«КЕЛЕЧЕКТИН» ЖЕҢИШИ

Жергиликтүү кабарлардан

Мурда кабарлангандай, Бишкекте 27-28-августта кармашып мушташуу боюнча мелдеш өттү. Башы эл аралык деп аталып жаткан мелдешке чет өлкөдөн бир да катышуучу келбегендигине байланыштуу ич ара "разборкага" айланды. Натыйжада, ата мекендик спорттук клубдар мушташ боюнча ким кыйын экендигин аныктап алышты.
Анан дагы 6 салмак боюнча 6 чемпиондун ичинен Алмаз Акунду таппай калган болсоңуз, ажеп эмес. Ооба, мелдештин башкы окуясы Бөрү аталган Алмаз Акундун финалга чыга албай калгандыгы болду. Кызыл-Кыялык Жаныбек Маматов менен болгон жарым финалдык кармашта ал килем сызыгынан 3 жолу чыгып кеткендигине байланыштуу мелдештен четтетилди.
Мелдештин сыйлыктарына токтолсок, байгелүү орундарга диплом жана кубоктон тышкары акчалай сыйлыктар тапшырылды. 1-орун ээси 10 миң сом, 2-орун ээси 5 миң сом жана 3-орунга татыгандар 2,5 миң сом акчалай сыйлыктарга ээ болушту.


МЕКЕН ӨЗ КААРМАНДАРЫН ТОСУП АЛДЫ
29-августта түнкү саат 2де “Манас” аба майданында “Сингапур-2010до” триумф жараткан спортчуларды тосуп алуу салтанаты болду. Бул аземге спортчулардын жакындары, достору, спорт коомчулугу жана спортко кайдигер карабагандардын баары чогулушту. Албетте, алар куру барышкан жок. Фото жана видеокамералар, гүл, шампан, түрдүү жазуулары бар транспаранттар... Айлуу түндө айтылган кубаныч сөздөрдү кагаз бети аркылуу жеткирүү кыйын. Ал учурда ар бирибиз сыймыктануу сезимин башыбыздан өткөрүп жаттык.
Эске салсак, 14-18 жаштагылар арасындагы Дүйнөлүк I Олимпиадага Кыргызстандан 8 спортчу катышып келди. Алар: Урмат Аматов, Шадыбек Сулайманов (грек-рим күрөшү), Болотбек Токтогонов (дзюдо), Екатерина Лысенко (сууда сүзүү), Ильяс Бактыбеков (5 түрлүү көнүгүүлөрдөн турган спорттук мелдеш), Руслан Молтаев (калакчан кайык менен жарышуу), Исламжон Далибаев (бокс), Дмитрий Александров (сууда сүзүү). Алардын ичинен Урматтын алтын жана Шадыбек менен Болотбектин жеңип алган коло медалдары 200дөн ашуун өлкө катышкан мелдеште Кыргызстандын мыкты 50 катышуучунун катарына кошулушуна шарт түздү. Ал эми командалык эсепте 1-орунду Кытай (51 медаль – 30 алтын, 16 күмүш жана 5 коло) ээлеген.


КӨПТӨН КҮТКӨН ЖЕҢИШ
17-22-август күндөрү Казакстандын Актау шаарында Кытай, Орусия жана Украина өңдүү күчтүү бокс мектептери бар өлкөлөр катышкан ири мелдеш болуп өттү. Кубандырганы, анда 3 мушкерибиз ийгилик жаратты. Алсак, Асылбек Назаралиев (49) коло, Азат Усеналиев (49) күмүш жана Чингис Борбашев (81) алтын медалдарды жеңип кайтышты. Ошондой эле аталган мелдешке Эламан Имашев (52), Залкар Бакиров (56), Абдылдабек уулу Сыймык (56), Азамат Калмаматов (64), Марат уулу Адилет (69), Руслан Карипов (75) жана Бакыт Дуйшембеков (56) катышып келишти.


"ДОРДОЙГО" ДУБАЛДАР ЖАРДАМ БЕРДИБИ?
31-августта футбол боюнча КРнын Көз карандысыздык кубогунун 19-финалы өткөрүлдү. Бишкектин "Спартак" стадионунда өткөн оюнда “Дордой” (быйылкы сезондон баштап Бишкектин атынан чыгып жатат) кочкор-аталык “Нефтичини” 3:0 эсебинде жеңип алды. Эгер "нефтичилер" финалга 1-жолу чыгып жатышса, бишкектиктер 5-ирет финалда чемпиондук наамга ээ болушту.
Айта кетчү нерсе, финалды нейтралдуу майданда (Кант же Кара-Балтада) өткөрүү пландаштырылган. Бирок КРнын ФФсынын инспекторлору башка стадиондорду карап чыгышып, "Спартакка" токтолушкан. Финалга "ЮАР-2010дун" катышуучусу, калыс Бахадыр Кочкоров менен "Дордойдун" москвалык “Локомотивде” ижарада жүргөн оюнчусу Мирлан Мурзаевдин оюну көрк кошту.

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Адам
2010-09-05 01:04:34
Биздин балбандар - ар дайым алга!!!
Биз Манас баатырдын, Кожомкул баатырдын тукумубуз!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
0
meerime
2010-09-06 01:18:56
AZAMATSYNAR BAATYRLAR!!!BIZ SILER MENEN SYIMYKTANABYZ!!!!
0
mikasa
2010-09-07 16:58:05
10 000 сомго эшектин тушоосун кесеби? Байкуш спортчулар :(
0
№ 409, 3-9-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан