ЫСЫК-КӨЛДӨ КЫШТАГАН ФЛАМИНГОЛОР

Экзотикалык канаттуу болгон фламинго Ысык-Көл жээгинде кыштай турганы акыркы жылдары маалым болууда. Ушундан улам фламинголор кыштоо үчүн эмнеге Ысык-Көлдү тандап алышат жана кайдан учуп келишет деп кызыгып көрдүк.

Аскар Давлетбаков, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын биология жана топурак таануу институтунун омурткалуу жаныбарлар зоологиясы лабораториясынын жетекчиси, зоолог:

– Маалыматтарда кадимки фламинголор биздин Ысык-Көлгө 1960-жылдарга чейин учуп келип кышташкандары, кийин браконьерлердин айынан келбей калгандыктары айтылат. Орнитологдор алар Казакстандан (Каспий деңизинин жээктеринен) абдан көп санда болбосо да учуп келе тургандыгын белгилешкен. Кыргызстанга кайрадан акыркы 5-6 жылда кыштоо үчүн келип жатышат. Абдан көп эмес, саны 5-12ни түзөт. Браконьерлер, кызыгып көргөнү келген элдер чочутпаса алардын саны жыл сайын өсүшү мүмкүн. Алардын көл жээгинде кыштоосу үчүн көлдүн жаратылыш шарты ыңгайлуу жана тамагы да бар.

Казакстанда фламинголор Каспий деңиз жээктеринен тышкары Костанай облусунун шордуу жерлерин, Атырау облусунун нефть чыккан аймактарын байырлайт.

Кадимки фламинго келгин канаттуу. Чоңдорунун ургаачы-эркегинин да канат жүнү күлгүн түстө. Ошондуктан күлгүн фламинго деп да аталат. Бирок жаштарынын канат жүнү негизинен киргилт боз (серый) келип, күлгүн түс болор-болбос гана билинет. Алардын канат жүнү чоңдордун катарына кошулганда, башкача айтканда, 3 жыл дегенде гана күлгүн түскө өтөт. Денесинин жалпы узундугу – 130, ал эми канаты – 31-35 сантиметр, салмагы – 3-4 килограмм. Ар бутунда 4төн манжа болот. Фламинголор туздуу көлдөрдү, деңиз булуңдарын, өзөндүн көлгө же деңизге куйган баткактуу жерлерин мекендешет. Ошондой эле түбү балырлуу тайыз суулардан, курорттук зонадагы көлмөлөрдөн тамагын таап жешет. Негизги тамагы – бөйөн сымалдар түркүмүнө кирген артемия. Алардын организминде каротиноид аттуу зат бар. Ошондуктан артемияны жеген фламинголордун өңү ошол заттын арты менен күлгүн түстө. Эгер фламинголор аларды жебей же өтө аз жеп калышса, өңдөрү агыш боз болуп калат.

Фламинголор колония болуп (50-30 000 жупка чейин) уялашат. Уяларын конус сымал кылып баткак, ылайдан бийиктиги 60 сантиметрдей кылып тургузушат. Бирок кээде кумдун үстүнө эле жумурткалай беришет. 2-3төн, айрым учурда 1ден жумуртка туушат.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 902, 13-19-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан