ПЕРИШТЕНИН КӨЗ ЖАШЫ (Мигранттын балдары, кичинесинен бири-бирин жоготуп алган наристелер тууралуу баян)

(Башы өткөн сандарда)

Абдул каза болгондон кийин бул заңгыраган үйдө кармап турган эч нерсе калбагандай. Ички туюму аны мекенине кайтуусу керек экенин айтып жаткандай. “Канча жашайм? Ким үчүн жашайм? Өлсөм кимдин эсинде калам?” деди ичинен. Эми гана бул жер мекени боло албаганын түшүндү. Бир гана адам ага мекен болгон экен. Канаты кайрылганда, жүрөгү канаганда, жашоосу бурганакка кабылганда сууруп чыккан адам гана мекени болуптур. Аны жоготуп жаны кыйнала баштады. Абдулсуз кантип жашоо керек? Аны күтүп, гезит окуп берип, баарлашууну ушунчалык каалап жашачу. Бара-бара жашоосунун маңызы ошол адам болуп калыптыр. Эми ал жок. Бирок бул жоготууга өзүн мурунтан эле даярдап койгон. Жоготууга көнүп калган жүрөк тагдырдын дагы бир соккусун кабыл алганга даяр болчу. Булардын баары эч нерсе эмес эле. Абдул дүйнөдөн кайткандан кийин жашоосу кунарсыз болуп калды. Жашоосу эч нерсеге толбой жанын кыйначу болду. Уйку бетин көрбөй, кыйналып таң атырган бир күнү чечим кабыл алды. Кетиш керек. Канчалык оор болсо да өтмүшү менен кайрадан бетме-бет келүүсү керек. Таарыныч оор нерсе. Ушунча жылдан бери ата-энесине таарынды, баркталбай калган жаштыгы үчүн Эрниске ыза болду.

– Сен аларды кечиргенге даярсыңбы?- деди ички үнү.

– Жок, эч бирин кечирбейм. Атам Эрниске тийгеним үчүн кечип кетти. Эмне үчүн менден кол үздү? Анын эркеси, жалгыз кызы элем. Жаш болчумун. Жаш кезинде ким жаңылыштык кылган эмес? Бирок ошентсе да босогосун аттатпайм деди. Эч бири түшүнө алган жок. Өз колдору менен отко түртүштү. Баарынан кечип Эрнистин колун кармадым. Жүрөгүмдү арнаган адамым башканы сүйүп калды. Өлөрүмө карабай токмоктоду. Намысымды тебелеп, аны кош бойлуу кылып, көз алдымда ээрчишип жүрдү. Жүрөгүмдү өрттөп жиберди. Дүйнө капкараңгы болду. Уулумду таштаганга аргасыз кылды. Энелик сезимимди уурдап алды. Мен эч качан кечирбейм! Эч бирин кечирбейм.

– Анда эмнеге барганы жатасың? Байлыгың өмүрүңдүн аягына чейин жетет...

– Билбейм. Көкүрөгүм бош калды. Абдул да өлдү.

– Кечирбесең барыштын кереги жоктур?

– Уулумду... Айдарды бир көрсөм...

– Ха, ал сени кечиреби? Сен ата-энеңди кечирбей жатасың. 4 жашында таштап, бир кылчайып койбогон энесин ал кечиреби?

– Мейли кечирбесин, кечирим сурабайм деле. Бир көрсөм...

– Көргөндө көкүрөгүң ачышат. Жанында болгуң келет. Жараң козголот. Көп жыл бою бул жараңды айыктырганга аракет кылдың го.

– Мейли, алыстан болсо да бир жолу көрсөм. Кимге окшош болуп чоңойду экен? Балким, мага окшоштур?

Реалдуулуктун үнүнө каршы эне жүрөгү жооп берип жатты. Күндөн-күнгө ичиндеги диалог күч ала берди. Акыры энелик сезим жеңип чыкты. Ал Кыргызстанга кетүүгө билет алды.

ххх

– Сен жыргап эле жүрөсүң да. Кабарың жокпу?

– Эмнеден?

– Айгерим турмушка чыкканы жатат деп уктум.

Айдар досун жалт карады. Чын айтып жаткандай. Эмне кыларын билбей туруп калды. Үн каткан жок. Демек, ошентип чечти. Жашоосундагы чоң сырын ачып, карындашы тууралуу айткан адам сатып кетти. “Хе, эмнени күттүм? Баары бирдей сүйөм, күйөм дешет. Атүгүл бир топ жыл артыңдан жүрүшөт. Бирок чындап туруктуулук эмне экенин билишпейт. Мени өз энем таштап кеткен. Айгеримден кайсы туруктуулукту күтүп жатам?” деди ызалуу. Бир аз убакытка өзүн токтотуп "а мен бул кызга эмне кылдым?" деп суроо сала алган жок. Жылдар бою артынан чуркап, көзүнүн кареги менен тең айланып келген кызга эмне кылганын ойлонгон жок. Көкүрөгүндө бир гана ыза турду.

– Тийгени жатса бактылуу болсун!

– Келесоо болбочу, сен аны сүйөсүң. Жөн эле жинди болбой бар, сүйлөш.

– Сүйлөшпөйм.

Көк бет экенин досу билет. Башын чайкаган боюнча үн каткан жок. Бирок Айдар барбай койгонго күчү жетпеди. Бир маалда байкап көрсө унаасы менен Айгеримдин үйүнүн жанында турат. Алгач өзү да чочуп кетти, “эмнеге келдим?” деп эсин жыйганча Айгерим чыгып калды. Качып кеткенге жол жок. Үн катпай келип машинасына отурду. Жарым сааттай жөн эле отура беришти. Айгерим кайра түшүп кете турган болгондо гана Айдар шашкалактап кетти.

– Отуруп турчу.

– Эмнеге?

– Мага бул жерде отурганың жагып жатат.

– Ким ал?- деди бир маалда.

– Бир жигит.

– Жигит экенин билип жатам, кызга тийбейсиң да. Ким? Кайдан чыкты?

– Бир жерден чыкпай эле бар болчу. Сен мени кандай байкабасаң мен да аны ошондой байкабай келгем. Байкадым. Жакшы жигит экен. Эмнеге болбосун?

– Сүйүп калдың?

– Ии, сүйүп калдым,- деди кыз эрегише.

Айдар кызды чыканактан алып көзүнө карады. Кыздын көздөрүнө жаш айлана түштү.

– Сен аны сүйбөйсүң.

– Сүйбөсөм эмне болуптур, жакшы эр болсо болду,- деди кыз өжөрлөнө.

– Кабыл алгысы келбеген адамдын аркасынан чуркаганча, сүйгөн адам менен бактылуу болоттурмун.

– А мен баары бир сени сүйөм. Канчалык качсам да...

Кыздын көздөрү бакырая түштү.

– Сүйгөн адамыңдан эмнеге качасың?

– Анткени корком. Үй-бүлө кургандан корком. Сен башынан "баш кошолу" деп туруп алдың. Биз ошонун айынан кыз-жигит да боло албадык. Мен үй-бүлө үчүн жаралган адам эмесмин. Аны такыр түшүнбөйсүң. Сүйөм мен сени! Эч кимди эч качан сүйбөгөндөй сүйөм! Бирок үйлөнө албайм.

Кыздын башы маң боло Айдарды карап калды. Эмне деп дөөрүп жатат бул? Алаканын чекесине койду. Салкын эле.

– Жөөлүбөй эле турам.

– Адамдай түшүндүрчү мага. Мени сүйсөң эмнеге аялдыкка ала албайсың?

– Биринчи карындашымды издедим. Аны тапмайынча өзүм тууралуу ойлоно албайм дедим. Таптым, баары жакшы болду. Бирок жүрөгүмдүн түпкүрүндө дагы деле коркорумду билдим.

– Эмнеден?

– Атам менен апамдын тагдырын кайталагандан. Балким, биздики да ошондой болуп калсачы? Атам апамды ушул күнгө чейин сүйөт. Асия деген атты укканда көздөрүндө бир жарык пайда болот дейсиң. Эч бир адам ага башкача таасир бере албайт. Бирок алардын сүйүүсү түбөлүктүү болбой калды. Ортодо биз жапа чектик. “Балдар көп учурда ата-энесинин тагдырын кайталайт” дешет. Балким, сен башканы сүйүп каласың же мен... Билбейм. Мага оор.

– Анан эч качан үйлөнбөйсүңбү?

– Менден кетсең эч качан үйлөнбөйм. Балким, сени менен бул коркунучту жеңем. Балким, экөөбүз бактылуу болобуз? Эмне кыларымды билбейм. Мага жардам бер, үмүт бер.

Айдар жалооруй тиктеди. Айгерим күлүп жиберди. Жүрөгүнүн түпкүрүнөн чыккан эң таза, бактылуу күлкү болчу. Айдардын моюнуна асылды.

– Эмне күлөсүң?

– Мен эми түшүндүм сени. Сен эч ойлонбо, ЗАГСка арыз жазабыз, эч кимге айтпайбыз, жөн эле үйлөнүп алабыз. Эң башкысы, мени сүй. Башкасын өзүм жайгарам.

– Кандайча?

– Баш кошобуз. Сен корксоң, мен коркпойм. Бактылуу болобуз, быжыраган балдарыбыз болот. Сонун ата болосуң, эч качан айрылышпайбыз.

– А тигичи?

– Ал шылтоо болчу. Аны эбак эле жолуна салгам. Сенден башка эч ким менен жашай албайм.

Айдар таң калып тиктеп турду. Жүрөгүндө үмүт жана баштады...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
mira77
2020-02-17 09:19:52
Наконецта мен биринчи
0
Baktyluumun98
2020-02-17 13:00:46
mira77,молодцы!
0
Avrora2017
2020-02-17 17:02:26
Jassanar normalno jazbaisynarby koburok chala jylandai kylbai
0
№ 902, 13-19-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан