Италиялык сүрөтчү жана фермер Дарио Гамбарин эгин талаасын трактору менен айдап, коронавирус “жаратты”. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка таянсак, фермер айдоо талаасына кытай иероглифи жана латын тамгалары менен коронавирус деп жазып, сүрөтүн тарткан. Сүрөтчү мындай жол менен аталган вируска күрөштү күчөтүү керектигин билдиргиси келгенин айтат.
Эске салсак, Дарио Гамбарин 2017-жылы эгин талаасына тракторунун жардамы менен Орусия президенти Владимир Путиндин да сүрөтүн тарткан.
Дамира Арстанова
koom@super.kg