 мүнөт жаткырабыз. Озон организмге тери жана дем алуу жолдору аркылуу кирип, өзүнүн таасирин тийгизип, адамдын сакаюусуна шарт түзөт.
Озонго каныктырылган май тери, ашказан-ичеги сыяктуу ооруларга колдонулат. Тери оорусунда сыйпалса, ички ооруларда ичилет. Суу да ичүүгө берилет.

ОЗОНДУН КАСИЕТИ
– Озондун кандай дарылык күчү бар?
– Озон организмдеги көптөгөн бактерия, вирус, грибоктордун түрүн өлтүрө алат. Иммунитетти көтөрүп, жараны эрте айыктырып, сезгенүүлөрдү кетирет. Организмдеги кычкылтектин жетишсиздигинде колдонсо, денени кычкылтекке каныктырып, органдардын калыптагыдай иштөөсүн камсыздайт. Өнөкөт оорулардын козголо турган мезгилдери болот эмеспи. Андыктан анын алдын алып озон курсун алса, адамда оору козголбойт же козголсо да жеңил өтөт. Мисалы, жазгы аллергия. Озон – денедеги ашыкча суюктуктарды чыгарып, адамды шишүүдөн куткарат. Кан жана зат айланууну да жакшырткандыктан, адамды анемиядан арылтат. Тери ооруларынан айыгууга салым кошот. Мындан тышкары да касиети көп.
– Дары газды чоңдор менен катар жаш балдарга да колдонсо болобу?
– Ооба, 5 айлык балдардан баштап дарыласа болот. Айта кетчү нерсе, азыр жаш балдарда бронхит, астма, тери жана аллергия оорулары көп кездешүүдө. Алтургай кант диабетине чалдыккандар да бар. Барокамерада чоңдор 40 мүнөт отурса, жаш балдар 15-20 мүнөт отургузулат.
Учурда бизге Мырзабек уулу Алишер деген 5 айлык баланы алып келишүүдө. Алишер аллергиялык дерматиттен жабыркайт. 2-3 күн келген соң абалы бир топ жакшырып калды.

ДЭЭРЛИК БАРДЫК ООРУЛАРДА КОЛДОНУЛАТ
– Озонду кайсы ооруларда колдоносуздар?
– Көптөгөн ооруларда.
Арыктоодо, жашарууда. Озондун өзү менен гана арыктатуу мүмкүн эмес, бирок арыктоо процессин ылдамдатууга болот. Бул үчүн барокамерага жаткырып, озон менен дем алдыруу колдонулат. Мында ашыкча майлар менен целлюлиттер да кошо кетет. Анткени озон жогоруда айткандай зат, кан алмашууну жакшыртат. Бул тери алдындагы ашыкча майлардын эрүүсүнө жол ачат дегендик. Айта кетчү нерсе, целлюлитте майлар өзүнө суюктуктарды топтоп алууга жөндөмдүү. Ошондуктан адамдар семирип же шишип бараткандай көрүнөт. Озон менен дарылоодо ошол суюктуктар да чыгып, адам арыктайт. Тери кычкылтекке жана нымга каныккандыктан, жылмакай жана серпилгич болуп калат. Ошол себептүү адамдын бетиндеги бырыштар жазылып, жаш көрүнүп калат.
Бырыштарды кетирүүдө озонго каныктырылган май да колдонулат. Майды бетке сүртсө тери кычкылтек жана ным менен жетишерлик камсыз болуп, бырыштар кете баштайт.
Дем алуу жолдорунун ооруларында жана терапиялык кеселдерде.
Бронхиалдык астма, өнөкөт бронхит, пневмония, учуктун жабык түрү, рак ооруларынын башталыш стадиялары, дем алуу жолдорунун оорулары (сасык тумоо, ларингит, ринит, фарингит), өнөкөт гепатит, артрит, артроз, аллергиялык оорулар, кант диабети, плеврит, жогорку кан басым оорулары, ашказан жана 12 эли ичегинин жарасы, анемияда пайдаланылат. Буларды дарылоодо көбүнчө 3 ыкма тең колдонулат (барокамера, озонго каныккан май жана суу).
Неврологиялык ооруларда. Ишемиялык инсульт, баш мээдеги кан айлануунун бузулушу, остеохондроз, шакый. Буларды айыктыруу үчүн көбүнчө барокамера жана озонго каныккан суу сунушталат.
Хирургиялык ооруларда. Геморрой, операциядан кийин жараларды айыктыруу. Мындайда көбүнчө озонго каныктырылган суу жана май пайдаланууга берилет.
Гинекологиялык ооруларда. Жатындын моюнчасынын эрозиясы, кольпит, эндометрит. Дары май тампон үчүн колдонулат.
Дерматология. Псориаз, пиодермия (теринин ириң оорусу), чакалай, беттеги бүдүрлөр, ала (витилиго), нейродермит, атопиялык дерматит, микозду (тырмактын грибок оорусу)дарылоодо көбүнчө 3 ыкма тең пайдаланылат.
Косметология. Целлюлит, бырышты жана беттеги тактарды кетирүү, кош ээкти жок кылуу.
Булардан тышкары эркектер менен аялдардын тукумсуздугу кокус сезгенүүлөргө байланыштуу болсо, анда аталган ыкмаларды колдонуу менен сезгенүүлөрдөн арылтабыз. Демек, аларда балалуу болуу мүмкүнчүлүгү жаралат. Мында да көбүнчө 3 ыкмага кайрылабыз.

ТЕРС ТААСИРИ ЖОК
– Озонго каныккан май менен сууну сиздерден алса болобу?
– Ооба. Дары суу менен май тамактан 30 мүнөт мурун ичилүүгө тийиш. Буларды бизден сатып кетип, үйүндө колдоно беришет.
– Дарылануу курсу канча күн?
– Диагнозуна жараша 10-15 күн. Керегине жараша дарылоо курсу кайталанат.
– Кайсы учурларда озон менен дарылоого мүмкүн эмес?

Төмөнкү учурларда:

  • кандын уюшу бузулган болсо;
  • кан агууда;
  • инсульттун оор кези өтмөйүнчө;
  • боюнда барларга;
  • жүрөктүн миокардынын инфаркты курч кармаган кезде;
  • ичкиликтен ууланганда;
  • озонго аллергиясы бар болсо.

– Дары газдын терс таасири барбы?
– Терс таасири жок. Бул илимий жактан далилденген.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
guliakg
2011-03-14 15:26:17
Адресин жазып койсонуздар жакшы болмок!!!
0
guliakg
2011-03-14 15:27:13
Адресин кантип тапсам болот?
0
№ 409, 3-9-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан