Калыс Жоомартов, ырчы: “ӨЛБӨС-ӨЧПӨС ЫРЛАРДЫ ЖАРАТКЫМ КЕЛЕТ”

Туулган жылы – 1997-жыл, 22-август

Туулган жери – Нарын шаары

Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок

Хобисси – Ыр жазуу, ырдоо

Репертуарындагы ырлары – “Карындаш”, “Жеңелер”, “Атыңды айтып кой”, “Айылдаш кыз”, “Сага эч ким жеткен жок” жана башка.

– Калыс, чоң сахнага кадам таштап жатыптырсың. Өзүңдү тааныштыра кетсең.

– Өзүм Нарын шаарында төрөлгөнүм менен, Жумгал районунун Жаңы-Арык айылында чоңойдум. Балалыгым көбүнчө жайлоодо өттү. Чоң суунун боюн бойлоп, балык кармап, кой кайтарып, жылкы айдап, ышкын терген эң кызыктуу күндөрүмдү азыр да сагынам.

– Чыгармачылыкты тандап калууңа эмне түрткү болду?

– Үй-бүлөдө 6 бир тууганбыз. 2 агам, 1 иним жана 2 карындашым бар. Биздин үй-бүлөдө чыгармачылыкка жакын адам жок. Мен болсо ырдаганды кичинемден эле жактырам. Ошондуктан мектепти аяктагандан кийин жогорку окуу жайына тапшырган жокмун. Жан дүйнөм чыгармачылыкка жетелеп туруп алды. Анан 2016-жылдан бери ыр жаздырып, клип тарттырып, шоу-бизнеске аралашууга аракет кылып жатам. Буюрса, келечекте музыкалык жаатта жогорку билим алуу максатым бар.

– Ырчы болуу үчүн колдоо керек эмеспи. Сага кимдер колдоо көрсөтүп жатышат?

– Ата-энем, бир туугандарым чыгармачылыгымды колдоп, колунан келишинче көмөк көрсөтүп жатышат. “Сен ырда, биз колдойбуз. Жардам керек болсо уялбай ачык айт” деп агаларым айтып турушат.

– Талантыңа таасир этип, эргүүңдү ойготкон ырчылар кимдер?

– Түгөлбай Казаков, Асылбек Өзүбеков, Мухтар Атаналиев, Сыймык Бейшекеев сыяктуу агаларымдын ырлары менен “сугарылып” чоңойгом. Алардын чыгармачылыгын кичинемден бери баалайм, ырларынан эргүү алам. Ошондуктан “Жеңелер” аттуу Мухтар Атаналиев агабыздын ырын жаңылап ырдап чыктым. Автор ырдаганымды жактырып, батасын берди. “Башка ырларымды да ырдап чыксаң уруксат берем” деген жакшы кептерин айтты. Кумир туткан ырчым Сыймык Бейшекеев. Мен ал кишидей өлбөс-өчпөс чыгармаларды жараткым келет.

– Ырчылыктан башка эмнелерге кызыгасың?

– Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат демекчи, көп нерселерди үйрөнүүгө тырышам. Ырчылыктан тышкары бийге кызыгам. Кээде ыр жаза коймой адатым бар.

– Алдыга койгон максаттарыңды айта кетсең.

– Буюрса, жаңы ырларды жаздырып, жаңы клиптерди тарттырып, чыгармачылыкка олуттуу киришкени жатам. Жакын арада дагы жаңы ырларыма күбө болосуздар.

– Маегиңе рахмат. Максаттарың орундалсын!

Перизат Музуратбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
katerina.li
2020-02-17 13:41:28
Башка онору бийби ошондо??? Жигитке бий сий онор деле эмес деп ойлойм
+6
№ 902, 13-19-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан