КЫТАЙДА КУШ ТУМООСУНУН ОЧОГУ ТАБЫЛДЫ

Кытайдын Сычуань провинциясындагы фермалардын биринен куш тумоосунун вирусу табылды. Мындай маалыматты айыл чарба министрлиги жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирген.

Маалыматка таянсак, аталган фермада жалпысынан 2497 үй канаттуусу багылып, алардын 1840ы аталган тумоодон кырылган. Аталган вирустун жайылып кетпөөсүнүн алдын алуу максатында фермадагы калган канаттуулар да өлтүрүлүп, өрттөлгөн.

Белгилей кетсек, буга чейин Кытайдын Шаоян шаарындагы тоок фермаларынын биринен да куш тумоосунун вирусу табылып, 17 800 канаттуу жок кылынган.

Дамира Арстанова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Asula
2020-02-17 14:41:55
Окорочка жебейли тондуруп туруп бизнес жонотпосун
0
№ 902, 13-19-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан