«ЖЕНЬШЕНЬ – ӨМҮРДҮН КҮЧҮ» ИЛИМИЙ ЖАКТАН ДАЛИЛДЕНГЕН ТАБИЯТ КЕРЕМЕТИ

Женьшендин тамырынын формасы адамдын денесин элестетет.

Тамырдын жогорку одур-бодурлуу бөлүгү кары адамдын башы, андан чыккан сары өзөк денеси, каптал тамырлары кол жана бут сымал. Каптал тамырларынын жоондору адатта төртөө. Женьшенди дарылыкка өстүрүп баккандар жогорку одур-бодурлуу бөлүгүнөн, жадакалса «беттин келбетин», «ооз» жана «мурунду» байкаса болот дешет.

Өсүмдүктүн тамырынын адамдын денесине сыйкырдуудай окшоштугу табияттын тамашасы деп ойлоо акылга сыйбайт.

Мындан 3000 жыл мурда адамдар женьшенди ден соолук үчүн колдонуп башташканы бекеринен эмес. Мындай керемет өсүмдүк сырткы көрүнүшү менен гана адамдарга окшошпостон, курамы жана касиети жагынан да окшош.

Кытай тилинен которгондо, «жень» – адам, «шень» – тамыр де­ген­ди билдирет. Уламыштарда женьшень адам катары жаралгандыгы айтылат. Чагылган тунук сууга түшөт да, аны менен кошо жер алдына кетет. Экөөнүн жупташуусунан улам керемет чөп жаралат. Андыктан байыркылардын «женьшень ооруларды айыктыргандан тышкары өлгөн адамды тирилтүүчү пайдалуу өсүмдүк» деп эсептешкени бекеринен эмес.

Бүгүн, көптөгөн жылдардан кийин, байыркы уламыштын сыйкырдуу маңызын электен өткөргөн окумуштуулар женьшенден жасалган каражаттар өмүрдү, жаштыкты узартарын ишенимдүү айтышат. Андай каражаттар физикалык жана акыл жактан чарчоону жазып, ишке жөндөмдүүлүктү жана жыныстык функцияны күчөтөт, тамакка табитти ачат, артериалдык кан басымды жөнгө салат, борбордук нерв системин тынчтандырат. Булар женьшень менен дарылагандардын ойдон чыгаруусу эмес, илимий жактан далилденген фактылар.

Табият женьшенди адамга өтө пайдалуу кылып жараткандыктан, заманбап окумуштуу-технологдордун милдети – женьшендин пайдалуу касиеттери толук камтылган каражаттарды иштеп чыгаруу болууда. Ошондой эле каражаттын курамындагы ингредиенттер бири-биринин пайдалуу касиеттерин басып койбой, кайра күчөтө тургандай кылып иштеп чыгууда турат. Оптималдуу форма болсо иштеп чыгарылган!

Күчөтүлгөн виталдуу (жашоодо маа­ни­лүү) фитонаноцевтикалык «Женьшень – өмүрдүн күчү» комплекси – бул женьшендин биомассасын нанотүзүмдөөнүн жардамы артында байыркы Сибирь табыптарынын рецепти боюнча жасалган табигый өсүмдүк бальзамы.

Женьшендин тамыры жана жалбырагынын мицеллярдык формасынын колдонулушу артында фитонаноцевтикалык бальзам жогорку даражадагы касиетке ээ.

Бальзам кайсы учурларда колдонулат?

Жүрөк-кан тамыр системинин иштеши бузулганда (жүрөктүн ревматикалык оорусу, тахикардия, вегетососудистая дистония жана башка)

Нерв системинин маселелери

Гипертония жана гипотенияда кан басымды калыптандыруу

Ревматизм, артрит, артроз, муундардагы оорутуу, остеохондроз, подагра

Иммунитетти көтөрүү жана организмди чыңдоо

Түрдүү инфекциялык, бактериалдык жана вирустук оорулар, суук тийүү

Дем алуу жолдорунун жана каңылжаардын инфекциялык оорулары

Тамак-ашты сиңирүү системинин оорулары (тамак-ашты сиңирүү бузулганда, гастрит, ашказандын жана 12 эли ичегинин жарасы)

Боор оорулары, бөйрөк жана табарсыктын оорулары (бөйрөктөгү жана табарсыктагы таш, цистит, пиелонефрит)

Өт жолдорунун дискинезиясы,
өт баштыкчасында өттүн туруп калуусу,
өттүн таш оорусу

Простатит, простатанын аденомасы

Теринин инфекциялык-аллергиялык оорулары

Көздүн кан тамырлары бузулганда пайда болгон көз оорулары

12 жаштан өйдөгүлөргө күнүгө 2 маал 1 чай кашыктан ичилет. Кош бойлууларга ичүүгө болбойт

Дарегибиз: Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 108 (кирүү Шопоков көчөсү тарабынан, ЦУМдун жанында).

Бишкек ш. т.: 0779 185 101, 0707 335 449

Ош ш. т.: 0773 90 28 89, Талас ш. т.: 0771 08 41 88, Каракол ш. т.: 0551 19 89 55

Иштейбиз: дүйшөмбү-ишемби, саат 10:0018:00. Дем алыш – жекшемби.



КАРДАРЛАРДЫН ОЙ-ПИКИРЛЕРИ

“Апам 3 күндө жакшы болуп кетти”

– Апабыз Асия Мусуралиева 86 жашта. Врачтар "жүрөгүндө өзгөрүү бар" деп айтышкан эле. Көп убакыттан бери демигүүдөн да азап тартчу. Акыркы күндөрү төшөктөн турбай калган. “Супер-Инфо” гезитинен “Женьшень – өмүрдүн күчү” бальзамы тууралуу окуп калып, кызыгып, апама керек экен деп сатып бердим. Апам 3 күндүн ичинде жакшы болуп, көңүлү ачылып, тамакты жакшы иче баштады. Ордунан туруп кеткенде өтө таң калдым, анткени биз үмүт үзүп калдык эле. Гезитке да, бальзамды чыгарып жаткандарга да чоң рахмат! Апам дагы улантып ичип жатат. Бальзамдын жардамы тууралуу туугандарыма да айтып жатам.

Чынара,
Кара-Балта шаары

“Жүрөгүм оорубай калды”

– Мен 6 айдан бери “Женьшень – өмүрдүн күчү” бальзамын ичип келе жатам. Бальзам тууралуу гезиттен окуп билгем. Бул өтө жакшы бальзам деп айта алам. Мурун жүрөгүм, ашказаным ооручу. Жүрөгүмдүн оорусу боюнча ооруканада каттоодо турам. Ашказаным начар иштегендиктен жеп-ичкендерим аш болбой, кайра кусуп салчу элем. Бальзамды ичкенден кийин жүрөгүм оорубай, ашказаным жакшы иштеп, куспай калдым. Жегендерим жакшы сиңип жатат. Иммунитетим көтөрүлүп, өзүмдү жакшы се­зүүдөмүн. Мурун суукка урунсам айыга албай төшөктө узакка жатчу болсом, азыр бат эле калыбыма келем. Бальзамды ичүү­нү дагы уланта бермекчимин. Баа­ры­ңыз­дарга аны ичүүнү сунуштайм.

Жагпар Кенжебеков,
84 жашта, Алматы облусу, Ескельди району,
Алдаберген айылы

“Ашказан жана муун ооруларынан кутулдум”

– Мен 64 жаштамын. Улгайгандан улам ашказан, муундарым ооруйт, жогорку кан басымым да бар. “Женьшень – өмүрдүн күчү” бальзамын 4 курс ичтим. Бальзам иммунитетимдин көтөрүлүүсүнө, ошону менен катар оорулардан кутулуума себепкер болду. Мурун бальзамды иче элегимде дамамат шалдырап, алым куруп турчу болсо, азыр өзүмдү жакшы сезем. Терим өтө кургак болгондуктан мурун колдорума бүдүрчөлөр чыгып кетчү, бальзамды ичкенден кийин кетип, чыкпай калды. Женьшендин пайдасы жакшы экен.

Куляш Жанузакова, 64 жашта, Атырау облусу, Индер району

“Эми уйку безим оорубайт”

– “Женьшень – өмүрдүн күчү” бальзамын 3 айдан бери ичип жатам. Мурун муундарым катуу оорутчу. Ошондуктан узакка баса алчу эмесмин. Ашказан-ичегилеримде, уйку безимде да маселе бар эле. Бальзамды ичкенден кийин жашоом жакшы жакка өзгөрө баштады. Өнөкөт чарчоодон кутулдум, азыр өзүмдү шайдоот сезем. Маанайым да көтөрүңкү. Эч жерим оорубайт. Бальзамды ойлоп таап, чыгарып жаткандарга ыраазычылык!

Алимаш Ныгметкалиева, 71 жашта,

Актөбө облусу, Темир району,
Шу­бар­кудук айылы

“Балалуу болуу тилегим ишке ашканы турат”

– Узак убактан бери мени панкреатит, холестаз (өт баштыкчасынын таш оорусу), анан башкысы жыныстык системдин иштөөсүнүн бузулгандыгы кыйнап келген. Көптөгөн дарыларды ичип, дарыланып келгем. Бирок жыйынтык жок болчу. 6 ай мурун тааныштардан “Женьшень – өмүрдүн күчү” бальзамы тууралуу уктум. Аны ичкенден кийин өнөкөт панкреатит оорум жоголду, боорумдун иштөөсү жакшырды, холестаздан кутулдум. Эң башкысы, жыныстык системдин иштөөсү калыптанды. Азыр кош бойлуумун! Буюрса, августта көз жарам. Балалуу болуу тилегим ишке ашканы турат. Биздин үй-бүлөнүн атынан бальзамды чыгаруучуларга чоң ыраазычылык! Сүрөтүмдү салгандан уялдым.

Алтынай Аламбергенова, 25 жашта,
Алматы шаары

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 901, 6-12-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан