АРЗАН ВАКЦИНА ЖОК ҮЧҮН ГЕПАТИТ ЖАЙЫЛЫП ЖАТАБЫ?

Убагында дарылабаса циррозго өтүп кете турган гепатит оорусу бар. Анын айынан боорун алмаштырууга тиешелүү каражат таба албай элден жардам сурагандар, ал тургай каза болуп жаткандар көп. Кыскасы, өлкөдө гепатит оорусу жайылууда. Бул дартты жугузбоо жолу – эмдөө алуу. Бирок эмдөөгө мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулганбы? Вакцинанын баасы учурда канча сом? Ушул жаатта маселе козгоп, адистердин пикирин угуп көрдүк.

ГЕПАТИТ ООРУСУ ЖАЙЫЛУУДА. КИМ КҮНӨӨЛҮҮ?

Эмдөө – заманбап медицинадагы жугуштуу ооруларга каршы эң таасирдүү жана экономикалык жактан пайдалуу ыкма. Саламаттыкты сактоо министрлиги 2017-жылы “Кыргыз Республикасында 2017-2022-жылдары вирустук гепатит оорусуна каршы күрөшүү стратегиясы” деген программаны кабыл алган. Программанын максаты – гепатит ооруларынын алдын алуу, ооругандардын санын азайтуу, комплекстүү профилактика менен камсыздоо. Жыйынтык кандай болду? Болгону ымыркайлар гана B гепатитине каршы мамлекеттик деңгээлде эмделип келе жатат. Бирок гепатиттин A, E, D, C түрлөрү да бар. Булардын ичинен балдар A түрү менен көп ооруйт. Бирок ага каршы вакцинация жүргүзүлбөйт. Чоңдор гепатиттин бардык түрүнө каршы арзаныраак вакцина ала албай келишет. Гепатит оорусу болсо жайылып, учурдун курч маселесине айланууда.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен өлкө боюнча Бишкекте гана 4 жеке клиниканын B гепатитине каршы чоңдорго эмдөө жүргүзүүгө лицензиясы бар экендигин билдик. Аларда кандын анализи 400-470 сом, ал эми вакцинанын баасы 600-750 сомдун тегерегинде. Мындай баа жумушсуздук көп, айлык аз учурда карапайым элдин чөнтөгүнө оор келүүдө.

“МАМЛЕКЕТ ЭЛДИ ЧӨНТӨККӨ ЧАК ВАКЦИНА МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУСУ КЕРЕК”

Сапарбүбү Тобокалова, “Цадмир” гепатологиялык борборунун директору, гепатолог, профессор:

– Гепатит – боордун вирустун айынан сезгенип, клеткаларынын талкаланып, иштөөсүнүн бузулушу. Ооруну жугузуучу башкы булак болуп гепатит менен ооруган адам эсептелет. Гепатиттин A, E, B, D, C деген түрлөрү бар. A, E гепатити тамак-аш аркылуу жугуп, курч формада кармайт, өнөкөт түргө жана боордун циррозуна өтпөйт. Дарыланса толук айыгат. B, D, C гепатиттери кан жана жыныстык катнаш аркылуу жугат. Энеден балага да төрөт учурунда жугушу мүмкүн. D гепатити B гепатити барларга гана жугат, аны коштоп жүрөт. C гепатитинин белгилери билинбей жүрүп өнөкөткө, андан ары 20-25 жылда циррозго айланып кетет. Дарылабаса B гепатити 10-15 жылда, D түрү 5-7 жылда циррозго өтөт. Бирок 1-2 жылда циррозго өткөн учурлары да кездешет. Гепатиттин B түрүндө дарылоо 1,5-2 жылды талап кылат.

Вирус кандан кеткенден кийин вирустун бир бөлүкчөсү (HBsAg) организмде бир нече жылга чейин кала берет. Адам өзүн дени сак сезет, бирок анын канын башкага куюуга болбойт. Ооруну үй-бүлө мүчөлөрүнө жугузат (жубайлар ортосунда жыныстык жол менен, калган үй-бүлө мүчөлөрү анын тиш щётка, сакал алгычын колдонсо жугат). A, B гепатитине каршы вакцина бар. B түрүнүн вакцинасын мамлекет балдарга бекер сайдырат. B түрүнүн вакцинасы D түрүнөн да сактайт. C гепатити үчүн вакцина иштелип чыга элек. Гепатиттин B түрү менен ооруп калбоо үчүн чоң адамдар вакцина алышы зарыл, өзгөчө үйүндө ал дарт менен ооруган адамы барлар. Дартын циррозго өткөрүп жибергендер боорун алмаштыруу үчүн 40 000 доллардын тегерегинде акча таппай кыйналышат. Айрымдар каражаты жок, өмүрү менен коштошууда. Андыктан мамлекет элди чөнтөккө чак вакциналар менен камсыз кылуусу зарыл. Жеке клиникалардагы вакцина кымбат болгондуктан, эл аны ала албай жатат.

Өлкөдө 2012-2013-жылдары A гепатити менен ооругандардын саны 22 000ге жеткен. Кийинки жылдардагы көрсөткүчтү алсак, A гепатитинен 2017-жылы 8395, 2018-жылы 9747, 2019-жылы 10 059, B гепатити менен 2017-жылы 327, 2018-жылы 325, 2019-жылы 254 адам ооруган. C гепатити менен 2017-жылы 67, 2018-жылы 57, 2019-жылы 254 адам катталган. D түрү менен 3 жылда 4 адам ооруган. Бул фактылар биздин эл чет өлкөлүктөргө караганда гепатит менен 7-8 эсе көп ооруй тургандыгын далилдейт. Кыргызстанга вакциналар негизинен Орусиядан алынып келинет.

Кыргызстанда мен жетекчилик кылган Инфекционист жана гепатологдордун ассоциациясы бар. Биз өлкөдөгү гепатит ооруларын азайтуу жана алдын алуу максатында атайын программалар менен иштейбиз. Ошонун негизинде Саламаттыкты сактоо министрлигине кирип жатып, бир максатыбызды жарым-жартылай ишке ашырдык. Башкача айтканда, Бишкектеги №6 жана №1 үй-бүлөлүк медициналык борборлорунда В гепатитине каршы 50 пайыз төмөнкү баада вакцина жасоо башталды. Медициналык кызматкерлер жана студенттер 350 сомдон, эл 390 сомдон төлөп ала башташат. Вакцина алардан мурун тапшырылуучу анализди да жарым баасында төлөшөт. Вакциналарды жана аны саюуга керектүү кебез, спирт, шприц сыяктууларды ассоциация камсыз кылды. “Цадмир” клиникасында гепатиттин B түрүнөн тышкары A түрүнө да вакцина жасалат.

“В ГЕПАТИТИНЕ КАРШЫ 1 ВАКЦИНАНЫН ӨЗ БААСЫ 130 СОМ”

Зуридин Нурматов, Вирустук инфекцияны көзөмөлдөө боюнча Республикалык илимий-изилдөө борборунун жетекчиси, эпидемиолог, медицина илимдеринин доктору:

– 2000-2018-жылдар аралыгында Кыргызстанда А гепатити 66,6 пайызга азайган. Бирок салыштырмалуу алып карасак, оорунун көрсөткүчү Орусиядан 55,1, Казакстандан 46,7 пайызга көп. Орусиянын калкы 146 миллион 745 миң, Кыргызстандыкы 6 миллион. Эми өзүңүз ойлой бериңиз, Орусияга салыштырмалуу эли аз биздин өлкөдө гепатиттин эпидемиясы жайылып жаткандай эле болуп жатпайбы? Өлкөдө ымыркайларга 2002-жылдан бери В түрүнө каршы вакцина жасалып келүүдө. 2018-жылдын статистикасын алып карасак, жаңы туулгандан баштап 19 жашка чейинки балдардын саны 2 миллион
516 миң болсо, арасында B гепатити менен ооруган 30 (эмдөө албай калгандар), A гепатити менен ооругандардын саны 9508, C түрү менен ооругандар 3өө, D гепатити менен ооругандар жок. Ушунун өзү балдарды A гепатитине каршы шашылыш эмдетүү керектигин айгинелейт. Өзгөчө A түрү менен ооругандардын саны 2-7 жаштагылардын арасында өтө көп.

B гепатитине эмдөө 2002-жылдан бери башталган дедик. Ага чейин туулгандар ал эмдөөнү алышкан эмес. Демек, чоңдор гепатиттин бардык түрүнө каршы вакцинага муктаж. 2018-жылы 29 жаштан 60 жашка чейинкилердин арасында В гепатити менен 269, C гепатити менен 43, A түрү менен 553 адам ооруй турганы такталган.

Эми вакцинага келсек, азыр B гепатитине каршы чоңдорго вакцинаны жеке клиникалар сайып жатышат. Алар 1 дозасы үчүн 650-750 сомду айтышат. Ошол 1 доза вакцинанын өз баасы Кыргызстанга алып келген чыгымдарды кошкондо 130 сомду түзөт. Бир адамга вакцинанын 3 дозасы керектелет. Ошондо 650 сомдон дегенде эле 1950 сом кетип жатпайбы. Вакцина аларда анализ тапшырганга да 400-500 сомдой акча төлөө керек.

Мамлекет вакциналарды өзү алып келип, элди ошол баадагы вакцина менен камсыз кыла албай жатат. Камсыз кылса 3 доза 390 сомду түзмөк. Бир адамга A гепатитинен айыгууга 11 000-15 000 сом, C гепатитинен айыгууга 45 000дей, В гепатитинен айыгууга 36 000дей сом керек. Бул акчалар оорулуунун өз чөнтөгүнөн кетет. Анткени мамлекет каражаттын жетишсиздигинен вирустарга түз таасир этүүчү дарылар менен ооруканаларды камсыз кыла албайт. Эгер мамлекет 130 сомдон вакцина алып келсе, адамдар вакцинага аз акча жумшамак да, оорунун алдын алышмак. Бул оорудан айыгууга караганда адамдарга экономикалык жактан пайдалуу болмок. Муну Саламаттыкты сактоо министрлиги алда качан ойлонуп, бир чара көрүшү керек эле. Азыркы учурда өлкөдө гепатология ооруканасын куруу мезгил талабы болуп турат.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Республикалык кан борборунда кандын курамын залалсыздандырган аппарат жок
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Belek1710
2020-02-10 14:30:41
Эмнеге анда арзандатып 390сомдон сайып жатабыз деп мактанып атат, өз баасы 130сом болсо!
+2
Adil18
2020-02-11 00:44:01
Belek1710,
Кыргызстанда козомол жок.
Чет олкодон келген тоок эттери (гриль) ден-соолукка канчалык денгээлде пайда жана зыян.
Грилдин баасы 140-160 сом бышканы.
Саламатыкты сактоо тармагындагы жетекчилер жооп беришеби зыяндуу тамак-аштарга?
0
Shef87
2020-02-11 13:05:01
Belek1710,бир адамга 3доза 390сом болот 130дан
-1
Shef87
2020-02-11 13:35:37
Медицина министирлери онолбоду эч эле
+1
kadam
2020-02-11 20:38:14
Башкы маселе, гепатит дартын алдын алуучу вакцинаны сатып алууну мамлекет өз колуна алыш керек. Азыркы күндө ар ким ар кай жерден алып келип,сайып жатат. Ар кайсы далилсиз имишке ишенбей, Балдарыңарды эмдеткиле!
0
Migrant-rf
2020-02-11 21:51:46
Бир ийнени спиртке салып (эконом дешип), ошол ийне менен эки үч адамды эмдеп жаткандарда болотпу?
+1
tina-Tin
2020-02-13 10:23:44
Гепатитке чондорго вакцина региондордо барбы же бишкекте элеби. Супер инфо ушул жонундо билип бергилечи. Менчик клиникаларга ишенсек болобу вакцинациясына. Гепатит Б жонундо кененирээк маалымат берип койгулачы.
0
admin_portal
2020-02-13 12:20:12
tina-Tin, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
nurzada78
2020-02-14 07:43:49
Биздин Кыргызстанга эми жетти,адамдар боор оорудан оло баштаганда,Россияга 5-6 жыл болду гепатитке каршы привывка берилгенине.Баары бекер.Ал эми бизде болсо акчага деп жатышат,уят! Коррупция!
0
fanatka19
2020-02-14 21:54:12
Геппатит рак деген оору кобойду,Скорый чакырган жерге барсан ар бир 3адам гепатит же рак.Бийликтен эч кандай пайда жок жок дегенде акчасына вакцина таап бере алышпайт.
0
№ 901, 6-12-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан