Апта айымы - НАЗИРА АЙТБЕКОВА

Көздөрүн сүзүп, эркелей сүйлөгөнү секелек кыздардай көрүнгөнү менен, бир баланын энеси Назира Айтбекова апта айымы рубрикабыздын төрүндө.

ЖОЛДОШУНА ЖАКПАГАН 5 САПАТЫ:

  1. Эртең менен жумушка кечигип жатса да, “чогуу тамак иччи” деп кыйнаганы;
  2. Болбогон маселелерге эле асан кайгы болуп тынчсыздана бергени;
  3. Жумушка бир киришсе, эч нерсеге көңүл бурбай, өтө эле берилип кеткени;
  4. Боёнууга көп убакыт сарптаганы;
  5. Бир жакка барарда дайыма күттүрүп, кечке даярданганы.

БААЛАГАН 5 САПАТЫ:

  1. Шайырдыгы;
  2. Эркелиги;
  3. Таарынычы 10 мүнөткө жетпей жазылганы;
  4. Бардык тамакты мыкты жасаганы;
  5. Ар кандай маселе болуп калса, түшү­нүү менен мамиле кылып, жакшы кеңешчи боло алгандыгы.

БАЛА ЭМИЗГЕН ЭНЕЛЕРГЕ КЕҢЕШ
– Баланы эмизип жатканда жагымдуу нерселерди кыялданып, жакшы маанайда болсо, балага ошол маанай сүт аркылуу берилет. Эненин сүтү сиңимдүү да болот.
– Эмизер алдында эмчектин үрптөрүн жууп туруудан эринбеңиз.
– Эмизүү учурунда баланы сылап эркелетип турса, көп ыйлаак болбойт.
– Баарынан мурда өзүңүз жеген тамак-аштарга да көңүл буруңуз. Өтө таттуу, куурулган, ачуу, туздуу тамактардан качыңыз.

ЧАЙ МАЕК
– Назира, жанатан берки кебиңе караганда, көп балалуу болууну каалайт окшойсуң?
– Жыл сайын эле төрөй бергим келет, эгер Жараткан ден соолук берсе.
– Ошентсе да шоу менен тушооң кесилип калган, иштегиң келет го...
– Учурда жаңы долбоорлорду сунуштап жатышат. Бирок көбүнчөсү эле саясатка байланыштуу экен. Азыр ойлонуп жатам. Негизи, саясат мен үчүн эмес.
– Эгерде кирешелүү сунуш түшсө, эротикалык кинолорго тартылат белең?
– Ай, жок. Миллион берем десе да тартылмак эмесмин.
– Жолдошуңа көз кыскан кыз-келиндерге кандай карайсың?
– Менин абышкамды менден башка кыздар да жактырат экен деп сүйүнөм.
– Бул жашоодо телегейим тегиз деп эсептейсиңби?
– Мени сүйгөн түгөйүм, балдан ширин балам, сүйүктүү мекеним, элим бар. Андыктан телегейим тегиз. Ал эми анча-мынча маселелер – колдун кири.
– Кандай белек алганды жакшы көрөсүң?
– Белек тандабайм. Кандай белек бербесин, баарын жактырам. Кээде бала менен отуруп эриккенде белекке алгым келгендердин узун тизмесин жазып, көрүнөө жерге коюп коём. Аны жолдошум аткарууга аракет кылат.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (40)
ABC
2010-09-09 15:11:05
Маданиятты, этиканы, НАРКты сактай билиш керек. Уяттан башка нерсе эмес бул. Болгондо Ыйык Рамазан айында керек жок болчу мындай суротторго. Башкы беттеги суроту дагы кошумча. Койногун туруп, болгон санынын баарын корсотуп алганы. Эгер бул пикирге каршы болсон, акылынын та
0
ABC
2010-09-09 15:12:35
Эгер бул пикирге каршы болсон, акылынын тайкы экенин гана корсотуп отурасын.
0
birbala
2010-09-09 18:46:29
Бактылуу бол
0
info
2010-09-10 09:06:08
ABC, сизге эскертүү берилген болчу. Этикага жатпаган сөздөрдү жазганыңыз үчүн 5 күнгө банга кетиребиз.
0
Farmat
2010-09-10 09:50:40
Мейли эми суротту чыгарып койду, бирок биз билип калдык та чындап эле баласын озу торогон экенин.
0
KubaBuba
2010-09-10 12:34:26
Farmat: респект сага)))) бул кыз эчким таныбаган четтен келип эле суротторун койдурган кыз эмеско, эл тааныган, шоубизнестин кызы анын учун боло берет ушундай, биз эл учун да кызык, чыныгы уят жана пошлый суроттор болгондо супер чыгартпай деле
0
Expert
2010-09-10 13:13:42
Бул кызды бир жолу коргом.Алатоо Университинин программасын алып барган.Узун,жабык кийинген,скромная корунгон.Суротту коруп окшоштура албадым.Аял киши турмушка чыгып токтолчу эле бизде.Куйоосу,кайын-журту мындай суротторго уруксат берсе,озу уялбаса,биз эмне демек элек.
0
shishka
2010-09-18 17:13:53
el birinchi tamak jep anan bashkasyn jese sen oto ele molodez ekensin kundo et azip jeit ekensin varenje,lepeshka menen.sahary da bar
0
shishka
2010-09-18 17:15:20
azamat [adm] 5 koiduk saga.[adm]
0
cosmopolit
2010-09-24 21:00:40
кыргыздар качан эски бир тушунуктордон анан коро албастыктан арылабыс...жакпаган суроттору болсо жаап салып караба эле койгула комментарийдин кереги жок...азыр 21-кылым го...башка мусулман олколурунун мисалы туркиянын жарым жыланач эмес жыпжыланач жылдыздарынын суроттору
0
cosmopolit
2010-09-24 21:01:11
коргон эмес беленер
0
Aydashka
2010-10-22 14:53:42
Apasy menin mugalimim go muzykalyk mektepte komuzdan sabak berchu!chyn ele apasyna okshosh eken
0
toicnubek
2010-11-04 16:37:41
тооба кылдым тооба кылдым тооба кылдым.уят эле кыргыздын кызына кайын журтундун бетини кантип карадын айныкса кайнатандын бетини же оз атандын
0
USSR
2011-03-23 02:12:04
кокуй...бул жак тимеле озунчо "батлл" го...
0
Aidashiwa
2011-12-31 12:49:35
Torop jatkan surotu "tol'ko dlya domashnego prosmotra" ga ylaiyktuu eken. Kudaiga shugur, kuioosu m-n jatkan jylanach surottorun chygarbaganyna!!! Ushunusuna rahmat deili! Naristenin den soolugu chyn, baktyluu bolushun kaalaim. Enesine yiman bersin kudaiym!
0
№ 409, 3-9-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан