"АЙЫЛ БАНКТАН" ПАЙДАЛУУ КЫЗМАТ: АСЫЛ ТУКУМ МАЛДЫ КӨБӨЙТҮҮГӨ ШАРТ ТҮЗҮЛҮҮДӨ

Чарбачы Кенжебек Качкынбаев 2007-жылдан бери айыл чарбасында иштеп келе жатат. Нарын облусунун башка жашоочуларындай эле 13 жылдан бери мал чарбасын жигердүү өнүктүрүп келүүдө. Мал багууга ылайыкташтырылган сарайы бар жана ал жакта малдын негизги бөлүгү кармалууда. Мал жыл бою чабандын кароосунда болот. Бирок ал өзү күн сайын чарбага барып көзөмөл кылып турат. Чарбачы жетишпеген тоютту жакынкы айылдардан сатып алат. Кара-Коюн айыл аймагынын тоюттары жергиликтүү калк арасында сапаты жагынан өтө жогору бааланат. Белгилей кетчү нерсе, Кенжебектин чарбачылыгында Голштино-Фриз сүт багытындагы асыл тукум уйлары бар, алардан күнүнө 15-20 литрден сүт алат, ал эми жергиликтүү уйлардан 3-4 гана литр алынат.

«Көрсөткүчтөрү аз болгон бир нече майда уйларды баккандан көрө, кирешелүүлүгү жогору, көп сүт жана эт, сапаттуу тукум берген бир асыл тукум уйду баккан пайдалуу. Чындыгында “Айыл Банкта” ушундай пайдалуу кызмат бар экендигине мен аябай сүйүндүм»,- дейт Качкынбаев.

Эт жана сүт багытындагы продукцияларды өндүрүү жана өнүктүрүү зарылдыгы ар дайым болуп келген. Малдын башы жылдан жылга өсүп жатат, ал эми сапаты төмөндөп кетти. Ар бир чарбачы же чарбасы бар айылдык жашоочу малдын өндүрүмдүүлүгүн жакшыртуу үчүн биринчи анын тукумун жакшыртууга аракет жасайт. Биздин өлкөдө, айылдарда тукумду жаңыртууда маселелер бар.

Кыргызстанда уйларды асыроо менен алектенген чарбалар көп. Нарын облусу айыл чарбасындагы өндүрүү сектору катары таанымал. Нарында өндүрүлгөн эт Кыргызстандагы сапаты эң жакшы эттердин катарында экендиги белгилүү. Кыргыз Республикасынын жайыттарынын үчтөн бир бөлүгү Нарын дубанында жайгашкан. Дубанда 6000ден ашык чарбалар, дыйкан чарбалар жана 250дөн ашык айыл чарба кооперативдери бар.

Алыскы жайытта мал чарбачылык менен алек болгон фермерлерди колдоо максатында «Айыл Банк» ААКсы 2019-жылы «ВПС-Лизинг» аттуу долбоор иштеп чыккан.

«ВПС-Лизинг» лизинг шарты менен малдын тукумун асылдандыруу жана көбөйтүү максатында асыл тукум малды сатып алууга шарт түзүү боюнча мамлекетте жалгыз Банктык продукт болуп эсептелинет. «Айыл Банк» ААКсы бул долбоорду өнөктөштөрү: «Рейна Кенч», «Чабрец» жана «МиС» ЖЧКсы аркылуу ишке ашырат.

Кенжебек Качкынбаев өнүгүп келе жаткан алдыңкы фермер катары жогорку өндүрүмдүү уйлардын сүт багытында эле эмес, эт багытындагы түрүн дагы көбөйтүүнү максат кылып, Банктын тиешелүү кызматын колдонууну чечти. Жакында эле «Айыл Банктын» Нарындагы филиалы «Рейна Кенч» асыл тукум чарбасы менен бирдикте 33 баш эт багытындагы абердин-ангус асыл тукум ийри мүйүздүү малды чарбачы Качкынбаев Кенжебекке өткөрүп беришти.

Кенжебек «Айыл Банк» аркылуу сатып алган абердин-ангус тукуму климаты оор шарттарга бат көнгөнү менен айырмаланат. Ошондуктан климаты оор Нарын облусуна бул ири мүйүздүү малдын көнүп кетүү мезгили абдан жеңил өтөт. Абердин-ангус союлгуча 800 килограммга чейин салмак берсе, союлгандан кийин 65-70 пайыз эт түрүндө рекорддук салмакты бере алат. Бул малдын музоолору бат салмак алып, бат чоңойгондуктан, малчыларга бат пайда алып келип жогорку кирешелүүлүктү камсыз кылат. Айтмакчы, баарына белгилүү болгон мрамор этин дал ушул тукум берет. Мындай жакшы көрсөткүчтөргө малдын тоютуна жакшы көңүл буруу менен жетсе болот. «Айыл Банк» ААКсынан сунушталган «Жогорку продуктивдүү асыл тукум мал – лизинг» кызматы – бул Кыргызстандагы эт-сүт багытын ыкчам өнүктүрүүнүн ачкычы.

Бул боюнча толук маалыматты банктын www.ab.kg сайтынан жана 0312 68 00 00, 0556 68 00 00 телефондору аркылуу алууга болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 902, 13-19-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан