БУТТУ КӨТӨРҮП ЖАТУУ ЧАРЧООНУ ЖАЗАТ

Күн сайын жумуштан соң 20 мүнөт бутту жогору көтөрүп жатуу чарчоону жазып, маанайды жакшыртат. Кантип эле деп таң калып жатасызбы? Албетте, кыймылсыз бир калыпта 20 мүнөт жатууну классикалык көнүгүү деп айтуу кыйын. Бул көбүнесе йогага окшош же релакция техникасынын бири болуп саналат. Окумуштуулардын изилдөөсүнө таянсак, бул көнүгүү кан айлануу системин жакшыртат. Аталган көнүгүү кандай иштейт, чогуу таанышалы.

КӨНҮГҮҮНҮ ЖАСОО ЫКМАСЫ

1. Дубалга жакыныраак жатып (аралык 20-30 сантиметр), бел тарабыңызга жука жаздыкча коюңуз.

2. Эки бутуңузду жогору көтөрүп, дубалга такап жатыңыз. Эки колуңузду жерге же болбосо курсагыңызга эркин таштап коюңуз. Дал ушундай абалда 15-20 мүнөт денеңизди бош таштап эс алыңыз.

3. Турарда эки тизеңизди төшүңүзгө кысып, оң тарапка оодарылып, туруп кетиңиз.

4. Аталган көнүгүүнү жасоо учурунда кандын айлануусуна тоскоолдук жаратпаган, тактап айтканда белди жана кызыл ашыкты кыспаган кийим кийүү зарыл.

Эскертүү! Бул көнүгүү жакын арада бутунан жаракат алгандарга сунушталбайт. Туура эмес абалда жатып алышса, булчуңдарга, омуртка сөөгүнө күч келиши мүмкүн.

БУТТУ КӨТӨРҮП ЖАТУУНУН ПАЙДАСЫ

1. Буттун шишигин жазат. Буттун шишүүсүнө жана салмактанып оорушуна кан айлануу системинин начар иштеши, ошондой эле жүрөк, бөйрөк оорулары, ашыкча салмак жана туура эмес тамактануу себепкер. Албетте, алгач буттун эмнеден улам шишип жаткандыгын аныктап алуу керек. Аталган көнүгүү буттун шишүүсүнө эң мыкты терапия боло алат, кан айлануу системин жакшыртат. Анткени күнү бою вертикаль абалда басып жүргөн же кечке отуруп иштеген адам денесинин абалын өзгөрткөн, тактап айтканда, бутту жогору көтөрүп жаткан учурда жүрөк канды айлантуу үчүн эки эсе күчтөнүп иштейт.

2. Талыкшыган бутка даба. Албетте, шиш така менен басып жүрүү көзгө жагымдуу көрүнөт. Бирок сөзсүз бут талыйт, кан тамырларга күч келет. Аны жазуу үчүн дененин абалын өзгөртүү керек, тагыраагы бутту көтөрүп жатуу оң жыйынтык берет, варикоздун алдын алат.

3. Тамак сиңирүүнү жакшыртат. Бутту жогору көтөрүп жатуу ичеги карындын иштешин жакшыртат. Кан айлануу агымынын өзгөрүүсүнөн улам булчуңдардын тонусу чыңалат. Аны менен катар тамак сиңирүү бездери жакшы иштейт. Эгер бул көнүгүүнү дайыма жасап жүрсөңүз, азыктар менен кирген пайдалуу витаминдер организмге толук сиңет.

4. Нерв системин тынчтандырат. Бул абалда жатканда дене бошоп, көбүрөөк аба жутабыз. Ткандар кычкылтек менен камсыздалып, кан айлануу жакшырат. Бул биринчи кезекте нерв системине оң таасирин тийгизет, чыкый, моюн, курсактагы булчуңдардын чыңалуусу жоголот.

5. Тынч уйкуну камсыздайт. Буттун сайгылашып ооруусу, тарамыштардын тартылышуусу уйкуну бузат. Бутту көтөрүп жатуу дал ушул жагымсыз жагдайдын алдын алат. Туура дем алгандан жана кандын жакшы айлануусунан улам мээ кычкылтек менен толук камсыздалат да, уйку тынч болот.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
sumaya
2020-02-22 01:51:09
Урматтуу супер инфо,обушуп учурашкандан да ,адамдан адамга терс энергия отот деген макаланы(темасын унутуп атам)таппай атам кайсы болумдо,жардам бергилечи сураныч.
+1
Alia82
2020-02-22 16:32:44
sumaya,мага да айтып койгулачы
0
№ 902, 13-19-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан