КИМ КАЙДА, КАНДАЙ ЭС АЛДЫ?

Жылдыздар турмушунан

Мына, жай мезгили аяктап, айланага күздүн алгачкы күндөрүнүн нуру чачырап турат. Муну менен бирге эс алуучулар да баштыктарын жыйыштырышып, кайрадан кызуу жумушка киришишти. Кызык, бул саратан жайда ким кайда барып, кантип эс алды экен?

Акбар Сүйүнбаев:
“УРМАТТЫН СНАЙПЕР БОЛЧУ ТҮРҮ БАР”
– Быйыл Нарындын Тер-Суу деген жайлоосуна болочок өкүл атамдын чакыруусу менен барып, 4 күн эс алып келдим. Тер-Суу салаа-салаа терге окшоп суу агып тургандыктан, бир башкача кооз жер экен. Жалгыз барбай Урмат Усеновду кошо ала барган элем. Экөөбүз чыныгы кыргыз мырзалары болуп кайттык окшойт. Баарынан да мергенчиликке чыкканыбыз эсте калды. Урмат колуна биринчи жолу мылтык кармаганы менен, шыгы бар экен. Мээлегенин таамай атып жатты. Алгач “случайно” тийди го деп ойлогонбуз. Андан кийинкилерин да жаза кетирбегенинен улам Урматтын көзгө атар мерген болчу түрү бар экен деп калдым. Ал эми балык кармоо жагынан мен алдыма киши салдырбадым.

Кg Эльмурат:
“ОРУСИЯНЫН 12 ШААРЫН КЫДЫРДЫМ”

– Мен жай башталып-башталбай эле Орусияга эс алууга аттангам. Бир ай 10 күн Орусиянын 12 шаарын кыдырып эл-жер көрүп, досторума эркелеп келдим. Жакын досторумдун көбү Орусияда эмгектенишет. Бардык чыгымдарымды досторум көтөрүштү. Эс алып гана кайтпастан, олжолуу да болдум деп мактана кетейин. Ар бир барган шаарымдын кооз жерлерин камерага тартып отуруп, “Сүйүү деңизи” аттуу ырымдын клиби жаралды. Мындан сырткары киного сценарий жазган элем, ошого демөөрчү да таба келдим. Сулуу-сулуу орус кыздары менен тааныштым. Бирок алар өз курагынан улуу көрүнүшөт экен. Ошондон улам кыргыз кыздарынан эле айланайын деген ойдо калдым... Тамаша!

Мирбек Атабеков:
“ДОСТОРУМДАН ӨЧҮМДҮ АЛДЫМ”
– Быйыл жайкы эс алууну эрте баштадым. Жайдын башында эле Чүйдүн Чуңкурчак аттуу жайлоосуна барып, бир жума жүрдүм. Жайлоонун таза абасынан кере-кере дем алуу, бээнин сүтүн ичүү, ат менен сейилдөө мага абдан жакты. Негизи, кичине эле сууктап калсам ооруп калчумун. Эми ошол эс алуудан кийин өзүмдү жакшы сезип калдым. Анан да келгенден бери 6 килограммга жакын салмак кошуптурмун. Аюуларча кышкы гастролдорго май топтоп алдым дебейинби (ха-ха-ха...) Ии, баса, жайлоого дос балдар да барышкан. Кээ бирлери ошол жактан биринчи жолу атка минип көрүштү. Алар атка минсе эле камчы менен чаап аттарын мөңкүтүп, анан алардын тептегерек болуп кеткен көздөрүн көрүп алып боорум эзилгиче күлдүм. Күлкүнүн да планын аткарып, анча-мынча өчүмдү да алдым.

Ырыскелди Осмонкулов:
“ЭС АЛБАЙ ЭЛЕ, ЭСИМ ЭКИ БОЛДУ”

– Быйыл мен Түркиянын бир каналынын чакыруусу менен Анталияда эс алып келдим. Анталия десе эле укмуштай эс алып келем деп элестетип алгам. Кайдан, эс алмак тургай, эсим эки болду. Негизи, ал жакка жазында барган жакшы окшойт. Мен барганда абанын температурасы 39 градустан түшкөн жок. Анан да деңиздин үстүн туман басып тургандай болуп... Чынын айтсам, Көлдүн суусуна жетпейт экен. Барып келген жол кирени телеканал төлөп бергендиктен, капчыгыман 500 доллардай эле сарпталды. Анталиядан келерим менен эле Ысык-Көлгө бир жума эс алып келип, анан өзүмө келдим.

Жанэль:
“ЭС АЛЫП, ИШИМДИ ДА БҮТҮРДҮМ”
– 25 күнгө созулган жайкы эс алууну кичи мекеним Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында өткөрдүм. Эс алуу менен бирге кышка камылга көрүп кыям кайнатып, үйлөрдү актап, апама кол кабыш кылдым. Жайкы эс алуума көп деле акча кеткен жок. Баш-аягы 400 доллардай кетти окшойт. Анын ичинде апама белек-бечкек, тамак-ашка сарпталды. Баарынан да 3000 сомго жарашыктуу купальник алганыма сүйүндүм.

Эмил Токтогонов:
“АФРИКАЛЫКТАРДАН АЙЫРМАЛАНБАЙ КАЛДЫМ”
– Быйыл эс алуунун планын жакшы эле толтурдум окшойт. Алгач спорт чөйрөсүндөгү досторум менен Соң-Көл жайлоосунда 5 күн эс алдым. Беш күндүн ичинде үч койдун этин жеп, кымыздан “карт” кекиргиче ичтик. Ал эми Соң-Көлдүн балыгын канча жегеним эсимде жок. Эртең менен, түштө деле жеп жаттык. Ошентип отуруп, 3 килограмм салмак кошуптурмун. Андан соң сбор менен казактардын Барабое деген жерине барып, бир жума боордоштордун сыйын көрдүк. Ал жактан келгенден кийин үй-бүлөм менен африкалыктардан айырмаланбай калгыча күнгө кактанып, Көлдө 10 күн эс алдым. Чынын айтсам, быйылкы эс алуумдун чыгымы бир уйдун баасын чапчыды окшойт. Андан сырткары машинамдын майына эле туура 5 миң сом сарптаптырмын.

Нурзат Токтосунова:
“ЧЫГАШАНЫН КӨБҮН ДОСТОРУМ КӨТӨРДҮ”
– Быйыл Көлгө 3 жолу бардым. Бирок үчүнчү жолу барганымда өзүм үчүн чоң эрдик кылдым. Бийиктик – фобиям болчу. Көздү жумуп туруп, биринчи жолу “Шайтан айлампасы” деген аттракционго түштүм. Жүрөк кургурдун лакылдаганын айтпа. Быйылкы эс алуумдун чыгашасы да аз болду. Чыгашанын көбүн досторум көтөрүштү. Жайкы эс алуума өз чөнтөгүмдөн 100 доллардай эле кетти.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
kiz
2010-09-03 18:58:29
mmm de,keebir irchilardin kebetesin korup,boorum oorudu(mirktarday ele korunot eken).Urmat owoncho mergenchilikke chigip aliptir,anan ak baypak mn kara tuflilerdin mergen4ilikke emne tiyewesi bar?Keebiroolor jonundo un4ukpay ele koyoyun.
0
Akjol
2010-09-03 19:50:02
Купальнигин мактанганы жакшы экен,уят деле калбай каган го ырчыларыбызда.
0
Nurzatka
2010-09-03 22:18:52
Нурзат достору менен Колдо эмне кылып журот. жолдошу унутулуп бара жатат го
0
Адам
2010-09-04 00:43:36
Nurzatka бир неме билет окшойсуң??
0
meerime
2010-09-04 19:51:47
JAILODO ES ALGAN KANDAI SONUN..JANEL' KUPAL'NIGIN KYZGO OZUN JUZGO..
0
Nura
2010-09-06 09:49:08
Кыргызстанда эле эс алганга эч нерсе жетпейт экен да, Анталия же Орусияга караганда.
0
amantur
2010-09-10 18:27:07
"биринчи жолу “Чёртовое колесого” түштүм."
Ай кыргызым,кыргызча аран суйлойбуз да орусчага не керек, же туура жазсанар болмок, "Чёртово колесо" деп.
0
cosmopolit
2010-09-24 20:52:15
мне кажется Нурзат куйоосу менен ажырашкан себеби куйоосунун фамилясын алып журбоду беле Айталиева болуп, теперь озунун фамилиясында болуп калыптыр го... эмнеси болсо да оз иши
0
№ 409, 3-9-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан