Кышты жакшы көргөн ЮНА

Канча тамак жесе да семирбеген курбуларыңар барбы? Аны көрүп бир чети суктанып, бир чети “нанга май сүйкөп жечи, сен деле семирчи” деп бир аз ич күйдүлүк кылган учурлар болсо керек. Бүгүн сөз кыла турган бийкечти да курбулары семирте албай убара. Табиятынан арык, назик Им Юна кыш мезгилин жакшы көрөт. Эмнени жаман көрөт десеңиз, чуркаганды. Ырчы катары да, актриса катары да таанымал Им Юна тууралуу кызыктарга орун бердик.

Аты-жөнү – Им Юна

Псевдоними - Юна

Туулган жылы – 1990-жыл, 30-май

Туулган жери – Түштүк Корея, Сеул шаары

Бою – 168 сантиметр

Салмагы – 47 килограмм

Кесиби – ырчы, бийчи, актриса, модель, алып баруучу

Лейбл - SM Entertaiment

ЭМГЕК + БАЙЛЫК

Сеул шаарынын Каннам районунун Чондам аймагынан баасы 10 миллиард вонду түзгөн (болжолдуу 846 миң доллар) турак жай ырчы, актриса Им Юнага таандык. Эксперттердин айтымында, Сеулдун бул аймагынан кыймылсыз мүлк алуу – кирешелүү инвестиция. Юнада мындай турак жай жалгыз эмес. Ырчы катары таанылып, кийин актрисалыкка өткөн Им Юна дорамадагы бир серия үчүн 16 миң доллардан жогору гонорар алары айтылат. 30 жаштагы Юнаны карап, сиз дагы “мен бул жаш куракта эмнеге жетиштим эле?” же “жетишет болдум бекен?” деп өзүңүзгө суроо салсаңыз керек, окурман. Бирок мындай кирешенин артында сөзсүз түрдө талыкпаган эмгек турушу керек.

АПА...

Им Юнанын жашоосуна көз чаптырсак, кайгылуу башталып, бактылуу бүткөн жомокту элестетет. Сеул шаарындагы төрөтканалардын биринде жарыкка келген Юна эс тартканы апасын көргөн эмес. Үй-бүлөнүн жакындары “апасы таштап кеткен” дешкени менен, актриса ал тууралуу журналисттердин суроосун жоопсуз калтырат. Кичинекей Им Юнага атасы менен эжеси эрке балалык тартуулашкан. Короодо томпоңдоп чуркап жүргөн кыз телевизордон музыканын үнү чыкса, үйгө шашылып, экран алдына барып бийлеп калат. Муну байкаган эжеси ага ар түрдүү ырларды жаттатып, бийлегенди үйрөтө баштайт. Им Юна аны чыгармачылыкка эжеси жетелеп келгенин айтат. Убакыт өтүп, баягы кичинекей кыз татына селкиге айланып, талантын өстүрүүгө бел байлайт.

“GIRLS GENERATION”

2002-жылы SM Entertainment агенттигине стажёр болуп алынган 12 жаштагы Юна 5 жыл бою ырчылык, бийчилик чеберчилигин өстүрүп, чет тилдерди үйрөнүү менен алек болгон. “Кечке эле стажёр болуп жүрө бербей, өзүмдү актёрлук тармактан сынайын” деп маанайы түшкөн кызга хореограф “сенин бийчилик өнөрүң мыкты, акырына чейин күрөш” деп кеңеш берет. Мындан эки ай өтпөй вокал боюнча сабак берген мугалимдер Юнанын үнүнүн жаңы диапазонун ачып, кыз “таттуу үндүү ырчы” деген атка конот. Буга чейин бир канча ырчынын музыкалык клиптерине, жарнамаларга модель катары тартылып жүзү таанылган ал 2007-жылы “Girls Generation” тобунун башкы ырчысы катары топко алынат. 9 кыздан турган топ 2 жылдан кийин гана элге алынып, «Gee» ыры Түштүк Кореядагы музыкалык чарттарда айлап алдыңкы саптарда турган. Арты-артынан жазылган «Genie», «Oh!», жана «Run Devil Run» ырлары топтун популярдуулугун бекемдеп, чет өлкөлөргө жол ачкан. Электро-поп, бабблгам-поп, хип-хоп, R&B жана башка музыкалык стилде өздөрүн сынаган “Girls Generation” Түштүк Кореяда “Улуттук топ” жогорку наамын алышкан.

АКТЁРЛУК КАРЬЕРА

Им Юна “ырчы катары күчтүүсүңбү же актриса катарыбы?” деген суроого “ырчылыкка караганда актриса катары өзүмдү эркин сезем. Кино тармагында мен үйрөнчү, өнүктүрчү нерселер көп” дейт. Анын дебюттук ролу 2007-жылы тартылган “Сүйүү бейсбол сыяктуу” сериалы болгон. Ал эми 2008-жылы тартылган “Сен менин тагдырымсың” дорамасы Юнаны актриса катары элге таанытып, “Жаңы чыгып келе жаткан мыкты актриса” наамына да татыган. Анын актёр Чан Гын Сок менен биргеликте тартылган “Сүйүүнүн жамгыры” сериалы бүтүндөй Азияга популярдуу болуп, 15 өлкө прокатка сатып алган. Бул дорама кыргыз сериал сүйүүчүлөрүнүн да эсинде болсо керек. Юнанын популярдуулугу кытай режиссёрлорун да кызыктырып, романтикалык «Сүйүү Кудайы – Жао Юнь» сериалында башкы ролго тартышкан. Им Юнаны көпчүлүккө тааныткан дагы бир ролу актёр Жи Чаң Ук менен тартылган “К2” дорамасы.

Ал эми толук метраждуу тасмалардан 2017-жылы чыккан боевик жанрындагы “Иштешүү” жана 2019-жылы жарык көргөн “Чыгуу” тасмаларына тартылган. Прокатта жакшы каражат тапкан “Чыгуу” тасмасы тууралуу Юна: “Бул тасмага тартылуу физикалык жактан абдан оор болду. Тартуу аяктаганда ордумдан жылбай, баса албай калып жаттым. Режиссёр “стоп, тартылды” деп команда бергенде ыйлап жиберген учурларым болду. Тартуу учурунда имаратка чыгуу, бийиктиктен секирүү жана башка кооптуу, оор учурлар көп болду. Өнөктөшүм Чо Жон Соктун чыдамдуулугун карап, мен да чыдамдуу болом дедим. Баарынан жакпаганы көп чуркаганыбыз болду, анткени мен чуркаганды башынан эле жаман көрөм. Бирок тасма чыккандан кийинки мактоолор, жогорку рейтинг бардык кыйынчылыктарды унуткарды”,- деп эскерет.

Асыл Орозбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Ananaska
2020-02-19 22:54:02
Опечатка барго дейм, 2017 эмес 2007жыл болуш керек
-1
№ 902, 13-19-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан