ПЕРИШТЕНИН КӨЗ ЖАШЫ (Мигранттын балдары, кичинесинен бири-бирин жоготуп алган наристелер тууралуу баян)

(Башы өткөн сандарда)

Асман атасынын бул окуясын билчү эмес. Нес болду. Жакшылап ойлонсо бардыгы ачык эле көрүнүп турчу экен. Эсен үйгө келгенде атасынын кабагы чытыла түшчү. Ооруп жатканын шылтоолоп кабинетине кирип кетип чыкчу эмес. Ошентсе да түшүнө албай жатты. Кантип? Үй-бүлөнүн эң жакын адамы болгон Эсен байкеси... Атасы өмүр бою бул нерсеге кантип көзүн жумду? Ушунчалык алсыз адам беле?

– Сулайман сени тандады. Ал өмүрү кыска болорун билбесе керек. Сен анын ишин уланта аларыңа көзүм жетет.

– Кантип? Мен эмнени билем?

– Мен жаныңда болом!

Бул оор жүк болчу. Качып кеткиси келди. Өз тагдырын эптей албай жатканда бул ишти аркалап кетүү мүмкүн эместей сезилди.

– Муну оку, атаң сага жазган. “Кайсы убакта көз жумсам, мен тууралуу чындыкты кызыма айтып, ушул катты бер” деген. Мен атаңдын аманатын аткардым.

Катты мыкчый кармаган Асман сыртка чуркап чыкты. “Асман, эгерде сен бул катты окуп жатсаң, демек, көзүм өтүп кетти. Сен мен тууралуу бардыгын билдиң. Атаң сен ойлогондой күчтүү адам эмес экенин билдиң. Бирок баары бир атаңды жүрөгүң эзилгиче аяп жатканыңды билем. Аяба, кызым. Өзүм бул жолду тандадым. Бул жолдо бактылуу болдум. Жашоомдогу сенден кийинки эң маанилүү ишимди сага тапшырам, кызым. Сага ишенем!”

Төрт бурчтук барак. Колуңду, бутуңду жипсиз байлаган кагаз. Көз алдына Эсендин жана апасынын элеси келди. Жок, атасын уят кылбайт. Кайсы бир күнү баары бир Сулайман жеңиши керек. Асман болсо Сулаймандын кызы.

Эртеси эле чачы иреттүү түйүлгөн, классикалык кийим кийген жаш кыз кызматкерлердин алдында турду. Бири таң кала, бири шылдыңдуу, бири аяп карады. Кыздын көзүндөгү жалынды байкагандар да, байкабагандар да болду.

ххх

– Сен бул чечимди кабыл алып туура кылдым деп ойлойсуңбу?- деди Айдар.

– Ооба.

– Апаң менен сиңдиң...

– Башка айлам жок, Айдар байке. Сен билбеген нерселер бар.

– Мейли, өзүң бил. Мен кеттим.

Айдар сыртка бет алды. Асман агасынын колунан кармай калды.

– Сен менин жанымда болбойсуңбу? Кана берген убадаң?

– Мен бул иштерди жакшы билбейм. Мен...

– Мага ишенимдүү адам керек. Бирге үйрөнөбүз. Бирге жеңебиз. Кичинемде мени аркаңа көтөрүп чуркаган талаа эсиңдеби? Сени менен чогуу кубанганым...

– Аруш, сен эстедиңби?

– Мен унуткан эмесмин. Түшүмдө дайыма бирөө жанымда жүрчү. Мени жонуна көтөрчү, чачтарымдан сылачу. Бирок канча жыл өтсө да бул түштүн сырын чече албай келе жаткам. Эч кимге да айта албадым. Болгону сүрөт тарттым. Сен сүрөттөрүмдө болчусуң, Айдар байке. Азыр деле көз алдыма үзүл-кесил элестер келет. Чоң ата да бар эле...

– Ал Калыс атабыз, Аруш. Калыс ата бизди бакчу, эсиңдеби? Үйүбүздүн жанында чоң бак бар болчу. Ага селкинчек жасап берген. Сен ошол жерде көп ойночусуң.

Айдар жан далбастап кетти. Ошолорду Аруукеси эстесе болду, башка эч нерсенин кереги жок.

– Макул, бир гана сага уруксат берем.

– Эмнеге?

– Мага Арууке деп кайрылганга. Сен мени Аруш деп сонун айтасың. Мен сага гана Арушмун.

Айдар жылмайып жиберди да кучагын ачты.

– Кел анда, Арушум!

Экөө кучакташып турду. Агасы чачынан жыттады. Экөө тең ыйлагысы келди.

– Биз ыйлабайбыз, мындан ары күчтүү жана бактылуу болобуз,- деди Асман акырын гана.

ххх

Аял терезеден сыртты тиктеп турду. Жарым өмүрү ушул жакта өттү. Алгач мигрант болуп келип кийин бир үйдүн кожойкеси болду. Эми жолдошу оор абалда жатат. Бул жерде кармай турган эч нерсе калбады.

– Асие...

Асияны алар ушундай аташат. Топтошкон үч аялы, балдары турса да кырылдап Асияны чакырды.

Көптөн бери сүйлөй албай калган күйөөсүнүн көзүнөн бир нерсе айткысы келип жатканын байкады. Жанына жакын барды.

– Эмне дейсиз?- деди адатынча сылык.

Ал колун кысып койду. Сөздөн калган окшойт, көздөрү сүйлөп жатты. Көздөрү кетпе деп жатты. Төрт аялынын эркеси, эң жашы Асия эле. Кыя албай жатты көрүнөт. Түн ортосунда үзүлүп кетти.

ххх

Ушуга чейин Асия өтмүшүн эстебегенге аракет кылып жашады. Анткени бул жерде ал чындап бактылуу эле. Алтын-күмүшкө оролгону кеп эмес. Ал чындап аял кандай болорун ушул адам менен жашап билди. Бейиши болгон күйөөсү орой сүйлөбөй, көңүлүн оорутпай карады. Асиядан башка үч аялы бар эле. Алардын ар биринен бирден баласы бар болчу. Асия төрөгөн жок. Ал төрөгүсү деле келген жок. Бир баласын тагдырдын бороону менен таштап кетип, башка балага эне болууга акысы жок экенин сезди. Ага баланын кереги жок болчу. Энелик сезимди Кыргызстандын бир айылына, кара тору балакай менен чогуу таштап салгандай балдарга суз болчу. Ошондон бери эч бир баланын башынан сылап, өпкөн жок. Бир да балага мээрим төгүп тигилбеди. Энелик сезимди түп орду менен жулуп салгандай эле. Күйөөсү бир нече жолу “балалуу болууга аракет кылалы” деди. Тагдырданбы же анын каалоосунанбы, балалуу болушкан жок. Тагдырдын суук бороонунан сууруп алып бооруна кыскан, аска-зоо болгон эркекти жерге беришти. Эми гана ал өзү тууралуу ойлонду. Ким бул? Бул өлкөдө баалаган эмнеси бар? Балким, анын да аз күнү калгандыр? Балким, ал өз жерине кетет?..

Аял бул ойдон өзү чочуп кетти. Эч качан бул тууралуу ойлонгон эмес. Өтмүшүн чийип салып жашаган ага оңой болчу. Эми канча качса болбой андай ойлор жыбырап келе баштады.

“Атам менен апам карып калышкандыр” деп ойлоду. Оюна келген эң башкы нерседен качып жатты.

Мурас бөлүштүрүү үчүн бир ай керек эле. Үлүшүнө тийгенди алып бул жерде калуу керекпи же өз жерине кетүү керекпи?

ххх

Айгерим ыйлап жатты. Мына баары бүттү. Ушунча жыл сүйүп келген адамынан баш тартты. Аркасынан ээрчип жүргөн жигиттин бирине барды да макулдугун берди.

– Айгерим, чын элеби?- деди ал жигит таң кала.

– Чын.

– Бир нерсе болдубу?

– Сен мени аялдыкка алгың келеби? Анда ал да көп сүйлөбөй.

– Ушундай да болобу?- деди тиги таң кала күбүрөнүп. Канча жолу гүл көтөрүп барса жанына жолотпогон бул кызга эмне болду?

– Азамат, баары жакшы. Болгону сени жакшы жигит экениңди көрдүм, сездим. Сен мени бактылуу кыласың.

– Албетте, бактылуу кылам.

– Анда болду да,- деп, көз жашын араң токтотуп жылмайды.

Үйүнө келип ыйлап жатты. Канчалык тиги жигит менен бактылуу турмушун элестеткенге аракет кылса да окшошпой жатты. Бирок артка кайтууга жол жок болчу.

Айдарды ойлоп жатты. Анын жылмайганын, кубанганда дирилдеп кеткен кирпиктерин, сүйлөгөнүн, капа болгонун бирден бирден элестеткенден тажабайт. "Жетишет, аны ойлобойм" дегени менен, көз алдында турганы турган. Бул дарысы жок ооруга каршы турууга эч күчү жетпей бара жатты. Биринчи жолу Айдар жашоосунда пайда болгонуна өкүндү. Ал Баткенге келбесе, эч качан андай адам бар экенин билмек эмес. Кандай гана эркин жашамак...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
akus
2020-02-10 10:32:49
Жакшы чыгарма экен чыдамсыздык менен куттуп окуйбуз !
+1
guli-1980
2020-02-10 15:08:39
Асия балалуу болду деп окудум беле баштагы серияларында азыр жок деп жазып коюптур же автор унутуп калдыбы?
0
Aima94
2020-02-10 17:12:21
guli-1980,Айдар Асиянын баласы.
0
Azem2013
2020-02-12 20:11:57
Кызык
0
№ 901, 6-12-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан