25 ЖЫЛ БОЮ КАРДАРЛАРЫБЫЗ МЕНЕН БИРГЕ ӨНҮП-ӨСТҮК

FINCA Банк чакан микрофинансылык уюмдан толук кандуу банкка чейин трансформациялоонун татаал жолун басып өттү жана Кыргызстандын финансы рыногунда суроо-талапка жооп берген кызматтардын кеңири түрлөрүн сунуштап келет. 2020-жыл биздин Банктын кардарларын өзгөчө кубандырганы турат, себеби Банк өзүнүн 25 жылдыгын белгилеп жатат.

Бул жылдар аралыгында FINCA Банк кандай жолду басып өткөнү жөнүндө, банктын досторун жана өнөктөштөрүн кандай жаңылануулар күтүп турганы, ошондой эле келечектеги пландары жөнүндө «ФИНКА Банк» ЖАК Башкармасынын Төрагасы Махмуд Саидахматов айтып берди:

– 2019-жыл биз үчүн абдан жемиштүү жыл болду. Биз алдыга койгон бардык стратегиялык пландарыбызды ишке ашырууга, анын ичинде кредиттик жана депозиттик портфелибизди өстүрүүгө, ошол эле учурда жаңы продуктуларды ишке киргизүүгө жетиштик. Ал эми сандар жөнүндө сөз кыла турган болсок, биз депозиттер менен 17 пайыз өстүк, ал эми кредиттик портфелди 15 пайыздан ашык көбөйттүк.

Мындан тышкары өткөн жылы FINCA Банк өзүнүн бизнес-процесстерин жакшырта алды, ошондой эле кредиттерди планшеттердин жардамы менен берүү процессин оптималдаштырды. Эми кредит берүү боюнча кызматкерлер кагаздарды аз пайдаланып, кардарлар менен көбүрөөк байланышып, аларга кредиттерди тез берип жатышат. Өткөн жылы интернет-банкинг да унутта калган жок, ал жакшыртылып, мобилдик банкингди ишке киргизүүдө жардам болду. Биз бул 25 жылдын ичинде көп нерсени басып өттүк, анын ичинде толук кандуу Банк болууга жетиштик. Өзгөрбөстөн, ошол бойдон калган бир гана нерсе – бул биздин озуйпабыз, тактап айтканда, кардарларыбызга активдерин өстүрүүгө, жумуш орундарын түзүүгө жана жашоо деңгээлин жогорулатууга жардам берүүчү узак мөөнөттүү финансылык чечимдерди сунуштоо.

Юбилейлик жылдын алкагында FINCA Банктын кардарларын кызыктуу акциялар жана лоялдуулуктун уникалдуу программалары күтүп турат.

«25 жыл бою биз кардарларыбыз менен бирге өсүп-өнүктүк, бул бизди абдан кубандырат. Бизде лоялдуу кардарлардын кеңири базасы түзүлдү, биз ал кардарларыбызга ыраазычылык билдирип кеткибиз келет. Юбилейлик жылдын алкагында биз алар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, өзгөчө шарттарды жана жагымдуу бонустарды даярдадык. Жаңы кардарларды да көптөгөн жагымдуу белектер күтүп турат»,- деп баса белгиледи Башкарманын төрагасы.

FINCA Банктын бул жылга да, келечекке да амбициялуу пландары бар. Мисалга алсак, Банк өз кызматтарын мындан да ыңгайлуу кылууну жана бул үчүн санарип технологияларды ишке киргизүүнү пландап жатат. Бул болсо кеңсеге барбастан, банк кызматтарын пайдаланууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле ушул жылы биз кардарлардын лоялдуулук программасын киргизип жатабыз. Биздин туруктуу жана лоялдуу кардарларыбыз бул программанын алкагында ар кандай бонустарга ээ болушат.

«Бул пландардын баарын биздин мыкты командабыздын жардамы жок ишке ашыруу оңой эмес. Азыр анда бардык филиалдар боюнча алганда 1200гө жакын адам бар. Биздин кызматкерлерибиз абдан лоялдуу жана кардарлардын муктаждыктарын эске алуу менен иш жүргүзөт. Учурдан пайдаланып, аларга биздин озуйпабызды бек сактагандыгы, коомдун жана кардарларыбыздын пайдасы үчүн иштеп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирип кетким келет. Анан да, албетте, биздин кардарларыбызга да бизди тандап, биз менен бирге өсүп-өнүгүп жаткандыктары үчүн ыраазычылыгымды билдирем»,- деп сөзүн жыйынтыктады Махмуд Саидахматов.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 902, 13-19-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан