Акылбек Жамангулов, Megacom компаниясынын башкы директору: “БЫЙЫЛ ӨЛКӨНҮ 100 ПАЙЫЗ 4G ИНТЕРНЕТ МЕНЕН КАМСЫЗДАЙБЫЗ”

Убакыт токтоп турбайт, технология агымы улам жаңы чакырыктарды таштоодо. Бул жаатта “Мегаком” компаниясы кандай иштерди жүргүзүүдө? Компаниянын соңку жаңылыктары, алдыдагы пландары тууралуу “Мегакомдун” башкы директору Акылбек Жамангуловду кепке тарттык.

– Акылбек мырза, 2019-жылы “Мегаком” өлкөнү санариптештирүүгө активдүү катышты. Коюлган пландар ишке аштыбы? Жылды кандай жыйынтыктадыңар?

– 2019-жыл биздин компания үчүн оңой болгон жок. Жылды “Мегаком” ийгиликтүү аяктады, 1 жылдык максаттарды толук кандуу аткарууга үлгүрдүк. Санариптештирүү жылынын алкагында мамлекеттик мекемелер менен бирге амбициялуу концепция иштеп чыкканбыз. Анын алкагында жарандар санарип кызматтарды уюлдук тиркемелер аркылуу алганга бүт шарттар түзүлдү. Бирок бул шарттар биз койгон максаттын жалпы көлөмүнө жете элек. Быйылкы жылга да абдан чоң пландарды койдук. Былтыр 2018-жылга салыштырганда таза кирешебиз бир топ өстү. Коммерциялык сыр, канчага өскөнүн ачык айта албайм. Техникалык базаны жаңылоодо да чоң иштер жасалды. Албетте, биз максатты дайыма бийик коёбуз.

– “Мегаком” Кыргызстанда ири салык төлөөчү саналуу компаниялардын бири. Статистикага, цифраларга токтоло кетсеңиз.

– Билесиз, санариптештирүүдө эң биринчи инфраструктура түзүлөт. Жарандарга санарип кызматты жеткире турган – бул интернет. Былтыр өлкөдө 200гө жакын базалык станцияларды курдук, бул 2018-жылга салыштырганда дээрлик 100 эсе көп. Мисалы, 2018-жылы 20-30 базалык станция курулган. Андан тышкары 700-800 4G ылдам интернет базалык станцияларын курдук. Өлкөдө 10 ири салык төлөөчү болсо, анын бири биздин компания. Биздин компания бизнес менен чогуу социалдык жоопкерчиликти да алып жүрөт. Санариптештирүү жылынын алкагында Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Билим берүү министрлиги менен бирге социалдык долбоорлорду да жасап жатабыз. Бул иштер бизге киреше алып келбейт, бирок мамлекет үчүн мындай маанилүү иштерди жасоо зарыл. “Мегаком” дивидендден тышкары, социалдык төлөмдөрдү, салыктарды өз убагында төлөйт. Мамлекетке керек учурда алдын ала да төлөп жүрөбүз.

– “Мегакомдун” MegaPay электрондук капчык кызматын учурда канча адам колдонууда? MegaPay’дин башка электрондук капчыктардан кандай өзгөчөлүгү бар?

– Электрондук капчык – жаңылык эмес. Дүйнө жүзү колдонуп жаткан тиркемелер. Коңшу Казакстанда, Кытайда “We Chat” деген тиркеме бар. Ал аркылуу бардык мамлекеттик тейлөө кызматтарын пайдаланууга болот. Мисалы, ооруканага жазылуу, балдарды мектепке киргизүү, бизнес, акча которуулар, баарын “We Chat'ка” байлап койгон. Биздин максат да мындан кем калбаган ишти жасоо. Бир жыл ичинде MegaPay’дин колдонуучулары 10 эсе көбөйдү. 2017-жылы 10 миң, 2018-жылы 20 миңдей адам колдонсо, учурда 200 миңге жакын абонент бул тиркемени толук кандуу колдонуп жатышат. Демек, эл тейлөөнү үйдөн чыкпай туруп алуу ыңгайлуу экенин түшүнүп жатат. 2019-жылдын август айынан бери 30-40 мамлекеттик кызматты MegaPay’ге киргиздик. Быйыл бул санды 80ге жеткиребиз деп турабыз. Бул биздин компания үчүн да, мамлекет үчүн да чоң долбоор.

Башка электрондук капчыктардан кандай өзгөчөлүгү бар? Биз тиркемени жасап, рынокко берип гана отуруп калган жокпуз. Долбоордун артында абдан чоң команда иштейт. Алар күн сайын бир жаңычылдыктарды киргизүү, тиркемени өнүктүрүү үстүндө иштеп жатышат. Быйыл “Мегаком” байланыштын жана интернеттин сапатына, өлкөнү санариптештирүүгө абдан көңүл бурат.

– Ири компанияны башкарып жатканыңызга 1 жылдан ашты. Эл оозунда “өкмөт менеджер катары чабал” деген түшүнүк бар. Чын эле чабалбы? Иш жүзүндө кандай кыйынчылыктарга туш келдиңиз?

– Албетте, мамлекеттик ишканада оңой эмес. Бюрократия системи абдан оор. Бир ишти макулдашуу же бир нерсе сатып алуу процесси мыйзамдарга байлануу. Ошондуктан процесс узарып кетиши мүмкүн. Ал эми “мамлекет эффективдүү менеджер эмес” дегенге кошулбайм. Бизде “мамлекет мыкты башкара албайт” деген стереотип калыптанып калган. Караңыз, Казакстан, Өзбекстан, Беларусь же Орусияда бюджетке киреше алып келүүчү стратегиялык компаниялардын баары мамлекеттин карамагында жана башкаруусунда. Казакстанда жалпы 5 уюлдук компания болсо, анын төртөөсүнүн акцияларын мамлекет сатып алды. Бизде болсо “эффективдүү эмес, жеке менчикке сатыш керек” дешет. Албетте, 5 сом табыш үчүн 2 сом сарпташ керек. Бизде ошол 2 сомду сарптабай туруп быйыл 5 сом, эмки жылы 6 сом, аркы жылы 7 сом киреше тапкысы келишет. Андай болбойт, бизнестин өзүнүн табияты бар. Былтыр президент жана премьер-министр чоң колдоо көрсөттү. Дивиденддерден жеңилдиктер берилип, инвестиция тартып, техникалык базаны чыңдадык.

– Былтыр биздин гезитке берген маегиңизде “техникалык базаны чыңдайбыз, 4G интернетти өлкө боюнча жайылтууга аракет кылабыз” деген элеңиз. Бул пландар кандай аткарылып жатат?

– Мен келгенде өлкөнү 4G менен камтуубуз 51-52 пайызды түзчү. 2019-жылды 92 пайыз менен жаптык. Буюрса, жыл аягына чейин 100 пайызга жеткиребиз. Жарандар кайсы жерде жүрбөсүн мыкты байланыш, ылдам интернет менен камсыз болушу керек.

– Жаран, үй-бүлөлүү адам катары сизди Кыргызстандагы кайсы көйгөй көп ойлонтот? Эмне үчүн?

– Эки көйгөйдү белгилегим келет. Биринчиси – балдардын абалы. Мына, миңдеген жараныбыз аргасыз чет жерде иштеп жүрүшөт. Алардын балдары бул жакта туугандарынын же ата-энесинин колунда калып, толук кандуу үй-бүлөдөн тарбия албай жатканы. Жүрөктү оорутканы, ата-эне мээримине тойбой чоңоюп жаткан балдар. Ата-эненин мээрими башка да. Экинчиси – карылардын абалы. Өмүр бою мамлекетке иштеп берип, бүгүн балдары начар чыкканы үчүн карылар үйүндө жашап жатышат. Бул көйгөй өлкөнүн экономикасы өссө, адамдарда руханий, жан дүйнө азыгы жетиштүү болсо азаят.

– Үй-бүлөңүздө баары “Мегаком” колдонушат да, ээ?

– Албетте. Башка оператордукун да колдонушчу, мен жетекчи болгондон кийин менин үй-бүлөм гана эмес, айылдагы туугандардан бери “Мегакомго” өтүштү. Муну мага жардам берүү, мамлекеттик уюлдук операторду, демек, мамлекетти колдоо деп түшүнөм.

– Ишкерлер көбүнчө бизнес багытындагы китептерди, автобиографиялык эмгектерди окууга ыкташат. Көркөм адабиятка кандайсыз? Мисалы, кайсы адабий чыгармадагы каарман сизди таасирлентет, эмне үчүн?

– Ачыгын айтайын, башынан эле көркөм адабиятка жокмун. Жаш кезимден экономика тармагына кызыгып, ушул тармакта иштеп келе жатам. Окуган китептерим да менеджмент, саясат таануу тууралуу болду. Азыр китеп окууга такыр эле убакыт жок. Аткаруу бийлигиндебиз, маңдайыңда бийик максаттар, пландар турат. Аны аткаруу үчүн китеп окууга эмес, үй-бүлөңө түзүгүрөөк көңүл бурууга убакыт жетишпейт.

– Түрдүү жыйындар, иш сапарлар, жолугушуулар, айтор, чарчайсыз. Энергияны кайдан аласыз?

– Энергияны балдарымдан алам. Үйлөнгөнгө чейин деле жумушум абдан интенсивдүү болчу. Башынан эле уйкуга көп убакыт бөлбөйм. Үйгө барганда балдарды ойнотуп, терс энергиянын баары ошону менен чыгып кетет. Бул – бакыт. Эгер адамдын жумушу өзүнө жакса, чарчоо да ырахат. Мага жумушум жагат. Биринчиден, президентибизди уят кылгым келбейт, экинчиден, өкмөттүн алдында уят болгум келбейт. Үчүнчүдөн, мен жетектеген компанияда миңден ашык адам иштейт. Алар тиричилигин ушул мекеме аркылуу жүргүзүп жатышат, демек, менде чоң жоопкерчилик бар. Чайканада шашпай отуруп эс алганга убактым жок.

– Алдыда парламенттик шайлоо. Компанияны таштап, кайрадан депутаттыкта аттанышыңыз мүмкүнбү?

– Андай максат жок. Бул тармак мен үчүн жаңылык болсо да командабыз менен пайдалуу иштерди жасай алдык. Быйыл да ири долбоорлорду баштадык. Мүмкүнчүлүк берилип, президент жана өкмөт тараптан ишеним артылып жатканда аларды ишке ашырып, жамааттын алдында жүзүм жарык болсо дейм. Азырынча саясатка барам же барбайм деген ой жок.

– Саясий партиялардан сунуштар түшүп жатабы?

– Албетте, сунуштар болуп турат. Анткени мурда саясатта жүргөм, көпчүлүгү менен байланышым бар. Бирок саясат менен бизнести аралаштырбоого аракет кылам.

– Жаш ата-энелерге бала тарбиялоо боюнча сизден кеңеш.

– Өзүмдү бала тарбиялоо боюнча мыкты кеңешчимин деп айта албайм. Балдарыбыз жаш. Улуусу 6, ортончусу 3, кичүүбүз 1 жашта. Азыркы тарбиям тарбиянын 0,01 пайызы эле болсо керек. Балдарга тарбия берүү, бала бакчага, кошумча ийримдерге алпаруу ишин келинчегим бүтүрүп жатат.

Автандил Добулбеков

 Кыстарылган видео 
Балдар, саясат, башкаруу, келечек жөнүндө: MegaCom'дун жетекчиси менен маек
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Gukush8993
2020-02-10 10:02:23
Мегаком интернет аябай начар болуп кетти го 2G 3Gчыгып калат кобунчо
+2
Paprikafm
2020-02-10 13:35:16
Мегаком чон алайда вообще эле тартпайтго
+1
miki87
2020-02-11 11:00:21
Ош обл. Карасуу р-н Отуз Адыр айыл окмоту Жаны Кызыл Суу айылында такыр тартпайт карап койгулачы. Супер инфо Мегокомго жеткизип койгула
+1
Shef87
2020-02-11 12:12:26
100пайыз катыйт
0
Kuban-1207
2020-02-16 15:18:39
Бишкектин Ак Ордо 3 конушунда интернет 4ж тартпайт базалык станциясы жок айтып атып тажап буттук анан эле мактана.Койулбайт тыюуу салынган дейт адистери
0
№ 901, 6-12-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан