Кениянын Какамега шаарындагы башталгыч мектепте 3-февраль күнү, сабактар аяктаган соң тыгылыш орун алып, анын кесепетинен 14 окуучу каза болуп, дагы 40тай окуучу оор жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Жергиликтүү басылмалардын маалыматына таянсак, коңгуроо кагылган соң окуучулар жапырт ичке тепкич менен түшүүгө аракет кылышкан. Жыйынтыгында тепкич түшүп кетип, окуучулардын бир бөлүгү 3-кабаттан кулап түшкөн.
Дамира Арстанова
koom@super.kg