ЧҮКӨНҮ БИЗНЕСКЕ АЙЛАНТКАН АЛТЫНБЕК

Алтынбек Айбек уулу өзгөчө идеясы менен Кыргыз жерине келген туристтердин көңүлүн бурууда. Тагыраагы, ал чүкө ойноо хоббисин бизнеске айлантып, киреше таап келет. Жаш ишкер менен болгон маек назарыңыздарда.

– Алтынбек, салам. Чүкө сатып киреше таап жатыптырсың. Мындай ой качан пайда болду?

– Бул ишти баштаганыма 1 жылга жакындап калды. Студенттердин көпчүлүгү жайкы каникулда кошумча каражат табуу үчүн иштешет эмеспи. Мен да каникул учурунда Түркияга барып мейманканаларда официант болуп иштеп келчүмүн. Бир күнү Данияр Эмил агайым “Мигрант ишкер” деген пилоттук долбоор жүрүп жатканын айтып, ошол жакка баруумду сунуштап калды. Аталган долбоор мигрант мекендештерге, аларды бир иш менен камсыздап, мекенибизде кармап калууга арналган экен. Долбоорго барганымда эле “өзүңдүн 40 хоббиңди кагазга жаз” деп тапшырма беришти. Кызыккан нерсемдин баарын жазып, аягына чүкө ойноону да кошуп койгом. Андан соң “ушул 40 хоббиңдин ичинен сатууга мүмкүн болгон бешөөнү танда” дешти. Мен дароо эле “чүкө сатам” дедим да, айылга барып тааныштардан чүкө чогултуп, кийиз боёгон табигый боёк менен боёдум. Анан дүкөндүн текчесинде турган гречканын баштыгына окшоштуруп апама баштык тиктирдим да, чүкөлөрдү салып, тааныштарга, мугалимдерге сунуштай баштадым. Бир эжейим аябай кызыгып, “жолдошумдун курулуш компаниясы бар, логотиби чүкө, ага сунуштап көрөйүн” деп калды. Көрсөткөн соң байке менин идеямды жактырып, кардарларына белек катары сатып ала баштады.

– Көргөзмө, жарманкелерге да алып чыксаң керек?

– Ооба. Бизде кол өнөрчүлүккө, каада-салтка арналган көргөзмөлөр байма-бай өткөрүлүп турат эмеспи. Албетте, мындай иш-чараларга туристтер көп келет. Болжол менен жылына мекенибизге 160 миңдей турист келсе, 4 миллиондой адам өлкөбүзгө кирип чыгат экен. Алар сөзсүз кыргыз өлкөсүнөн эстеликке деп сувенир сатып алып кетишет. Алардын катарында менин чүкө тулуптарым (чүкө баштык) да бар. Мындан сырткары, кыргыздар уулдуу болгондорго, жаңы үй-бүлө кургандарга, жаңы үй алгандарга, туулган күн ээлерине белек катары алышат. Уулдуу бололу деп ырымдап сатып алгандар да бар.

Ар бир кыргыздын үйүндө чүкө тулуптун болгону жакшы эмеспи. Аксакалдардын айтымында, чүкө оюндарынын 50дөй түрү бар. Кеңири ойнолгондору упай, ордо, чертмей жана башка. Чүкө оюндарынын зыяны жок, пайда гана алып келет. Чүкө ойноону ар бир кыргыз баласы билүүгө тийиш деп эсептейм. Анткени чүкө жөн эле оюн эмес. Анын жаш балага тийгизген таасири абдан чоң, аң-сезиминин, дене түзүлүшүнүн өсүшүнө шарт түзөт. Бул оюнду ойноп чоңойгон балдар аң-сезимдүү, чүкөнү ыргытканда муундар иштегендиктен денеси чоюлчаак, колу түз болуп чыга келет. Илгери жоокерчилик заманда балдар кичинесинде чүкө ойноп, бой жеткенде аны мергенчилик менен алмаштырышкан. Мергенчилик кылууда колдун түз болушуна да чүкө атуу оюну чоң өбөлгө түзгөн. Мындан тышкары манжанын учундагы нерв чекиттерин иштетет. Чынында азыр шаар эмес, айылдын көчөлөрүнөн мурдагыдай чүкө ойногон балдарды көп көрбөйбүз. Баарыбыздын колубузда телефон, алдыбызда компьютер. Кыймыл жокко эсе.

– Чүкө сатуудан түшкөн киреше күнүмдүк жашоого жетчүдөйбү?

– Ооба, кем-карчымды толуктайт. Башында чүкөлөрдү кездемеден тигилген тулупка салсам, азыр кыргыз оюм-чийимдери түшүрүлгөн булгаары тулуптарга салып жасалгасын жакшыртып жатам. Чакан тулупка 15, чоң тулупка 50 чүкө салам. Баасы чүкөнүн санына жараша 500 сомдон жогору. Буюрса, бул ишкерлигимдин үстүнөн дагы иштешим керек. Чүкө оюндарынын ойнолушу тууралуу тиркеме жазып кошуп, видеокөрсөтмө жасашым керек. Менин эң негизги максатым – кыргыз элинин маданий мурасын сактап калуу, аны улуттук оюн катары дүйнө элине таанытуу.

– Чоң тулупка 50 чүкө салсаң, анчаны чогултуу деле кыйынга турса керек, ээ?

– Башында айылдаштар менен тааныштардан эле чогултчумун. Азыр ар кимге дайындап чогултуп жатам.

– Жаш балдардын пластмассадан жасалган чүкөлөрдү ойноп жатканын да көрүп калдым эле...

– Кытайдыкыбы? (күлүп) Ооба, андайлар да бар. Бирок ойной келгенде алар баары бир нукура чүкөгө жетпейт. Мен ата мекендик продукцияларды өндүрүп экономикабызды өстүрүүнү каалайм жана ар бир Кыргыз жаранын бул демилгени колдоого чакырам.

– Кызыктуу маек үчүн рахмат. Ишиңде жана окууңда ийгиликтер боло берсин.

Дамира Арстанова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-02-10 10:19:49
Жакшы экен.Элдер ушинтип эле тирилик кылат.
+9
Asyl10
2020-02-11 17:38:42
Baktyluu_bolgum_kelet, Ооба десен, элдин балдары ушинтип эле оокат кылып,чычканга кебек алдырбай жашап журушот :-(
+2
BoDiNur
2020-02-13 15:47:23
Asyl10,+++, минус басылып кетпедиби
0
vikidiki
2020-02-10 13:54:27
Мин уктасам да тушумо кирбеген идея экен! Азамат,Бали!
+11
Asianna---
2020-02-10 18:22:57
Элдердин балдары кыйын ушинтип эле тирилик кылып атышат эптеген экини жейт молодец биз дагы деле талаалап журобуз качан оз мекенибизде жашайбыз кудай билет
+6
Migrant-rf
2020-02-12 16:19:59
Элдин балдары тың!
+2
manatova
2020-02-14 16:06:13
молодец
0
guard
2020-02-15 15:56:12
Чуколорун да чон-чон экен,жалан семиз-семиз кочкорлордуку окшойт, чыйпыт чуколордон да кошуп койсон жакшы болчудай))).
0
Farhat25
2020-02-17 02:31:08
Молодец
0
№ 901, 6-12-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан