Чехиянын Лоун шаарына жакын аймактагы шосседе 2 кабаттуу автобус оодарылып кетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка таянсак, автобустун ичинде 70 бала болгон. Кырсыкка айдоочунун рулду башкара албай калгандыгы себеп болгон. Аталган кырсыктын кесепетинен балдар ар кандай жаракаттарды алышкан. Алардын ичинен 3 баланын абалы оор деп айтылууда.
Дамира Арстанова
koom@super.kg