Учурда буттун грибок оорусу менен жабыркагандар көп. Буга негизинен ички жана тышкы миграция агымынын өсүшү, адамдардын убагында дарылана албай жаткандары себепкер. Денеге жуккан грибокту чыгаруу кыйын, өзгөчө “отурукташып” калгандарын. Анткени алар бат көбөйүшөт жана топтошуп жашашат. Грибок адамга кайдан жугат жана зыяны эмнеде? Дарылоо жолдору кандай? Бул тууралуу Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын дерматовенерология кафедрасынын доценти, медицина илимдеринин кандидаты Мейкин Усубалиев айтып берет.
ДАРТТЫ ГРИБОК СЫМАЛДАР КОЗГОЙТ
Адам денесинде мителик кылып жашай турган козу карын сымалдардын түрлөрү көп. Алар пайда кылган дарт жалпысынан микоз деп аталат жана бир нече түрү бар. Мисалы, бут кетменин, анын ичинде таманды жабыркаткан дарт – дерматомикоз, ал эми буттун тырмактарын жабыркаткан дарт – онихомикоз делет. Аталган 2 дартка ымыркайлардан тартып чоң адамдар да чалдыгат. Таман жана тырмактагы грибоктор андагы кератин белогу менен азыктанып, споралары менен көбөйүшөт. Өсүп, көбөйүшү үчүн аларга нымдуулук, жылуулук керек. Ошондуктан кечке бут кийимин чечпей жүрө берген, тар бут кийим кийген, бутун убагында жууп, тазалабаган, терчил адамдарда, нымдуу жерде иштегендерде, анан спортчуларда грибок оорусу көп учурайт.
Грибоктордун споралары кайсы жерге жабышса, ошол жерде жайгашып, көбөйүп отуруп, акырында колонияны түзүп калышат. Тырмактагы грибоктор аны чекесинен кемирүү менен түзүлүшүн бузат. Кээде буттун грибогу менен үй-бүлө мүчөлөрү бүт ооруган учурлар кездешет. Буга биринин бут кийимин бири кие берүүсү себеп.
Иммунитети төмөндөр, кант диабети, рак жана ВИЧ/Спид дарты барларда грибок дартына учуроо коркунучу чоң.
ГРИБОК КАЙДАН ЖУГАТ?
Бассейн
Душ
Мончо
Башка бирөөнүн бут кийими, байпагы, сүлгүсү, дене жышкычы
Спорт зал, фитнес клуб
Нымдуу, жылуу өлкөгө саякаттоодо
ТАМАНГА ГРИБОКТУН ЖУККАНДАГЫ БЕЛГИЛЕРИ:
Тамандын терисинин түлөшү же калыңдашы, кээде кызарышы, кычышуусу
Жагымсыз жыт. Анткени грибокторго бактериялар кошулганда жагымсыз жыт пайда болот
Теридеги майда жарылуулар
Басканда оорутуу
Ичинде суюктук толгон ыйлаакчалардын пайда болушу
ТЫРМАККА ГРИБОКТУН ЖУККАНДАГЫ БЕЛГИЛЕРИ:
Тырмактын өңү өзгөрөт. Тырмак жылмакай көрүнгөнү менен, түп жактары саргыч тартат. Калыңдайт, жол-жол сызыкчалар түшөт жана катмарланат
Үбөлөнүп түшө баштайт
Тырмактын формасы өзгөрөт. Өмпөк-дөмпөк болуп, сына баштайт
Дарылоодо спрей, кремдер колдонулат
Грибокту дарылоо ыкмалары көп. Дарылоо тамандын канча пайызы же тырмактын канчасы жабыркаганына жараша жүргүзүлөт. Жаңы башталгандарын аз убакытта айыктырууга болот. Өтүшүп кеткендерин айыктыруу үчүн бир нече аптадан бир нече айга чейин убакыт талап кылынат жана бир топ каражат кетет. Мисалы, таманга грибок жугуп, оору жаңы башталганда дары май, крем, спрейди колдонуп бат айыктырууга мүмкүн. Мисалы, тербинафин, гидрокартизон, итраконазол, клотримазолду колдонуу.
Эгер 1 тырмактын 40 пайыздайы грибокко учураса, анда атайын суюк дарылар тырмакка тамызылат. Кокус бир нече тырмак жабыркаган болсо бир нече дары түрү колдонулат.
Тырмак, таман да дартка чалдыккан учурда дары май сүйкөлүп, дары ичилет. Грибок тырмактардын көбүнө жайылган учурлар болот. Андайда дары-дармектен тышкары тырмактарга грибокко каршы чыгарылган лак коюлат.
Бут кызарып, шишип, жарылып, ыйлаакча пайда болгон кезде дарылардан тышкары дары ваннасы же муздак компресс сунушталат. Дары ваннасынын эң оңой ыкмасы калий перманганатына (марганцовка) аш содасын кошуп жасоо. Муздак компресс үчүн антисептикалык суюк каражатка 5-6 катталган дакини нымдап алып, бутка жабуу керектелет.
Акыркы кездерде лазердик дарылоо ыкмасы да колдонулууда.
Грибок дартына бактериялар кошулуп кеткенде антибиотик да ичилет.
Кокус дарылоо толук бүтпөй таманда, тырмакта саналуу грибок калып калса, анда алар көбөйүп, дарылоо башынан кайталанат. Андыктан аягына чейин толук дарылануу кажет.
ДАРТТЫ ЖУГУЗУП АЛБОО ЖОЛДОРУ
Башканын бут кийимин кийбөө, сүлгүсүн колдонбоо
Конькини ижарага алууга туура келсе, үйгө барганда бутту жууп, таманга грибокко каршы спрейди чачуу
Кийип жүргөн бут кийимди убак-убагы менен формалин эритмеси жана 40 пайыздуу уксус же хлоргексидин менен дезинфекциялоо
Грибокко чалдыккан адамдын өзүнүн тырмак алган кайчысы, тырмак өгөөсү болушу, аларды башкалар колдонбошу шарт
Үйдө маникюр үчүн шайманды спирт менен дезинфекциялоо сунушталат. Спирттен грибоктор 2 саат аралыгында өлөт
Бут кийимди убак-убагы менен жууп, күн тийген жерге кургатуу да жакшы
Үйдө грибок оорусу менен жабыркаган адам бар болсо, анда калган үй-бүлө мүчөлөрү да текшерилүүдөн өтүшү керек. Анткени грибок жугуштуу дарт
Спорт залдагы шаймандарды кармоодон мурда аны аарчып-тазалоо
Мончого барганда чылапчынды хлор менен жуу
Мейманканада килем үстүндө жылаңаяк баспоо
Мончо, душка түшкөндө, саунага барганда резина бут кийим кийүү
Дүкөндө же базарда бут кийимди жылаңаяк кийип көрбөө
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg